КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ
Бишкек шаары
2008-жылдын 18-июлу № 151
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Мамлекеттик тилде баяндалган Кыргыз
Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине
толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү
1-берене.
Мамлекеттик тилде баяндалган Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза
кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,
1998-ж., N 7, 229-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр кирги-
зилсин:
1. 105-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "айыпка" деген
сөздөн кийин "же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына," деген
сөздөр менен толукталсын.
2. 115-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацында "же үч жылга чейинки мөөнөткө" деген
сөздөрдөн кийин "эркинен ажыратуу менен" деген сөздөр менен толуктал-
сын; "алектенүү укугунан ажыратууга" деген сөздөр "алектенүүгө тыюу са-
лууга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-бөлүктүн экинчи абзацында "же беш жылга чейинки мөөнөткө" деген
сөздөрдөн кийин "эркинен ажыратуу менен" деген сөздөр менен толуктал-
сын; "ээлөө" деген сөз "ээлөөгө" деген сөзгө алмаштырылсын.
3. 116-статьянын 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "беш жылга чейинки
мөөнөткө" деген сөздөрдөн кийин "эркинен ажыратуу менен" деген сөздөр
менен толукталсын; "ээлөө" деген сөз "ээлөөгө" деген сөзгө алмаштырыл-
сын; "алектенүү укугунан ажыратууга" деген сөздөр "алектенүүгө тыюу са-
лууга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4. 171-статьянын 2-бөлүгүнүн 2-пунктчасындагы экинчи абзацта
"жүздөн" деген сөз "үч эселенген айыпка же жүздөн" деген сөздөр менен
алмаштырылсын.
2-берене.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркинтоо" гезитинде 2008-жылдын 22-июлунда N 53 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев