Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2008-жылдын 7-июлу № 140
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
2008-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ве-
домосттору, 1996-ж., № 7, 104-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана
өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статьянын 2-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын граждандары, Кыр-
гыз Республикасынын юридикалык жактары жана администрациялык-аймактык
бирдиктери," деген сөздөр менен башталып андан ары текст боюнча кетсин.
2. 9-статьяда:
1-бөлүктө:
- экинчи абзацтагы "Жогорку Кењешинин депутаттары" деген сөздөр
"Жогорку Кењешинин комитеттери жана фракциялары" деген сөздөр менен ал-
маштырылсын;
- бешинчи абзацтагы "Бишкек шаарынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу
органы" деген сөздөр "Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өзүн-өзү
башкаруу органдары, жергиликтүү кењештер," деген сөздөр менен алмашты-
рылсын;
2-бөлүк "Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарын жана админист-
рациялык-аймактык бирдиктерин," деген сөздөр менен башталып андан ары
текст боюнча кетсин.
3. 12-статья "көрсөткөндүгү үчүн" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой
эле өндүрүш тармактарында жана социалдык-маданий чөйрөдө көрүнүктүү эм-
гек сињиргендиги, жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн" деген сөздөр
менен толукталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркинтоо" гезитинде 2008-жылдын 22-июлунда N 53 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев