Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 31-майындагы N 114 Конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 7-июлу № 139
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 531-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
20-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эсептөө палатасынын аудиторлорунун бүткүл курамы бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат жана бошотулат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |