Бишкек шаары2008-жылдын 28-июлу № 175 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2008-жылдын 20-июнунда кол коюлган "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" (N Н371-КG) долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө Макулдашуу жана "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" (N Н390-КG) долбоорун кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу 2008-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабыиан кабыл алынган 1-берене. Бишкек шаарында 2008-жылдын 20-июнунда кол коюлган "Айыл чарбалыкинвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" (N Н371-КG) долбоору боюнча Кыр-гыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагыкаржылоо жөнүндө Макулдашуу жана "Айыл чарбалык инвестициялар жана кыз-мат көрсөтүүлөр" (N Н390-КG) долбоорун кошумча каржылоо боюнча КыргызРеспубликасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы кар-жылоо жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аталган макулдашуулар-дын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболордуКыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык Өнүктүрүү Ассоци-ациясына билдирсин. 3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев