Бишкек шаары2008-жылдын 18-июлу № 152 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу 2008-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КыргызРеспубликасынын
Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку КењешининЖарчысы, 1997-жыл, № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо-лор киргизилсин: 1. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "9-статья. Пенсия алуу үчүн зарыл курак жана стаж 1. Курагы боюнча пенсияга 63 жашка толгон эркектер, 58 жашка тол-гон аялдар укуктуу. Жалпы негиздерде курагы боюнча толук пенсия дайындоо үчүн эсептиккамсыздандыруу иш стажы: эркектер үчүн - 25 жылды, аялдар үчүн - 20жылды түзөт. Толук эсептик камсыздандыруу иш стажы жок адамдарга пенсия ушулМыйзамдын 10-беренесине ылайык дайындалат. 2. Курагы боюнча пенсияга, акыркы иштеген ордуна көзкарандысызтүрдө, жењилдик берилүүчү шарттарда төмөнкү кызматкерлер укуктуу: а) жер астындагы жумуштарда, эмгек шарттары өзгөчө зыяндуу жанаөзгөчө оор болгон жумуштарда толук жумуш күнүндө иштегендер - КыргызРеспубликасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү, жењилдетилген шарттардакурагы боюнча (карылыгы боюнча) пенсияга чыгууга укук берүүчү, жер ал-дындагы жумуштарга, эмгек шарттары өзгөчө зыяндуу жана өзгөчө оор бол-гон жумуштарга тиешелүү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызматорундарынын жана көрсөткүчтөрдүн
№ 1 Тизмеси боюнча (мындан ары - N 1Тизме): эркектер - 53 жашка толгон жана жалпы камсыздандыруу иш стажы ке-минде 20 жыл болгон, анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажынынкеминде жарымын көрсөтүлгөн жумуштарда иштегендер; аялдар - 48 жашка толгон жана жалпы камсыздандыруу иш стажы 15 жылболгон, анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажынын кеминде жа-рымын көрсөтүлгөн жумуштарда иштегендер. Иш стажы
№ 1 Тизме боюнча талап кылынуучу камсыздандыруу стажынынтењинен аз болгондо ушул берененин 1-пунктунда каралган жаш кураккөрсөтүлгөн иштин ар бир толук жылы үчүн бир жылга кыскартылат.
№ 1 Тизме боюнча пенсия дайындоо жана төлөп берүү социалдык кам-сыздандыруу каражаттарынын эсебинен Социалдык фонддун бөлүмдөрү тарабы-нан жүргүзүлөт; б) эмгек шарттары зыяндуу жана оор болгон башка жумуштарда толукжумуш күнүндө иштегендер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бе-китилүүчү, жењилдетилген шарттарда жаш курагы боюнча (карылыгы боюнча)пенсияга чыгууга укук берүүчү, эмгек шарттары өзгөчө зыяндуу жанаөзгөчө оор болгон өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызмат орун-дарынын жана көрсөткүчтөрдүн
№ 2 Тизмеси (мындан ары -
№ 2 Тизме) боюн-ча: эркектер - 58 жашка толгон жана жалпы камсыздандыруу иш стажы ке-минде 25 жыл болгон, анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажынынкеминде жарымын көрсөтүлгөн жумуштарда иштегендер; аялдар - 53 жашка толгон жана жалпы камсыздандыруу иш стажы кемин-де 20 жыл болгон, анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажынынкеминде жарымын көрсөтүлгөн жумуштарда иштегендер; текстиль өндүрүштөрүнүн станоктордо жана машиналарда иштеген аялкызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчүөндүрүштөрдүн жана кесиптердин тизмеси боюнча, - 53 жашка толгондо жанакөрсөтүлгөн жумуштардагы камсыздандыруу стажы кеминде 20 жыл болгондо.
№ 2 Тизме боюнча жана текстиль өндүрүштөрүнүн аял кызматкерлеринепенсия дайындоо жана төлөө иши жењилдиктүү иш стажынын көпчүлүк бөлүгүништеп кеткен жердеги жумуш берүүчү тарабынан жана ушул берененин1-пунктуна ылайык, кызматкер жалпыга белгиленген пенсиялык куракка жет-кенге чейин жумуш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Ишкана жоюлган, кайра уюштурулган учурда
№ 2 Тизме боюнча зарылболгон иш стажын иштеген адамдарга жана текстиль өндүрүштөрүнүн аялкызматкерлерине пенсия төлөө, ал пенсияны төлөөгө арналган каражаттаркапиталдаштырылган жана өткөрүлүп берилген шартта Социалдык фонддун ор-гандары тарабынан жүргүзүлөт. 3. Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча жумуш-тарга калк көчүрүлүп чыгарылган аймакта катышкан же болбосо ошол мез-гилде Чернобыль АЭСин иштетүүдө же андагы башка жумуштарда иштегенадамдар (анын ичинде убактылуу жиберилген же иш сапарына жөнөтүлгөн),ошондой эле, жайгаштырылган жерине жана аткарган ишине көз карандысызтүрдө, ошол мезгилде атайын аскердик жыйындарга чакырылган жана аталганавариянын кесепеттерин жоюуга байланышкан жумуштарды аткарууга тартыл-ган аскер кызматчылары жана аскерге милдеттүүлөр, ошондой эле, ички иш-тер органдарынын, өрткө каршы мамлекеттик кызматтын калк көчүрүлүп чы-гарылган аймакта кызмат өтөгөн жетекчи жана катардагы курамындагы адам-дар курагы боюнча пенсияга чыгууга укуктуу: а) 1986-1987-жылдардагы катышуучулар: эркектер - 53 жашка толгон жана калк көчүрүлүп чыгарылган аймакта-гы жумуш иштөөсүнүн узактыгына көз карандысыз түрдө камсыздандыруу ста-жы 20 жыл болгондор; аялдар - 48 жашка толгон жана калк көчүрүлүп чыгарылган аймактагыжумуш иштөөсүнүн узактыгына көз карандысыз түрдө камсыздандыруу иш ста-жы 15 жыл болгондор; б) 1988-1989-жылдардагы катышуучулар: эркектер - 58 жашка толгон жана калк көчүрүлүп чыгарылган аймакта-гы жумуш иштөөсүнүн узактыгына көз карандысыз түрдө камсыздандыруу ишстажы 25 жыл болгондор; аялдар - 53 жашка толгон жана калк көчүрүлүп чыгарылган аймактагыжумуш иштөөсүнүн узактыгына көз карандысыз түрдө камсыздандыруу иш ста-жы 20 жыл болгондор. 4. Гипофиздик нанизм дартына чалдыккан адамдарга (лилипуттарга)жана диспропорциялуу эргежээлдерге курагы боюнча пенсия мындайча белги-ленет: эркектерге - 45 жашка толгон жана 20 жыл камсыздандыруу иш стажыболгондорго; аялдарга - 40 жашка толгон жана 15 жыл камсыздандыруу иш стажыболгондорго. 5. Бийик тоо шартында жашаган жана иштеген адамдарга (Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењеши тарабынан бекитилүүчү бийик тоо шартындажайгашкан калктуу конуштардын Тизмегине ылайык) курагы боюнча пенсиятөмөнкүдөй учурларда белгиленет: а) 55 жашка толгон эркектерге, 50 жашка толгон аялдарга, эгердеалар бийик тоо шартында кеминде 20 календардык жыл иштесе жана жалпыкамсыздандыруу иш стажы тийиштүү түрдө 25 жана 20 жыл болсо; б) үч жана андан ашык бала төрөгөн жана аларды сегиз жашка чейинтарбиялап чоњойткон аялдарга - алар 45 жашка толгондо жана алардын 20жыл камсыздандыруу иш стажы болгондо, эгерде алар бийик тоо шартындакеминде 15 календардык жыл иштесе. Ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдардын пенсияга мөөнөтүнөн мурда,жалпыга белгиленген пенсия курагына жеткенге чейин чыгуусуна байланыш-кан чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат. 6. Алыскы жана барууга кыйын аймактарда жашаган жана иштеген адам-дарга (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан бекитилүүчүалыскы жана барууга кыйын аймактарда жайгашкан калктуу конуштардын Тиз-месине ылайык) курагы боюнча пенсия 60 жашка толгон эркектерге, 55 жаш-ка толгон аялдарга белгиленет, эгерде алар алыскы жана барууга кыйынаймактарда кеминде тиешелүү түрдө 25 жана 20 календардык жыл иштесе. Ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдардын пенсияга мөөнөтүнөн мурда,жалпыга белгиленген пенсия курагына жеткенге чейин чыгуусуна байланыш-кан чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат. 7. Беш жана андан көп бала төрөгөн жана аларды сегиз жашка чейинтарбиялап чоњойткон аялдар 53 жашка толгондо жана 15 жыл камсыздандырууиш стажы болгондо курагы боюнча пенсияга чыгууга укуктуу. Төрөлгөндөн тубаса майып балдары бар, аларды сегиз жашка чейинтарбиялап чоњойткон аялдар 53 жашка толгондо жана камсыздандыруу ишстажы 20 жыл болгондо курагы боюнча пенсияга чыгууга укуктуу. Ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдардын пенсияга мөөнөтүнөн мурда,жалпыга белгиленген пенсия курагына жеткенге чейин чыгуусуна байланыш-кан чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат. 8. Ишканаларды, мекемелерди жана уюмдарды кайра уюштуруудан, жоюу-дан улам, алардын штатынын санын кыскартуу боюнча иш-чараларды жүзөгөашыруудан улам жумуштан бошотулуп калган кызматкерлер пенсияга чыгуугаукуктуу: эркектер - камсыздандыруу иш стажы 25 жыл болгон, жумуштан бошо-тулган күнгө карата 61 жашка толгондор; аялдар - камсыздандыруу иш стажы 20 жыл болгон, жумуштан бошотул-ган күнгө карата 56 жашка толгондор. Бул пенсияларды дайындоо пенсияга чыгуунун жалпыга белгиленген ку-рагына жеткенге чейин жумуш берүүчү тарабынан пенсия үчүн Социалдыкфондго каражат чегерилген шартта жүргүзүлөт.". 2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-берене менен толукталсын: "9-1-статья. Курагы боюнча мөөнөтүнөн мурда пенсия 1. 9-статьянын 1-пунктунда каралган пенсия чектөө үчүн талап кы-лынган стажга караганда дагы 15 жылдан ашык камсыздандыруу иш стажы барадамдар мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууга укуктуу: эркектер - 60 жаш-тан, аялдар - 55 жаштан. Пенсия чектөө үчүн талап кылынган стажга караганда дагы 10 жылданашык камсыздандыруу иш стажы бар, анын ичинде кеминде жарымы 9-стать-янын 2-пунктунун "а-" пунктчасында, 3-пунктунун "а" пунктчасында карал-ган жењилдик шарттарга туура келген адамдар курагы боюнча мөөнөтүнөнмурда пенсияга чыгууга укуктуу: эркектер - 50 жаштан, аялдар - 45 жаш-тан. Пенсия чектөө үчүн талап кылынган стажга караганда дагы 10 жылданашык камсыздандыруу иш стажы бар, анын ичинде кеминде жарымы 9-стать-янын 2-пунктунун "б" пунктчасында, 3-пунктунун "б" пунктчасында жана7-пунктунда каралган жењилдик шарттарга туура келген адамдар мөөнөтүнөнмурда пенсияга чыгууга укуктуу: эркектер - 55 жаштан, аялдар - 50 жаш-тан. 2. 9-статьянын 1-пунктунда каралган пенсия чектөө үчүн талап кы-лынган стаждан дагы 10 жылдан ашкан камсыздандыруу иш стажы бар адамдаркурагы боюнча пенсияга чыгууга укуктуу, бирок жалпыга белгиленген пен-сияга чыгуу курагына жеткенге чейин үч жылдан эрте эмес. Пенсия чектөө үчүн талап кылынган стаждан дагы 5 жылдан ашык кам-сыздандыруу иш стажы бар, анын ичинде кеминде жарымы 9-статьянын 2-,3- жана 7-пункттарында каралган жењилдетилген шарттарга туура келгенадамдар мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууга укуктуу, бирок жењилдетилгеншарттарда пенсияга чыгуу курагына жеткенге чейин үч жылдан эрте эмес. Ушул пунктта каралган, курагы боюнча мөөнөтүнөн мурда пенсия ушулМыйзамдын 22-статьясында белгиленген тартипте, ошол адамдын пенсиягачыгуусуна укук берген курагына чейин жетпеген ар бир ай үчүн пенсиянынөлчөмүн 1,5 пайызга азайтуу менен, тиешелүү негиздер боюнча эсептелипчыгарылат. Пенсияларды дайындалган өлчөмдөрдө төлөп берүү тийиштүү негиздербоюнча каралган пенсияга чыгуу курагына жеткенге чейин жүргүзүлөт. Мөөнөтүнөн мурда пенсия дайындалган адам тийиштүү негиздер боюнчакаралган пенсияга чыгуу курагына жеткенде анын пенсиясынын өлчөмү ушулМыйзамдын 22-статьясына ылайык, мөөнөтүнөн мурда пенсияга төлөнгөн сум-ма толук төлөнүп бүткөнгө чейин азайтылуу менен кайра каралат. Сумманыжоюу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.". 3. 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "12-статья. Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсиялар 1. Эмгектин өзгөчө шарттарына байланыштуу курагы боюнча пенсиягатөмөнкүлөр укуктуу: а) учуу жана учуу-сыноо курамынын ушул кызматтарда иштөө узактыгытөмөндөгүдөй кызматкерлер: эркектер үчүн - аталган мөөнөт 25 жылдан кем болбосо, аялдар үчүн- 20 жылдан кем болбосо, муну аныктоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү та-рабынан бекитилүүчү, учуу, учуу-сыноо, инженердик-техникалык курамдынкызмат орундарынын жана аба кыймылын башкаруу жагындагы жумушу анын иш-теген жылдары үчүн пенсия дайындоого укук берүүчү кызматкерлердин Тиз-мегине жана учуу, учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине пенсияларды дай-ындоо үчүн иштеген жылдарынын мөөнөтүн эсептөөнүн Тартибине ылайык жү-зөгө ашырылат; б) абада учуу кыймылын башкарууну жүзөгө ашырган жана диспетчердинкүбөлүгү бар кызматкерлер: эркектер - 58 жашка толгон жана жалпы иш стажы кеминде 25 жыл,анын ичинде камсыздандыруу иш стажынын кеминде жарымы аба кемелерининучууларын тикелей башкарууга туура келгендер; аялдар - 53 жашка толгон жана жалпы иш стажы кеминде 20 жыл, аныничинде камсыздандыруу иш стажынын кеминде жарымы аба кемелеринин учуу-ларын тикелей башкарууга туура келгендер; в) жарандык авиациянын инженердик-техникалык курамынын кызматкер-лери, - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү, учуу,учуу-сыноо, инженердик-техникалык курамдын кызмат орундарынын жана абакыймылын башкаруу жагындагы жумушу анын иштеген жылдары үчүн пенсия да-йындоого укук берүүчү кызматкерлердин Тизмегине жана учуу, учуу-сыноокурамынын кызматкерлерине пенсияларды дайындоо үчүн иштеген жылдарынынмөөнөтүн эсептөөнүн Тартибине ылайык: эркектер - 58 жашка толгон жана жалпы иш стажы кеминде 25 жыл,анын кеминде 20 жылы көрсөтүлгөн кызмат орундарына туура келгендер; аялдар - 53 жашка толгон жана жалпы иш стажы кеминде 20 жыл, аныничинде кеминде 15 жылы көрсөтүлгөн кызмат орундарына туура келгендер; г) театрлардын жана башка театралдык оюн-зоок ишканалары менен жа-мааттардын артистери, - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан беки-тилүүчү, театрлардын жана башка театралдык оюн-зоок ишканалардын жанажамааттардын эмгектин өзгөчө шарты үчүн пенсияга чыгууга укуктуу ар-тисттеринин айрым категорияларынын Тизмегине ылайык пенсия алууга укукберген чыгармачылык иштер боюнча 20 жыл стажы болсо. 2. Ушул статьянын 1-пунктунда саналып кеткен кызматкерлерге пенси-яларды дайындоо жана төлөп берүү алар жалпыга белгиленген пенсияга чы-гуу курагына чыкканга чейин, иштеген жењилдик стажына пропорцианалдуутүрдө жумуш берүүчү тарабынан анын өз каражаттарынын эсебинен жүзөгөашырылат. Мыйзамдарга ылайык ишканалар жоюлган, кайра түзүлгөн учурларда эм-гектин өзгөчө шарттары үчүн пенсияга укуктуу адамдарга пенсия төлөө Со-циалдык фонддун органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык жүргүзүлөт.". 4. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-статья менен толукталсын: "12-1-статья. Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн мөөнөтүнөн мурда пенсия 1. Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсия дайындоо үчүн талап кылын-ган иш стажынан дагы 10 жылдан ашык камсыздандыруу иш стажы бар, аныничинде кеминде жарымынан көбү 12-статьянын "б" жана "в" пункттарындакаралган жењилдетилген шарттарга туура келген адамдар мөөнөтүнөн мурдапенсияга чыгууга укуктуу: эркектер - 55 жаштан, аялдар - 50 жаштан. 2. Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсия дайындоо үчүн талап кылын-ган иш стажынан дагы 5 жылдан ашык камсыздандыруу иш стажы бар, аныничинде кеминде жарымынан көбү 12-статьянын "б" жана "в" пункттарындакаралган жењилдетилген шарттарга туура келген адамдар мөөнөтүнөн мурдапенсияга чыгууга укуктуу, бирок жењилдетилген шарттарда пенсияга чыгуукурагына жеткенге чейин үч жылдан эрте эмес. Ушул пунктта каралган, эмгектин өзгөчө шарттары үчүн мөөнөтүнөнмурда пенсиянын көлөмү ушул Мыйзамдын 22-статьясында белгиленген тар-типте, ошол адамдын пенсияга чыгуусуна укук берген курагына чейин жет-пеген ар бир ай үчүн пенсиянын өлчөмүн 1,5 пайызга азайтуу менен, тие-шелүү негиздер боюнча эсептелип чыгарылат. Пенсияларды дайындалган өлчөмдөрдө төлөп берүү тийиштүү негиздербоюнча каралган пенсияга чыгуу курагына жеткенге чейин жүргүзүлөт. Мөөнөтүнөн мурда пенсия дайындалган адам тийиштүү негиздер боюнчакаралган пенсияга чыгуу курагына жеткенде анын пенсиясынын өлчөмү ушулМыйзамдын 22-статьясына ылайык, мөөнөтүнөн мурда пенсияга төлөнгөн сум-ма толук төлөнүп бүткөнгө чейин азайтылуу менен кайра каралат. Сумманыжоюу тартиби мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнчаУлуттук кењештин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынананыкталат. 3. Ушул статьянын 1- жана 2-пункттарында саналган кызматкерлергепенсияларды дайындоо жана төлөп берүү иштелген жењилдик стажына пропор-цианалдуу түрдө иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашыры-лат.". 5. 33-1-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац ме-нен толукталсын: "2006-2007-жылдары дайындалган пенсиялар үчүн 2008-жылы.". 2-берене. Ушул Мыйзам, анын 1-беренесинин 2- жана 4-пункттарын кошпогондо,кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Мыйзамдын 1-беренесинин 2-жана 4-пункттары 2008-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик актыларын ушул Мый-замга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев