Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 203 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары,Өкмөт Үйү 2008-жылдын 18-июлу № 155
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу
2008-жылдын 6-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 2002-ж, № 10,437-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-статьянын 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын)экиден ашпаган орун басарлары болот. Орунбасарларды Омбудсмендин (Акыйкатчынын) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши шайлайт жана кызматтан бошотот .".
2-берене. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
|