Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 28-июлу № 179
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду
жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 43-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) мыйзамдуу ишкердик жүргүзүүгө мамлекеттик органдын кызмат адамынын кийлигишүүсү аркылуу экономикалык зыян келтирүү.".
2. 328-1-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын өз милдеттерин аткарбагандыгы";
1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары, пайлык инвестициялык фонддун эрежелери менен аныкталган өз милдеттерин аткарбагандыгы же сактабагандыгы, -".
3. 328-2-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Инвестициялык фонддун каражаттарын максатсыз пайдалануу";
1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Инвестициялык фонддун тартылган акчалай каражаттарын максатсыз пайдалануу -".
4. 328-3-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Инвестициялык фонддордун ишиндеги чектөөлөрдүн сакталбагандыгы";
1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Инвестициялык фонд өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн чектөөлөргө карабастан жүргүзүшү, -".
5. 328-4-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Инвестициялык фонд анын мүлкүн эсепке алуунун жана сактоонун талаптарын бузушу";
1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Инвестициялык фонддун мүлкүнүн эсебин алуу жана сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталбагандыгы, ага тете эле мүлктү сактоонун жана баалуу кагаздарга укуктарды каттоонун баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартибин бузуу, -".
6. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 24-1-глава менен толукталсын:
"24-1-ГЛАВА
ОЮН-ЗООК, ЛОТЕРЕЯ, КАМСЫЗДАНДЫРУУ ИШИНИН, МАМЛЕКЕТТИК
ЭМЕС ПЕНСИЯЛЫК ФОНДДОРДУН, ПЕНСИЯЛЫК АКТИВДЕРДИ
БАШКАРГАН КОМПАНИЯЛАРДЫН ИШИНИН ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ
АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК УКУК БУЗУУЛАР
338-1-статья. Оюн-зоок, лотерея, камсыздандыруу иштерин,
мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык
активдерди башкарган компаниялардын иштерин уруксат
берүүчү документтерсиз жүргүзүү
Оюн-зоок, лотерея, камсыздандыруу иштерин мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте бериле турган уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүү, -
кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.
338-2-статья. Оюн-зоок, лотерея, камсыздандыруу иштерин,
мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык
активдерди башкарган компаниялардын иштерин жүргүзүү
укугуна лицензияланчу жана башка формаларынын
эрежелерин жана талаптарын бузуу менен жүргүзүү
Оюн-зоок, лотерея, камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин ишмердик жүргүзүү укугуна лицензияланчу жана башка формаларынын эрежелерин жана талаптарын бузуу менен жүргүзүү -
кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырмадан жүзгө чейинки, ал эми юридикалык жактарга эсептешүү көрсөткүчтүн - эки жүздөн миңге чейинки администрациялык айып салууга алып келет.
338-3-статья. Туура эмес маалымат берүү
Оюн-зоок, лотерея, камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин контролдоочу мамлекеттик органдардын кызмат адамына туура эмес (жалган) маалымат же документтерди берүү же маалымат же документтерди берүүдөн баш тартуу,-
кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.
338-4-статья. Оюн-зоок, лотерея, камсыздандыруу иштерин,
мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык
активдерди башкарган компаниялардын иштерин
контролдоочу мамлекеттик органдардын ишине
тоскоолдук кылуу
Оюн-зоок, лотерея, камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин контролдоочу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын ишине тоскоолдук кылуу, ага тете эле оюн-зоок, лотерея, камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын субъектинин кызмат адамы тарабынан оюн-зоок, лотерея, камсыздандыруу иштеринин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин контролдоочу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын өзүнүн кызматтык милдетин аткарган учурда талаптарын аткарбагандык же кароосуз калтыргандык, -
кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырмадан жүзгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.".
7. 400-1-статьяда:
статьянын аталышы "мыйзамсыз кийлигишүүсү" деген сөздөрдөн кийин ", мыйзамдуу ишкердик жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу" деген сөздөр менен толукталсын;
биринчи абзац "төлөмдөрдү белгилөө" деген сөздөрдөн кийин ", мыйзамдуу ишкердик жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу" деген сөздөр менен толукталсын.
8. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 35-2-глава менен толукталсын:
"35-2-ГЛАВА
ГИДРОМЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК ИШ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМДАР
ТАРМАГЫНДАГЫ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК УКУК БУЗУУЛАР
505-11-статья. Табигый чөйрөнүн абалына байкоо жүргүзгөн
гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун
сакталышын бузуу
Табигый чөйрөнүн абалына байкоо жүргүзгөн гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун сакталышын бузуу, -
кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн он бешке чейинки администрациялык айып салууга алып келет.
505-12-статья. Табигый чөйрөнүн абалына байкоо жүргүзгөн репердик
гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун
сакталышын бузуу
Табигый чөйрөнүн абалына байкоо жүргүзгөн репердик гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун сакталышын бузуу, -
кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырмага чейинки
администрациялык айып салууга алып келет.
505-13-статья. Гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун
бардык түрлөрүнүн коргоо зоналарындагы ишти аткаруу
тартибинин бузулушу
Гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун бардык түрлөрүнүн коргоо зоналарындагы ишти аткаруу тартибинин бузулушу -
жарандарга эсептешүү көрсөткүчтүн үчкө чейинки, кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн - жыйырмага чейинки администрациялык айып салууга алып келет.
505-14-статья. Гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун
бардык түрлөрүнүн бузулушу, жараксыз кылынышы,
приборлорду жана жабдууларды талкалоо, уурдоо
Гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун бардык түрлөрүн бузгандык, жараксыз кылгандык, ошол объектилердеги приборлорду жана жабдууларды бузгандык, уурдоо -
жарандарга эсептешүү көрсөткүчтүн үчкө чейинки, кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн - жыйырмага чейинки администрациялык айып салууга алып келет.
505-15-статья. Шашылыш гидрометеорологиялык маалымат берүү
тартибин бузуу
Шашылыш (штормдук) гидрометеорологиялык маалымат берүү тартибин бузуу -
жарандарга эсептешүү көрсөткүчтүн үчкө чейинки, кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн - ондон жыйырмага чейинки администрациялык айып салууга алып келет.
505-16-статья. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу аба ырайы
жөнүндө божомолду жана башка гидрометеорологиялык
маалыматтык продукцияны берүүнү бузуу
Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу аба ырайы жөнүндө божомолду жана башка гидрометеорологиялык маалыматтык продукцияны берүүнү бузуу -
жарандарга эсептешүү көрсөткүчтүн үчкө чейинки, кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн - ондон жыйырмага чейинки администрациялык айып салууга алып келет.".
9. 532-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"532-статья. Оюн-зоок. лотерея, камсыздандыруу иштерин,
мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык
активдерди башкарган компаниялардын иштерин, ошондой
эле баалуу кагаздар рыногундагы ишти контролдоочу
орган
Оюн-зоок, лотерея, камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин. ошондой эле баалуу кагаздар рыногундагы ишти контролдоочу орган ушул Кодекстин 327-338-4-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жазаларды берүүгө Кыргыз Республикасынын оюн-зоок, лотерея, камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин, ошондой эле баалуу кагаздар базарындагы ишти контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана анын орун басары укуктуу.".
10. 36-глава төмөнкүдөй мазмундагы 546-2-статья менен толукталсын:
"546-2-статья. Гидрометеорология боюнча башкы башкармалыктын
органдары
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология боюнча башкы башкармалыктын органдары ушул Кодекстин 35-2-главасында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карашат.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жазаларды берүүгө Гидрометеорология боюнча башкы башкармалыктын начальниги укуктуу.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |