Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын
2012-жылдын 18-июнундагы № 85 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары2008-жылдын 20-марты № 37 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу 1-берене. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынынконституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жар-чысы, 2005-ж., № 12, 1009-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолоркиргизилсин: 1. 3-статьяда: сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган чектерде Пре-зиденттин жана Жогорку Кењештин алдында өз иштери үчүн жооптуу жана от-чет берет."; тогузунчу абзац алып салынсын. 2. 4-17-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4-статья. Өкмөттүн курамы Өкмөт Премьер-министрден, вице-премьер-министрлерден, министрлер-ден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турат. 5-статья. Премьер-министрдин кызматына талапкерди аныктоонун жана дайындоонун тартиби 1. Премьер-министрдин кызматына талапкер Кыргыз РеспубликасынынКонституциясында жана ушул статьяда белгиленген тартипте аныкталат жанадайындалат. Мында Президент ушул статьяда белгиленген талаптарга жооп берген,Премьер-министрдин кызматына белгиленген тартипте киргизилген талапкер-ди четке кагууга укуксуз. Жањы Премьер-министр дайындалган күндөн тартып иштеп жаткан Премь-ер-министр кызматынан бошотулат. 2. Премьер-министрликке 25тен жаш эмес жана 65 жаштан улуу эмес,ишке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны аныкталышы жана дайындалы-шы мүмкүн. Соттолгондугу бар Кыргыз Республикасынын жараны, ошондой эле башкамамлекеттин жарандыгында турган (кош жарандуулук) Кыргыз Республикасы-нын жараны Премьер-министр болушу мүмкүн эмес. 3. Премьер-министр депутат боло албайт, мамлекеттик, муниципалдыккызматта, мамлекеттик, муниципалдык, коомдук жана жеке менчик уюмдарда,мекемелерде, ишканаларда башка кызматтарды ээлей албайт. Премьер-министрге ушул конституциялык Мыйзамдын 18-статьясындаӨкмөт мүчөлөрү үчүн белгиленген башка чектөөлөр жайылтылат. 4. Премьер-министр өзү дайындалган күндөн тартып он төрт күндөнкечиктирбестен Премьер-министрдин кызматы менен айкалышпаган ыйгарымукуктарын жана милдеттерин өткөрүп берүүгө тийиш. Ушул талап бузулган учурда Премьер-министр кызматынан бошотулатжана анын милдетин аткаруу ушул конституциялык Мыйзамда каралган тар-типте жүктөлөт. 6-статья. Өкмөттүн түзүмү 1. Премьер-министр Өкмөттүн түзүмүн аныктайт жана өзү дайындалганкүндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде аны Жогорку Кењешке бекитүүгөкиргизет. Өкмөттүн түзүмү Жогорку Кењешке Премьер-министр тарабынан жазуужүзүндө Премьер-министрдин расмий бланкында киргизилет. Эгерде белгиленген мөөнөттүн ичинде Премьер-министр тарабынананыкталган Өкмөттүн түзүмү Жогорку Кењештин кароосуна бекитүүгө кирги-зилбесе, Премьер-министр кызматынан бошотулат, ал эми Өкмөттүн түзүмүКыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген тартипте дайындал-ган Премьер-министр тарабынан аныкталат. 2. Премьер-министр тарабынан киргизилген Өкмөттүн түзүмү ЖогоркуКењеш тарабынан беш жумушчу күндөн кечиктирилбестен бекитилет. Өкмөттүнтүзүмү аны талкуулоонун жана бекитүүнүн жүрүшүндө Премьер-министрдинмакулдугусуз өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. Өкмөттүн түзүмү беш жумушчу күндүн ичинде Жогорку Кењеш тарабынанбекитилбеген учурда, Президент Премьер-министрди кызматтан бошотот жанаошол эле убакта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 69-беренесиндеаныкталган тартипте башка саясий партиянын депутаттарына Премьер-ми-нистрдин кызматына дайындоо үчүн жањы талапкерди киргизүүнү тапшырат. Өкмөттүн түзүмү мыйзам менен бекитилет жана Президентке кол коюугажөнөтүлөт. 3. Өкмөттүн бекитилген түзүмү Өкмөттүн ишинин жүрүшүндөөзгөртүлүшү мүмкүн. Өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү жөнүндө сунуш Премьер-ми-нистр тарабынан демилгеленет жана Жогорку Кењеш тарабынан каралат жанамыйзам түрүндө бекитилет. 7-статья. Өкмөт мүчөлөрүн дайындоонун тартиби 1. Өкмөттүн түзүмүнө ылайык Премьер-министр Өкмөт мүчөлөрүнүн кыз-матына талапкерлерди аныктайт. Коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселелеринтейлеген Өкмөт мүчөлөрүн кошпогондо, Өкмөт мүчөлөрүнүн кызматына талап-керлер Өкмөттүн түзүмү бекитилген күндөн тартып беш жумушчу күндүничинде Президентке киргизилет. Премьер-министр ар бир талапкердин саясий партияга же фракциягатиешелүүлүгүн көрсөтүү менен, бекитилген түзүмгө ылайык Өкмөтмүчөлөрүнүн кызматтарына талапкерлердин тизмесин беш жумушчу күндүничинде киргизүүгө милдеттүү. Эгерде Премьер-министр Өкмөттүн түзүмүнө ылайык Өкмөт мүчөлөрүнүнкызматына талапкерлерди белгиленген мөөнөттүн ичинде Президентке кир-гизбесе, Президент Премьер-министрди кызматтан бошотот жана Кыргыз Рес-публикасынын Конституциясынын 69-беренесинде белгиленген тартипте,Премьер-министрдин кызматына дайындоо үчүн жањы талапкерди киргизүүнүбашка саясий партиянын депутаттарына тапшырат. 2. Президент талапкерлер көрсөтүлгөн күндөн тартып үч күндөн ке-чиктирбестен Өкмөт мүчөлөрүн, анын ичинде коргоо, улуттук коопсуздук,ички иштер, тышкы иштер маселелерин тейлеген Өкмөт мүчөлөрүн дайындайт. 3. Өкмөттүн коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштермаселелерин тейлеген мүчөлөрүн кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Конс-титуциясында жана ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда жанатартипте Өкмөт мүчөсү кызматынан бошогондо Премьер-министр Өкмөттүнмүчөсү боюнча сунушту Президентке бош орун пайда болгон күндөн тартыпбеш жумушчу күндүн ичинде киргизет. 8-статья. Премьер-министрдин жана Өкмөт мүчөлөрүнүн ант бериши 1. Өкмөтүнүн бүткүл курамы түзүлгөн күндөн тартып эки жумадан ке-чиктирбестен Премьер-министр жана Өкмөт мүчөлөрү төмөнкүдөй мазмундагыант беришет. "Мен , Кыргыз Республикасынын кызматына киришип жатып, өз элимдин,Президенттин жана Жогорку Кењештин алдында Кыргыз Республикасынын Конс-титуциясын жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого, өз ишмердигимде мыйзам-дуулуктун жана адилеттиктин принциптеринен тайбоого, Кыргызстандын эли-не ак ниет жана берилип кызмат кылууга, жогорку ишеним менен магажүктөлгөн Кыргыз Республикасынын милдетин ак ниет жана талыкпай аткару-уга ант беремин; берген антымды бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык жоопкерчилик тартам.". 2. Премьер-министрдин жана Өкмөт мүчөлөрүнүн антын Жогорку Кењеш-тин депутаттарынын катышуусунда Президент кабыл алат. 3. Бош орунга дайындалган Өкмөт мүчөсү дайындалган күндөн тартыпбеш күндөн кечиктирбестен ант берет. 9-статья. Өкмөттүн курамынын, Премьер-министрдин жана Өкмөт мүчөсүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 1. Өкмөтүнүн жањы курамынын ыйгарым укуктары ал түзүлгөн күндөнтартып башталат. 2. Өкмөттүн мурдагы курамынын ыйгарым укуктары Өкмөттүн жањы кура-мы түзүлгөн күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Конституциясында жанаушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте токтоту-лат. 3. Өкмөт же Премьер-министр отставкага кеткен учурда, Премьер-ми-нистр жана Өкмөт мүчөлөрү жањы Премьер-министр жана Өкмөт мүчөлөрү да-йындалганга чейин өз милдеттерин аткарууну уланта беришет. 4. Премьер-министр кызматынан төмөнкүдөй учурларда бошотулат: - өзүнүн өтүнүчү боюнча отставкага кеткенде; - ушул конституциялык Мыйзамдын 5-статьясынын 4-бөлүгүндө карал-ган, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзамдын 18-статьясында каралганчектөөлөрдү сактабаган учурларда; - Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же жарандыгын жо-готкондо, же башка мамлекеттин жарандыгын алганда; - ден соолугунун абалына байланыштуу медициналык корутундуга ыла-йык өз милдеттерин аткарышы мүмкүн болбой калганда; - соттук тартипте аны ишке жараксыз деп тааныганда; - аны дайынсыз жоголду же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечимимыйзамдуу күчүнө киргенде, ошондой эле ал каза болгондо; - ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде. 5. Өкмөт мүчөсү төмөнкү учурларда кызматынан бошотулат: - өзүнүн өтүнүчү боюнча отставкага кеткенде, же ага Конституциядакаралган тартипте ишеним көрсөтүлбөгөндө; - Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же жарандыгын жо-готкондо, же башка мамлекеттин жарандыгын алганда; - соттук тартипте аны ишке жараксыз деп тааныганда; - аны дайынсыз жоголду же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечимимыйзамдуу күчүнө киргенде, же ал каза болгондо; - ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде; - Өкмөттүн түзүмү өзгөргөндө; Өкмөт мүчөсү кызматынан ошондой эле өз демилгеси боюнча Президенттарабынан же Премьер-министрдин сунушу боюнча бошотулушу мүмкүн. 10-статья. Премьер-министрдин, Өкмөттүн, Өкмөт мүчөлөрүнүн отставкага кетиши Премьер-министр, Өкмөт же Өкмөттүн айрым мүчөсү отставкага кетүүжөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу, ал Президент тарабынан кабыл алынат жечетке кагылат. Премьер-министрдин отставкасынын кабыл алынышы Өкмөттүн, админист-рациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын же-текчилеринин отставкага кетүүлөрүнө алып келет. Өкмөттүн отставкасынын кабыл алынышы Өкмөттүн бүткүл курамынын,администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органда-рынын жетекчилеринин отставкага кетүүлөрүнө алып келет. III глава Өкмөттүн, Премьер-министрдин жана Өкмөт мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери, алардын иштеринин кепилдиктери 11-статья. Өкмөттүн ыйгарым укуктары 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген Президент-тин жана Жогорку Кењештин компетенциясына киргизилген ыйгарым укуктардыкошпогондо, Өкмөт мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин чечет. 2. Кыргыз Республикасынын Конституциясында, ушул конституциялыкМыйзамда аныкталган иштеринин негизги багыттарына жана принциптерине,ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатынын негизгибагыттарына ылайык Өкмөт төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат: 1) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынын жоболорунун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын,Кыргыз Республикасынын Президентинин ченемдик укуктук актыларынын, Жо-горку Кењештин токтомдорунун аткарылышын камсыз кылат; 2) мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсызкылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат; 3) Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатынын ишке ашырылы-шын, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралыккелишимдердин аткарылышын камсыз кылат; Кыргыз Республикасынын өкмөттөраралык келишимдерин (макулдашууларын) түзүү жөнүндө чечимдерди кабылалат; мындай келишимдерди узартат же жокко чыгарат; Кыргыз Республика-сынын аймактарынан тышкаркы жерлерде анын жарандарын коргойт; 4) бирдиктүү мамлекеттик укуктук саясатты ишке ашырат; мыйзамдардыөркүндөтүү боюнча чараларды көрөт; мыйзам долбоорлорун иштеп чыгат жанааларды Жогорку Кењештин кароосуна киргизет; 5) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарынын, Президенттин, Жогорку Кењештин жана Өкмөттүн че-немдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу үчүн КыргызРеспубликасынын бүткүл аймагында милдеттүү аткарылуучу токтомдорду жанатескемелерди чыгарат жана алардын аткарылышын камсыз кылат; 6) республикалык бюджетти иштеп чыгат жана Жогорку Кењештин кароо-суна жана бекитүүсүнө киргизет жана анын аткарылышын камсыз кылат; рес-публикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту Жогорку Кењештин кароо-суна жана бекитүүсүнө киргизет; 7) мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүнже анын киреше бөлүгүнүн азайышын караган мыйзам долбоорлорун каржылообулактарынын бар экендиги жөнүндө корутунду берет; 8) Өкмөттүн иш программасын жана башка экономикалык, социалдык,илимий-техникалык жана маданий өнүгүүнүн жалпы мамлекеттик программала-рын, ошондой эле коопсуздук, коргоо жана аскер реформасы жагындагы жал-пы мамлекеттик программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат; 9) бюджеттик-каржы, баа, тариф, инвестиция, тышкы экономикалык,салык жана бажы саясаттарын жүргүзүүнү камсыз кылат; 10) техникалык жөнгө салуу тармагында ыйгарым укуктарды жүзөгөашырат; экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүнүн программа-сын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүнкызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды көрөт; 11) атаандаштык саясатты ишке ашырат; 12) мамлекеттин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүктү коргоо, конс-титуциялык түзүлүштү коргоо боюнча чараларды, ошондой эле коргоожөндөмдүүлүгү, улуттук жана коомдук коопсуздук, укук тартиби боюнча ча-раларды ишке ашырууну камсыз кылат, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуу-лукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат; 13) маданият, спорт, илим, билим берүү, саламаттык сактоо, эмгек,калкты иш менен камсыз кылуу жана миграция, социалдык жактан камсыз кы-луу, жаратылышты коргоо, экологиялык коопсуздук жана жаратылышты пайда-лануу, жер ресурстарын башкаруу жана жер боюнча мамилелерди жөнгө салуучөйрөлөрүндө бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүүнү камсыз кылат; 14) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүүмамлекеттик администрациялардын иштерин жетектейт; 15) министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, адми-нистрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, жергиликтүү мамлекеттикадминистрациялардын башчыларынын, аткаруу бийлигинин башка органдарынынжетекчилеринин, ошондой эле жергиликтүү өзалдынча башкаруунун башчыла-рынын, аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары жагындагы отчетто-рун угат жана алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келгенактыларын жокко чыгарат; 16) менчиктин бардык түрлөрүнүн бирдей шарттарда өнүгүшүн жанаалардын корголушун камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат; 17) мамлекеттик менчик объекттерин башкаруу боюнча чаралардыкөрөт, мамлекеттик мүлктүн менчик ээсинин укуктарын ишке ашырат, мамле-кеттик ишканаларды жана уюмдарды уюштурат, Кыргыз Республикасынын мен-чигин мамлекеттен ажыратууну жана менчиктештирүүнү уюштурат; 18) жарандык коом менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат; 19) коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселеле-рин тейлеген мамлекеттик органдарды кошпогондо, министрликтердин, мам-лекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана башка ат-каруу бийлик органдарынын ишин жөнгө салуучу жоболорду бекитет; 20) коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселеле-рин тейлеген мамлекеттик органдарды кошпогондо, республикалык бюджеттинэсебинен күтүлчү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, админист-рациялык ведомстволордун жана башка аткаруу бийлик органдарынын башка-руу схемасын жана сандык чегин бекитет; 21) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын түзүмдөрүн жанаштатынын санын бекитет; 22) консультациялык-кењешүүчү органдарды уюштурат; өкмөттүк комис-сияларды түзөт; 23) адамдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары мененсыйлоого, жогорку аскердик наамдарды, дипломатиялык рангдарды, класстыкчендерди, ардак жана башка атайын наамдарды ыйгарууга көрсөтөт; 24) ар бир эркин экономикалык зона жөнүндө жобону жана алардынөнүгүү программаларын бекитет; 25) Өкмөттүн Ардак грамотасын жана башка өкмөттүк сыйлыктарды уюш-турат, алар менен сыйлоонун негиздерин жана тартибин аныктайт; 26) Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынынмыйзамдары, Президенттин жарлыктары менен өзүнүн карамагына берилгенбашка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. 12-статья. Премьер-министрдин ыйгарым укуктары 1. Өкмөттү Премьер-министр башкарат. 2. Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Конституциясына, КыргызРеспубликасынын конституциялык мыйзамдарына жана Президенттин жарлыкта-рына ылайык: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, Прези-денттин, Жогорку Кењештин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларынынаткаруу бийлигинин бардык органдары тарабынан аткарылышын камсыз кылат; 2) Кыргыз Республикасында жана анын аймагынан сырткары жерлердеӨкмөттүн атынан чыгат; 3) Өкмөттүн ишинин негизги багыттарын аныктайт; 4) биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин,министрлердин жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, администра-циялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчи-леринин жумуштарын багыттайт жана көзөмөлдөйт; 5) Кыргыз Республикасынын тышкы жана ички саясатынын негизги ба-гыттары боюнча Президенттин жана Өкмөттүн кароосуна сунуштарды кирги-зет; 6) Өкмөттүн коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштермаселелерин тейлеген мүчөлөрүн кошпогондо, Өкмөт мүчөсүнүн кызматынадайындоо үчүн талапкерлерди аныктайт жана Президентке киргизет; 7) коргоо жана улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселе-лерин тейлеген мамлекеттик органдар жөнүндө жоболорду, алардын башкаруусхемасын жана сандык чегин Президенттин бекитүүсүнө киргизет; 8) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын кызма-тына дайындоо үчүн талапкерлер боюнча Президентке кењеш берет; 9) Өкмөттүн түзүмүн аныктайт жана аны Жогорку Кењештин бекитүүсүнөкиргизет; 10) мамлекеттик бюджеттин эсебинен кармалуучу органдар үчүн кадр-ларды даярдоонун жана тандоонун, мамлекеттик органдарды каржылоонун жа-на мамлекеттик кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн бирдиктүү тутумун Пре-зиденттин бекитүүсүнө киргизет; 11) Өкмөттүн ишинин орто мөөнөттүк программасын жактыруу үчүн Жо-горку Кењешке сунуш кылат; 12) Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, ви-це-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт; 13) Өкмөттүн, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жумуштарынуюштурат; 14) Өкмөттүн жыйындарында төрагалык кылат; 15) Өкмөттүн токтомдоруна, буйруктарына, жыйындарынын протоколдо-руна, Премьер-министрдин буйруктарына кол коет, алардын аткарылышынкамсыз кылат; 16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптеөкмөттөр аралык жана башка эларалык келишимдерге жана макулдашууларгакол коет; 17) мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамда каралган тартипте минист-рликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомство-лордун статс-катчыларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот; 18) коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселеле-рин тейлеген министрлердин орун басарларын, мамлекеттик комитеттердинтөрагаларынын орун басарларын кошпогондо, министрлердин, мамлекеттиккомитеттердин төрагаларынын сунушу боюнча министрлердин орун басарларынжана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын орун басарларын кызматкадайындайт жана бошотот; 19) коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселеле-рин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин кошпогондо, админист-рациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетек-чилерин дайындоо жөнүндө Президентке сунуш киргизет; 20) коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселеле-рин тейлеген администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башкаоргандарынын жетекчилеринин орун басарларын кошпогондо, администрация-лык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери-нин сунуштары боюнча администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлиги-нин башка органдарынын жетекчилеринин орун басарларын дайындайт жанабошотот; 21) Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин кењешчиле-рин жана жардамчыларын, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басарларын,Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, Өкмөттүн Жо-горку Кењештеги, Кыргыз Республикасынын Конституциялык, Жогорку жанажергиликтүү сотторундагы туруктуу өкүлдөрүн жана алардын орун басарла-рын дайындайт жана бошотот; 22) министрлерди, мамлекеттик комитеттердин төрагаларын, админист-рациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардынжана Өкмөткө баш ийген аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчиле-рин, ошондой эле жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчыла-рын, аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы жагынансыйлоо чараларын колдонот; 23) төмөнкүлөргө карата тартиптик жаза чараларын колдонот: а) министрлерге жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларына, адми-нистрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин Өкмөткө баш ийгенбашка органдарынын жетекчилерине; Президент тарабынан дайындалган адам-дарды кызматтан бошотуу жөнүндө Президентке сунуштарды киргизет; б) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына; алардыкызматтан бошотуу жөнүндө Президентке сунуш киргизүү менен, аларды онбеш күндүк мөөнөткө чейин кызматынан убактылуу четтетет; в) аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жагындажергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчыларына; г) аткаруу бийлик органдарынын өзү кызматка дайындоочу жана бошо-туучу башка кызмат адамдарына, Өкмөткө түз баш ийген мамлекеттик ишка-налардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине; 24) белгиленген тартипте мамлекеттик ишканалардын, уюмдардын жанамекемелердин жетекчилерин, Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалыкаймактардын башкы директорлорун, алардын орун басарларын дайындайт жанабошотот; 25) Өкмөттүн Ардак грамотасы, ысымы жазылган курал жана башкаөкмөттүк сыйлыктар менен сыйлайт, адамдарды мамлекеттик сыйлыктарга,жогорку аскер наамдарына, дипломаттык рангдарга, класстык чендерге,Кыргыз Республикасынын ардактуу жана башка атайын наамдарына көрсөтөт; 26) ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башкаченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарга ээ болот. Премьер-министрдин чечимдери Премьер-министрдин тескемелеритүрүндө кабыл алынат. 13-статья. Премьер-министрдин милдеттерин аткаруу Премьер-министр жок учурда, ал өзүнүн милдеттерин аткара албаган-да, же ал кызматынан бошотулганда Премьер-министрдин милдеттерин бирин-чи вице-премьер-министр аткарат. 14-статья. Биринчи вице-премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин ыйгарым укуктары Биринчи вице-премьер-министр жана вице-премьер-министрлер өз ком-петенцияларынын чектеринде: 1) тийиштүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, админист-рациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын,аткаруу бийлигинин башка органдарынын, аларга берилген мамлекеттик ый-гарым укуктары боюнча жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын,Өкмөткө түз баш ийген ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана алар-дын бирикмелеринин иштерин координациялоону жүзөгө ашырышат; 2) өздөрүнө тапшырылган иш чөйрөсү үчүн Премьер-министрдин жанаӨкмөттүн алдында кертбашы менен жооп беришет; 3) добуш берүү укугу менен Өкмөттүн жыйындарына катышышат; 4) белгиленген тартипте милдеттүү түрдө аткарылуучу тапшырмалардыжана көрсөтмөлөрдү беришет; 5) Премьер-министрдин тапшыруусу боюнча анын айрым ыйгарым укукта-рын аткарышат; 6) ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башкаченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарга ээ болу-шат. 15-статья. Министрлердин жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын ыйгарым укуктары Министрлер жана мамлекеттик комитеттердин төрагалары өз компетен-цияларынын чектеринде: 1) тийиштүү чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана иш-ке ашырууну жүзөгө ашырышат; 2) өздөрүнө тапшырылган иш чөйрөсү үчүн кертбашы менен жооп бери-шет; 3) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, Прези-денттин актыларынын, Жогорку Кењештин токтомдорунун, Өкмөттүн токтомдо-рунун жана тескемелеринин негизинде жана аларды аткаруу үчүн өз компе-тенцияларынын чектеринде милдеттүү түрдө аткарылуучу буйруктарды жанатескемелерди чыгарышат, алардын аткарылышын уюштурушат, текшеришет жанакамсыз кылышат; 4) Өкмөткө отчет беришет; 5) ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле Өкмөттүн чечимдерининдолбоорлорун, Өкмөттүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башкаматериалдарды иштеп чыгууну уюштурушат жана Өкмөттүн кароосуна киргизи-шет; 6) Өкмөттүн же Премьер-министрдин тапшыруусу боюнча Жогорку Кењеш-те Өкмөттүн атынан чыгышат; 7) Өкмөттүн тапшыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын сотторундаӨкмөттүн атынан чыгышат; 8) Президент тарабынан аларга берилген ыйгарым укуктар боюнча эла-ралык келишимдерге жана макулдашууларга кол коюшат; 9) Өкмөттүн тапшыруусу боюнча эларалык келишимдерге жана ведомс-тволор аралык мүнөздөгү макулдашууларга кол коюшат; 10) коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселеле-рин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынкошпогондо, министрдин же мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун баса-рынын кызматына (анын ичинде, биринчилерин) дайындоо үчүн талапкерлербоюнча Премьер-министрге сунуштарды киргизишет; 11) тийиштүү аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класс-тык чендерди, дипломаттык рангдарды жана атайын наамдарды ыйгарышат; 12) өздөрүнүн орун басарларына, статс-катчыларына жана аткаруубийлигинин аларга баш ийген органдарынын башка жетекчилерине каратасыйлоо же тартиптик жазалоо чараларын колдонушат; аларга карата ти-йиштүү сыйлоо же тартиптик жаза чараларын, аларды ээлеген кызматынанбошотууну да кошо, колдонуу жөнүндө Премьер-министрге сунуш киргизишет; 13) ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башкаченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарга ээ болу-шат. 16-статья. Өкмөттүн, Премьер-министрдин жана Өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчиликтери 1. Өкмөт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясында жанаушул конституциялык Мыйзамда каралган чектерде Президенттин жана Жогор-ку Кењештин алдында жооптуу жана отчет берет. Өкмөт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин актыларын,Өкмөттүн чечимдерин жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктукактыларын аткаруу боюнча өз иштери үчүн жооптуу. 2. Премьер-министр, ошондой эле Өкмөттүн ар бир мүчөсү өзүнүн иш-мердиги жана тийиштүү мамлекеттик органдын иштери үчүн тиешелүү түрдөПрезиденттин, Өкмөттүн, Премьер-министрдин алдында кертбаштары мененжана Өкмөттүн иштери үчүн Жогорку Кењештин алдында коллегиалдуу жооп-керчилик тартышат. Өкмөттүн мүчөсү жана администрациялык ведомствонун, аткаруу бийли-гинин башка органынын жетекчиси кол койгону, виза салганы жана тиешелүүчечимдерди жана документтерди кабыл алганы үчүн кертбашы менен жоопкер-чилик тартат. Өкмөт кабыл алган чечим үчүн Өкмөт жоопкерчилик тартат. Минист-рликтер, мамлекеттик комитеттер кабыл алган чечим үчүн тийиштүүлүгүнөжараша анын жетекчиси жоопкерчилик тартат. 3. Өкмөт мүчөсүнүн антты бузуусу, ошондой эле ушул конституциялыкМыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары-нын талаптарын бузуусу ага карата тартиптик жаза чарасын колдонууга,анын ичинде аны кызматынан бошотууга да, негиз болуп саналат. Президент Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул конституци-ялык Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук акты-ларына ылайык Өкмөт мүчөлөрүнө карата аларды кызматынан бошотууга че-йинки тартиптик жаза чараларын колдонот. Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул конс-титуциялык Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктукактыларына ылайык Өкмөт мүчөлөрүнө карата тартиптик жаза чараларын кол-донот. 17-статья. Өкмөттүн отчету Премьер-министр жыл сайын 15-майдан кечиктирбестен Жогорку КењешкеӨкмөтүнүн мурунку жылдагы иштери жөнүндө республикалык бюджеттин атка-руу көрсөткүчтөрүнө негизделген отчет берет. Жогорку Кењеш Премьер-министрдин жылдык отчетун кароонун жыйынтык-тары боюнча Өкмөткө же Өкмөттүн айрым мүчөсүнө ишеним көргөзбөө жөнүндөмаселени карай алат. Президентти кезектеги шайлоого алты ай калганда Өкмөткө ишенимкөргөзбөө жөнүндө маселе Жогорку Кењеш тарабынан каралышы мүмкүн эмес. Өкмөткө же Өкмөттүн айрым мүчөсүнө ишеним көргөзбөө жөнүндө Жогор-ку Кењештин токтому жети күндөн кечиктирилбестен Президентке жөнөтүлөт. Өкмөткө же Өкмөттүн айрым мүчөсүнө ишеним көргөзбөө жөнүндө токтомПрезидент тарабынан каралат жана үч айдан кечиктирбестен ПрезидентӨкмөттүн же Өкмөттүн айрым мүчөсүнүн отставкага кетүүсү тууралу чечимкабыл алууга укуктуу. Эгерде Президент Өкмөттү отставкага кетирүүдөн расмий баш тартканкүндөн тартып үч айдын аралыгында Жогорку Кењеш Өкмөткө ишенимкөргөзбөө жөнүндө кайрадан чечим кабыл алса, анда Президент Өкмөткөкайталап ишеним көрсөтпөө чечими кабыл алынгандан кийин алты айдыничинде Өкмөттү отставкага кетирет же Жогорку Кењешке мөөнөтүнөн мурдашайлоолорду дайындайт. Жогорку Кењеш Өкмөттүн айрым мүчөсүнүн отчетунун жыйынтыгы боюнчаага ишеним көргөзбөгөн учурда Президент Өкмөттүн мүчөсүн отставкага ке-тирүү же Жогорку Кењештин чечимине макул болбоо тууралу чечим кабылалууга укуктуу, бул жөнүндө Жогорку Кењешке жазуу жүзүндө билдирет. Эгерде Жогорку Кењеш Өкмөттүн мүчөсүнө ишеним көргөзбөө жөнүндөЖогорку Кењештин чечимине макул эместиги тууралу Президент билдиргенкүндөн тартып алты айдын ичинде анын отчетунун жыйынтыгы боюнчаӨкмөттүн мүчөсүнө ишеним көргөзбөө тууралу кайрадан чечим кабыл алса,Президент Өкмөттүн мүчөсүн кызматтан кетирүүгө милдеттүү.". 3. 18-статьяда: 1-бөлүгүндө: - 4-пунктча "коммерциялык уюмдун" деген сөздөрдүн алдында "менчик-тин мамлекеттик үлүшүнө ээ болбогон" деген сөздөр менен толукталсын; - 7-пунктча алып салынсын; 3-бөлүк "администрациялык ведомстволордун" деген сөздөрдөн кийин"жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын" деген сөздөр менен толук-талсын. 4. 19-статьяда: 4-бөлүк алып салынсын; 5-бөлүк "администрациялык ведомстволор" деген сөздөрдөн кийин "жа-на аткаруу бийлигинин башка органдары" деген сөздөр менен толукталсын. 5. 20-статьяда: 2-бөлүктө "жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын" дегенсөздөр "аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттикадминистрациялардын, менчиктин мамлекеттик үлүшүнө ээ болгон уюмдардынжана ишканалардын" деген сөздөр менен алмашылсын; 5-бөлүктө "кеминде үчтөн экиси" деген сөздөр "көпчүлүгү" дегенсөзгө алмашылсын; 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Өкмөттүн жыйналыштарында чечим Өкмөт мүчөлөрүнүн жалпы санынынкөпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тењ болуп калган учурдаПремьер-министр добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.". 6. 21-статьяда: 2 жана 3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын министрлиги аткаруу бийлигинин мамлекеттиксаясатты жүргүзүүчү жана тиешелүү чөйрөдө башкарууну жүзөгө ашыруучуборбордук органы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитети тармактар аралык коор-динациялоону жана тийиштүү чөйрөдө мамлекеттик органдардын иштерин ко-ординациялоо боюнча башка аткаруучу-тескөөчү ишмилдеттерди жүзөгө ашы-руучу аткаруу бийлигинин борбордук орган болуп саналат."; 9-бөлүктө "ал эми алар жөнүндө тийиштүү мыйзамдар Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынат" деген сөздөр "коргоо,улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселелерин тейлеген мамле-кеттик органдарды кошпогондо" деген сөздөр менен алмашылсын. 7. 22-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "22-статья. Администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары 1. Администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка ор-гандары өз иштерин Өкмөттүн алдында жана анын жетекчилиги менен жүзөгөашырышат. 2. Администрациялык ведомстволорго Өкмөткө караштуу мамлекеттикагенттиктер жана мамлекеттик инспекциялар кирет. Мамлекеттик агенттик - иштин тийиштүү чөйрөлөрүндө аткаруу бийликорганынын ишмилдеттерин, негизинен маалыматтык формада жүзөгө ашыруучуадминистрациялык ведомство. Мамлекеттик инспекция - иштин тийиштүү чөйрөлөрүндө аткаруу бийликорганынын көзөмөлдүк жана инспектордук ишмилдеттерин жүзөгө ашыруучуадминистрациялык ведомство. Мамлекеттик агенттиктерди жана мамлекеттик инспекцияларды дирек-торлор жетектешет. Мамлекеттик агенттиктер, мыйзамда каралган учурларда директордунжетекчилиги алдындагы коллегиалдык орган тарабынан жетектелиши мүмкүн. Администрациялык ведомстволордун жетекчилери Премьер-министрдинсунушу боюнча Президент тарабынан дайындалат. Администрациялык ведомс-тволордун жетекчилерин бошотуу Президент тарабынан жүргүзүлөт. Премь-ер-министр администрациялык ведомствонун жетекчисин бошотуу тууралуПрезидентке сунуш киргизүүгө укуктуу. 3. Өкмөттүн жетекчилиги алдында министрликтерге, мамлекеттик коми-теттерге же администрациялык ведомстволорго баш ийдирилбеген кызматтаржана комиссиялар түрүндөгү аткаруу бийлигинин башка органдары түзүлүшүжана иштеши мүмкүн. Кызмат - башкаруунун дайындуу бир тармагында мамлекеттик саясаттыкамсыз кылуу максатында түзүлүүчү, эреже катары, атайын статуска ээ ый-гарым укуктуу мамлекеттик органды түзүүнү талап кылуучу уюмдаштыруутүзүмү. Комиссия - мамлекеттик турмуштун, анын ичинде экономикалык, соци-алдык, гуманитардык жана маданий иш чөйрөлөрүндө маанилүү маселелердикомплекстүү чечүү максатында түзүлүүчү уюштуруу түзүмү. Кызматтарды жана комиссияларды Премьер-министрдин сунушу боюнчаПрезидент тарабынан дайындалган төрагалар жетектешет. 4. Ушул конституциялык Мыйзамдын 18-статьясында каралган жобо ад-министрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдары-нын жетекчилерине бирдей колдонулат. 5. Өкмөт министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрация-лык ведомстволорго же аткаруу бийлигинин башка органдарына баш ийдирил-ген, юридикалык жактын статусуна ээ ведомстволук бөлүмчөлөрдү түзөт,жоет жана кайра уюштура алат.". 8. 24 жана 25-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "24-статья. Өкмөттүн Аппараты Өкмөттүн ишин маалыматтык-талдоо, уюштуруучулук жана укуктук жак-тан камсыздоону, ошондой эле Өкмөт кабыл алган чечимдерди аткаруу бий-лигинин органдарынын аткарышын көзөмөлдөөнү уюштурууну Өкмөттүн Аппара-ты жүзөгө ашырат. Өкмөттүн Аппаратынын жобосу жана түзүмү Өкмөт тарабынан бекитилет. Өкмөттүн Аппаратын кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын министриболуп эсептелген Аппарат жетекчиси башкарат. 25-статья. Өкмөттүн актылары Өкмөттүн ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө чыгарылат. Ченемдик мүнөздөгү эмес, оперативдүү жана башка учурдагы маселелербоюнча чечимдер тескеме түрүндө чыгарылат. Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору министрликтер,мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мам-лекеттик администрациялар, аткаруу бийлигинин башка органдары, ошондойэле Өкмөттүн Аппараты, болбосо Өкмөттүн тапшыруусу же сунушу боюнча му-ниципалдык, жеке, коомдук башка органдар, мекемелер жана уюмдар тарабы-нан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги, алэми мамлекеттин кирешелерин кыскартууну же чыгымдарын көбөйтүүнү кара-ган маселелер боюнча - Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги мененмилдеттүү түрдө макулдашылуусу керек. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ве-домстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мам-лекеттик администрациялардын жана Өкмөттүн Аппаратынын тийиштүү башкар-малыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилери Өкмөт чыгарган жана макул-дашкан чечимдер үчүн кертбаштары менен жоопкерчилик тартышат. Өкмөттүн токтомдоруна жана тескемелерине Премьер-министр, ал эмиПремьер-министр жок болгон убакта - биринчи вице-премьер-министр же аныалмаштыруучу вице-премьер-министр кол коет. Өкмөттүн токтомдору жана тескемелери, эгерде ушул актыларда жеКыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, алар кабылалынган күндөн тартып күчүнө кирет. Өкмөт укуктук мүнөзгө ээ болбогон кайрылууларды, билдирүүлөрдү жа-на башка актыларды кабыл алууга укуктуу. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ве-домстволор өзалдынча чечүүгө тийиш болгон маселелер боюнча Өкмөттүнтоктомдору жана тескемелери кабыл алынбайт.". 9. 26-статьяда: статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Министрлик-тердин жана мамлекеттик комитеттердин актылары"; 1-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттиккомитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик ад-министрациялар жана аткаруу бийлигинин башка органдары," деген сөздөр"жана мамлекеттик комитеттер" деген сөздөр менен алмашылсын; 3-бөлүктө ", администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамле-кеттик администрациянын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийгенбашка аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери," деген сөздөр алып са-лынсын; 4-бөлүктө ", Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттиккомитеттер, аткаруу бийлигинин жана мамлекеттик башкаруунун башка ор-гандары" деген сөздөр "жана мамлекеттик комитеттер" деген сөздөр мененалмашылсын. 10. 27-статьяда: статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Өкмөттүн, ми-нистрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин актыларын жарыялоо"; 2-бөлүктө ", мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомс-тволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана аткаруубийлигинин башка органдарынын" деген сөздөр "жана мамлекеттик комитет-тердин" деген сөздөр менен алмашылсын. 11. 33 жана 34-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "33-статья. Өкмөттүн Президент менен өзара мамилелери Президент Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана ушул консти-туциялык Мыйзамга ылайык Өкмөттүн жана мамлекеттик бийликтин башка ор-гандарынын макулдашып иштешүүлөрүн жана өзара аракеттенүүлөрүн камсызкылат. Президент Өкмөттүн жыйналыштарында чыгып сүйлөөгө, мамлекеттин ич-ки жана тышкы саясатынын негизги багыттарын ишке ашырууга багытталганмаксаттарды жана милдеттерди аныктоого укуктуу. Өкмөт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралганчектерде Президенттин алдында жоопкер. Өкмөт белгиленген тартипте өз ишинин натыйжалары жөнүндө Прези-денттин алдында отчет берет. Президент Өкмөттүн ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасы-нын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына кара-ма-каршы келген учурда алардын колдонулушун токтото турууга же жоккочыгарууга, Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган учурлардаӨкмөттүн айрым мүчөсүнүн, Өкмөттүн, Премьер-министрдин отставкасы туу-ралу маселени чечүүгө, ошондой эле Өкмөткө, Премьер-министрге жеӨкмөттүн айрым мүчөсүнө тапшырмаларды берүүгө укуктуу. Президенттентапшырма алган Өкмөт мүчөсү бул тууралу Премьер-министрди кабардар кы-лууга милдеттүү. 34-статья. Өкмөттүн Жогорку Кењеш менен өзара мамилелери 1. Өкмөт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясында жанаушул конституциялык Мыйзамда каралган чектерде Жогорку Кењешке жооптуужана отчет берет. 2. Өкмөттүн Жогорку Кењеши менен өз ара аракеттери Премьер-ми-нистр, Өкмөттүн мүчөлөрү жана Өкмөттүн Жогорку Кењештеги туруктуу өкүлүтарабынан уюштурулат. 3. Өкмөткө мыйзам чыгаруу демилге укугу таандык. Мыйзам чыгаруу демилге укугун Өкмөт Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарында белгиленген тартипте Жогорку Кењешке мыйзам долбоорлорун кирги-зүү аркылуу жүзөгө ашырат. Өкмөттүн мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардынкөбөйүшүн караган мыйзамдардын долбоорлорун каржылоонун булагы бар эке-ни жөнүндө корутундусу Өкмөттүн токтому менен жол-жоболоштурулат. Өкмөт Жогорку Кењешке каралып жаткан мыйзамдарга жана мыйзам дол-боорлоруна расмий корутунду жөнөтө алат. 4. Өкмөт Жогорку Кењешке республикалык бюджеттин долбоорун жанареспубликалык бюджеттин аткарылышы тууралу отчетун берет. 5. Премьер-министр жыл сайын Өкмөттүн ишинин натыйжалары жөнүндөЖогорку Кењешке отчет берет. 6. Жогорку Кењештин депутаттарынын суроо-талаптары багышталганӨкмөт мүчөлөрү, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери мый-замдарда белгиленген мөөнөттө жооп берүүгө милдеттүү. Эгерде жооп берүүүчүн көбүрөөк убакыт талап кылынса, анда бул тууралу суроо-талап жибер-ген депутат кабарландырылат. 7. Премьер-министр, Өкмөт мүчөлөрү, аткаруу бийлик органдарынынжетекчилери жана анын кызмат адамдары Жогорку Кењештин жыйналыштарынакатышууга; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурлардаӨкмөттүн кызыкчылыктарын жактоого; маалымат менен чыгып сүйлөөгө жанаалардын компетенцияларына кирген маселелер боюнча өз пикирлерин бил-дирүүгө укуктуу. 8. Жогорку Кењештин комитеттеринин жыйналыштарында Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарын жана Жогорку Кењештин чечимдерин аткаруу маселе-лери боюнча аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери угулушу мүмкүн. 9. Президенттин ыйгарым укуктарын аткаруучу Жогорку Кењештин Төра-гасы Өкмөттүн ыйгарым укугун токтотууга укугу жок". 12. 35-статьянын 2-бөлүгүндө: үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- бекитилген республикалык бюджетке Кыргыз Республикасынын сотто-рунун бюджетинин толук ылайык аткарылышын камсыз кылат."; төртүнчү абзац алып салынсын. 13. 36 жана 37-статьялар алып салынсын. 14. 43-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасында төмөнкүлөргө жол берилбейт: - Өкмөттүн, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана партиялыкинституттардын биригишине, ошондой эле алардын ишмердиктеринин партия-лык программаларга жана чечимдерге баш ийдирилишине; - мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда партиялык уюмдардынтүзүлүшүнө жана ишмердигине; мындай жумуштар кызматтык иштерден сыртка-ры жүргүзүлгөн учурларды кошпогондо мамлекеттик кызматкерлер тарабынанпартиялык жумуштарды жүзөгө ашырууга; - диний уюмдардын жана диний табынуу кызматкерлеринин мамлекеттикоргандардын иштерине кийлигишүүсүнө". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Ушул Мыйзамдан келип чыгуучу уюштуруу чараларын көрүү жана өзүнүнченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү Президенттенсуралсын жана Өкмөткө тапшырылсын. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев 2008-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган