Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 31-майындагы N 114 Конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2008-жылдын 21-июлу № 163
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
2008-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы,
2004-ж., № 12, 531-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 16-статьянын 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндал-
сын:
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы 5 жылдык
мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу боюнча Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењеши тарабынан шайланат.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын кызмат ор-
дуна талапкер ал Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын
милдетин аткаруучу болуп дайындалган күндөн тартып 10 жумушчу күндөн
кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешине киргизилет.".
2. 19-статьяда:
5-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эсептөө палатасынын төрагасы ыйгарым укугунун мөөнөтү аяктаганга
чейин ээлеген кызматынан төмөнкүдөй негиздер боюнча бошотулушу
мүмкүн:";
6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Эсептөө палатасынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Президен-
тинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан ээ-
леген кызматынан бошотулат.";
7-пункттагы "дайындалган" деген сөз "шайланган" деген сөз менен
алмаштырылсын.
3. 23-статьяда:
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Эсептөө палатасынын аудиторлорунун ыйгарым укуктарын токтотуу
же жањылатуу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүзөгө ашыры-
лат.";
5-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Эсептөө палатасынын аудитору ыйгарым укуктуу мөөнөтү бүткөнгө
чейин кызматынан төмөнкүдөй негиздер боюнча бошотулушу мүмкүн:"; .
6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Эсептөө палатасынын аудитору ээлеген кызматынан Кыргыз Респуб-
ликасынын Президентинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан бошотулат.";
7-пункттагы "дайындалган" деген сөз "шайланган" деген сөзгө алмаш-
тырылсын.
5. 41-статьядагы "Улуттук коопсуздук кызматы" деген сөздөр "Улут-
тук коопсуздук боюнча мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев