Бишкек ш, Өкмөт Үйү2008-жылдын 21-июлундагы №164 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2008-жылдын 8-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Тараз-Талас-Суусамыр автожолун реабилитациялоо долбоорун каржылоого катышуу боюнча 2003-жылдын 27-апрелиндеги кредиттик макулдашууга Толуктоону ратификациялоо жөнүндө 2008-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене.Бишкек шаарында 2008-жылдын 8-июнунда кол коюлган, КыргызРеспубликасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Тараз-Талас-Суусамыр автожолун реабилитациялоо долбоорун каржылоогокатышуу боюнча 2003-жылдын 27-апрелиндеги кредиттик
макулдашууга Толуктоо ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы ичтер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө белгиленген тартипте Ислам өнүктүрүү банкына билдирсин. 3-берене. Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев