Бишкек шаары2008-жылдын 28-июлу № 170 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу 1-берене. "Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө" Кыргыз Республикасы-нын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жарчысы, 2000-ж., № 7, 362-ст.)төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин: 5-статьянын 1-бөлүгүндөгү "Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Элөкүлдөр жыйынын депутаты" деген сөздөр "депутаты" деген сөзгө алмашты-рылсын. 2-берене. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев