Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 24-июлу № 165
2002-жылдын 21-февралындагы Министрлер Комитетинин RES(2002)3 резолюциясы менен кабыл алынган, укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиянын (Венеция комиссиясы) Уставына Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө
1-берене.
2002-жылдын 21-февралындагы Министрлер Комитетинин RES(2002)3 резолюциясы менен кабыл алынган, укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиянын (Венеция комиссиясы) Уставына Кыргыз Республикасы кошулсун.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиянын (Венеция комиссиясы) Секретариатына аталган Уставдын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам 2004-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |