Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 4-августу № 183
Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө
(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 175, 2017-жылдын 20-февралындагы № 28, 2023-жылдын 25-январындагы №11, 2023-жылдын 13-апрелиндеги № 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам мамлекеттин улуттук коопсуздугунун ажырагыс жана маанилүү бөлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жаатында негизги багыттарды белгилейт.
1-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу (мындан ары азык-түлүк коопсуздугу) - республиканын азык-түлүк көз карандысыздыгын жана тамак-аш азыктарын белгиленген керектөөнүн минималдуу ченемине ылайык калк үчүн азык-түлүккө табигый жана экономикалык жеткиликтүүлүктү камсыз кыла турган Кыргыз Республикасынын экономикасынын абалы;
Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын калкы үчүн негизги тамак-аш азыктарын керектөөнүн орточо физиологиялык ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому
азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу - азык-түлүк кризисинин алдын алууга, анын ичинде тамак-аш азыктарын керектөөнүн минималдуу ченеминин деңгээлинде калктын социалдык жактан аялуу катмарынын негизги тамак-аш азыктарына болгон керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган экономикалык, уюштуруучулук жана башка чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
азык-түлүк кризиси - Кыргыз Республикасынын бардык аймагында же олуттуу бөлүгүндө тамак-аш азыктарын керектөөнүн минималдуу ченемине ылайык калкты негизги тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу коркунуч алдында калган жана бул коркунуч мамлекеттик жөнгө салуунун чараларын колдонуу менен гана четтетилиши мүмкүн болгон кырдаал;
калктын социалдык жактан аялуу катмары - Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык социалдык коргоо органдары тарабынан аныкталган жарандардын катмары;
тамак-аш азыктарын керектөөнүн минималдуу ченеми - тамактанууга керектөөнү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон жана Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген тамак-аш азыктарын керектөө ченеми;
тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн керектүү деңгээли - Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу камсыз кылынуучу, калктын жашы, жынысы, эмгек шарты, климат, ошондой эле тамак-аш рационунун башка өзгөчөлүктөрү боюнча бөлүштүрүүнүн түзүмүн эске алуу менен, негизги тамак-аш азыктарына орточо калктын жан башына керектөөнүн негизинде эсептелген ата-мекендик товар өндүрүүчүлөр тарабынан негизги тамак-аш азыктарын жана тамак-аш чийки заттарын өндүрүүнүн деңгээли;
тамак-аш азыктарына болгон табигый жеткиликтүүлүк - калктын социалдык жактан аялуу катмарынын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн жетиштүү көлөмдө аларды керектөөчү жерлерге тамак-аш азыктарынын үзгүлтүксүз келип турушу;
тамак-аш азыктарына болгон экономикалык жеткиликтүүлүк - калктын анын ичинде социалдык жактан аялуу катмарынын тамак-аш азыктарын керектөөнүн минималдуу ченемине ылайык керектөөнүн түзүмүн, баалардын тутумун, кирешенин деңгээлин, социалдык жөлөк пулду колдонуу учурундагы сатып алуу мүмкүнчүлүгү;
өзгөчө режим - азык-түлүк кризис таасир кылуучу мезгилдин белгилүү убактысы. Убактылуу өзгөчө режимдин чектери Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңештин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) чечими менен белгиленет.
калктын туура тамактануусу - калктын ар түрдүү топторунун туура тамактанууга болгон керектөөлөрүн алардын салт-санааларын жана экономикалык абалын эске алуу менен канааттандырууну камсыз кылуучу шарттарды түзүүгө багытталган иш-чаралардын комплекси.
(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 28, 2023-жылдын 25-январындагы №11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча мыйзамдар
Азык-түлүк коопсуздугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эларалык келишимдердин талаптарына негизделет.
3-берене. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу
1. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун максаты - тамак-аш азыктарын керектөөнүн минималдуу ченемине ылайык, алардын бар экенине, жеткиликтүүлүгүнө жана коопсуздугуна негизделген, керектүү өлчөмдөгү тамак-аш азыктарына калктын жетишүүсү үчүн, ошондой эле туура тамактанууга мүмкүндүк алуу үчүн шарттарды түзүү.
2. Азык-түлүк коопсуздугуна жетишүү боюнча жалпы мамлекеттик жана тармактык программаларды кабыл алуу жана ишке ашыруу аркылуу азык-түлүк коопсуздугу төмөнкү жолдор менен камсыз кылынат:
- техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин колдонулган техникалык регламенттердин, стандарттардын жана ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү, ташып келинүүчү жана сатылуучу тамак-аш азыктарынын жана азык-түлүк сырьелорунун сапатын жана адамдын ден соолугу үчүн коопсуздугун камсыз кылуу;
- азык-түлүк кризиси же анын коркунучу пайда болгон учурда калктын, биринчиден, социалдык жактан аялуу катмары үчүн негизги тамак-аш азыктарын оперативдүү сатып алуунун, жеткирүүнүн жана бөлүштүрүүнүн тартибин аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыккан негизги тамак-аш азыктарынын тизмегин бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык бардык уюмдарда алардын уюштуруучулук-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан тамак-аш азыктарын өндүрүү, сактоо жана сатуу үчүн мамлекеттик контролдоону ишке ашыруу.
3. Министрлер Кабинети азык-түлүк кризиси же анын коркунучу пайда болгон учурда Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңешинин сунушу боюнча белгиленген мезгилге азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчө режимин белгилейт.
4. Тамак-аш азыктарынын бар болгону мамлекеттик материалдык резервдин запасынын, импорттун, азык-түлүк жактан көрсөтүлгөн жардамдын жана жеке өндүрүшүнүн айкалышы менен аныкталат.
5. Тамак-аш азыктары алардын табигый бар болгондугу менен, ошондой эле сатып алуучулук жөндөмдүүлүккө карата жеткиликтүү болушу керек.
(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 28, 2023-жылдын 25-январындагы №11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Тамак-аш азыктарын өндүрүүнү мамлекеттик колдоонун негизги багыттары
1. Азык-түлүк коопсуздугуна жетишүү Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү менен камсыздалат. Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн стратегиялык максаты Кыргыз Республикасынын калкын атамекендик чарбакер субъекттеринин өндүрүшүнүн эсебинен негизги тамак-аш азыктарга болгон керектөөлөрүн камсыз кылуу болуп саналат.
2. Мамлекеттик колдоонун негизги багыттары төмөндөгүлөр болуп саналат:
- айыл чарба өндүрүүчүлөрү тапшырган тамак-аш азыктарына мурдатан жарыяланган баалар боюнча төлөп берүүгө кепилдиктер;
- негизги тамак-аш азыктарын өндүрүүнү дотациялоо;
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган лизингдик ишмердикти өнүктүрүү;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана жаныбарларынын, асыл тукум ишинин селекциясын жана үрөнчүлүгүн өнүктүрүү, өндүрүш технологиясын өркүндөтүү, тамак-аш азыктарын кайра иштетүү, сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча илимий изилдөө программаларын каржылоо.
5-берене. Азык-түлүк коопсуздугу менен байланышкан кризистүү кырдаалдар учурундагы иш-чаралар
Азык-түлүк кризиси же анын коркунучу пайда болгон учурда Министрлер Кабинети белгилейт:
- калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн белгилүү мезгилге негизги тамак-аш азыктарын ченемдик бөлүштүрүүнү белгилейт;
- мамлекеттик материалдык резервге сатып алынуучу сырьего болгон кепилдик берүүчү бааларды белгилейт;
- Кыргыз Республикасынын баа түзүү жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизет;
- (абзац КР 2023-жылдын 13-апрелиндеги № 88 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын тышкы соода иши жөнүндө мыйзамдарына ылайык сезондуу алымдарды белгилөө аркылуу негизги тамак-аш азыктарынын экспорттук жана импорттук ташып келүүлөрүн жөнгө салат;
- калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн негизги тамак-аш азыктарын оперативдүү сатып алууну, жеткирүүнү жана бөлүштүрүүнү уюштурат;
- азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү максатында республикалык бюджеттен натыйжалуу жана жетиштүү каржылоого өбөлгө түзөт.
(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 28, 2023-жылдын 25-январындагы №11, 2023-жылдын 13-апрелиндеги № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Азык-түлүк коопсуздук чөйрөсүндөгү маалымат, мониторинг жана талдоо
1. Азык-түлүк коопсуздук чөйрөсүндөгү маалымат, агроөнөржай комплексинин абалына мониторинг жана талдоо жүргүзүү өзүнө төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
- Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун жана азык-түлүктөн көз карандысыздыгынын деңгээлин эсептөөнүн негизги тутуму, ошондой эле негизги тамак-аш азыктарын өндүрүүнү пландаштыруу үчүн база болуп саналган Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк өндүрүүнүн керектүү жана иш жүзүндөгү деңгээлинин балансын жана ал жыл сайын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлөт;
- тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн абалын, азык-түлүктүн жана айыл чарба, азык-түлүк өнүмдөрүн өндүрүүнүн керектүү жана иш жүзүндөгү деңгээлинин жалпы мамлекеттик жана региондук балансын;
- агроөнөржай комплексинин өнүгүү абалын;
- азык-түлүктүн өндүрүлгөн жана алын келинген көлөмдөрү, анын кыймылы, баасы, сапаты, ошондой эле календардык жыл ичинде керектөө динамикасы жөнүндө маалыматтарын;
- айыл чарба сырьесунун жана азык түлүктүн ички рыногунун абалы жана өнүгүү тенденциясын;
- мамлекеттик материалдык резервдин болушун жана көлөмүн;
- мамлекеттик материалдык резервди сактоо үчүн кампа жайларынын болушун жана абалын;
- азык-түлүктүн, айыл чарба өнүмдөрүн жана кошо сатылуучу товарлардын дүң соодасын;
- калктын айрым топторунун сатып алуу жөндөмдүүлүгүн;
- азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик жана максаттуу программалардын, келишимдердин, макулдашуулардын жана иш-чаралардын аткарылышын;
- Кыргыз Республикасында колдонулуучу техникалык регламенттердин, эларалык, мамлекеттер аралык жана улуттук стандарттардын, ченемдердин жана эрежелердин болушун, ошондой эле тийиштүү техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин колдонулуучу ченемдик укуктук актыларды.
2. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча маалымат берүүнүн тартибин Министрлер Кабинети белгилейт.
Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 138 "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун мониторинги жана индикаторлору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
3. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча маалыматтарды топтоо, мониторинг жана талдоо үчүн жоопкерчилик айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.
4. Туура тамактанууну уюштуруу системасынын натыйжалуулугуна мониторинг жана талдоо жүргүзүү үчүн жоопкерчилик саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.
(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 28, 2023-жылдын 25-январындагы №11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Азык-түлүк товарлардын сапаты жана коопсуздугу
1. Кыргыз Республикасынын аймагында жеке жана юридикалык жактар тарабынан өндүрүлүүчү, ташып келүүчү жана сатылуучу тамак-аш азыктарынын тийиштүү техникалык регламенттер, санитардык, ветеринардык, фитосанитардык ченемдердин жана эрежелердин, ошондой эле Кыргыз Республикасында колдонулуучу башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келиши керек.
2. Тамак-аш азыктарынын коопсуздугуна жана сапатына мамлекеттик көзөмөл аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы өзүнүн компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, алып кирилген жана сатылган тамак-аш продукциялары тиешелүү техникалык регламенттердин милдеттүү талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 175 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңеш
1. Министрлер Кабинети азык-түлүк менен республиканы туруктуу жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча байланышкан стратегиялык жана оперативдүү мүнөздөгү башкаруу жана чечимдерди кабыл алуу аракеттерин координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын азык-түлүк боюнча кеңешин түзөт.
2. Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңеши кеңеш берүүчү орган болуп саналат жана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Президенттин жарлыктарын жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин жана башка ченемдик-укуктук актыларын, ошондой эле Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү өзүнүн жобосун жетекчиликке алат.
3. Азык-түлүк кризиси же анын коркунучу пайда болгондугу жөнүндөгү чечим Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңештин сунушу боюнча, кабыл алынган чечим тууралу Жогорку Кеңешке бир убакытта кабарландыруу менен кабыл алынат.
4. Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңештин жумушчу органы болуп айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат.
(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 28, 2023-жылдын 25-январындагы №11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-берене. Азык-түлүк коопсуздугуна жетишүү
Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу камсыз кылынды деп төмөндөгү учурларда эсептелет, эгерде:
- мамлекеттик материалдык резервдин запастык деңгээли калктын социалдык жактан аялуу катмарынын негизги тамак-аш азыктарына болгон 90 күндүк керектөөлөрүнүн орду толтурулса;
- республиканын мамлекеттик бюджети ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келген негизги тамак-аш азыктарын ташып келүүлөрүн каржылоого мүмкүнчүлүгү болсо;
- Кыргыз Республикасында колдонулуучу ченемдик талаптарга ылайык келген тамак-аш азыктарынын сапаты, калориялуулугу жана коопсуздугу камсыз кылынса.
10-берене. Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу Кыргыз Республикасынын жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
(КР 2023-жылдын 25-январындагы № 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2008-жылдын 8-августунда № 58 жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- жарыяланган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул Мыйзамдан келип чыккан ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышын камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 4-августу № 183
Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө
(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 175, 2017-жылдын 20-февралындагы № 28, 2023-жылдын 25-январындагы №11, 2023-жылдын 13-апрелиндеги № 88 , 2025-жылдын 31-октябрындагы № 248 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам мамлекеттин улуттук коопсуздугунун ажырагыс жана маанилүү бөлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жаатында негизги багыттарды белгилейт.
1-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу (мындан ары - азык-түлүк коопсуздугу) - республиканын азык-түлүк көз карандысыздыгын камсыз кылган жана тамак-аш азыктарын керектөөнүн физиологиялык ченемдерине ылайык калк үчүн азык-түлүктүн негизги түрлөрүнүн табигый жана экономикалык жеткиликтүүлүгүн кепилдеген Кыргыз Республикасынын экономикасынын абалы;
2) азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу - тамак-аш азыктарын керектөөнүн физиологиялык ченемдеринин деңгээлинде калк үчүн негизги тамак-аш азыктарынын табигый жана экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча экономикалык, уюштуруучулук жапа башка чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
3) азык-түлүк кризиси - Кыргыз Республикасынын бардык аймагында же олуттуу бөлүгүндө тамак-аш азыктарын керектөөнүн минималдуу ченемдерине ылайык калкты негизги тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу коркунучта турган жана бул коркунуч мамлекеттик жөнгө салуу чараларын колдонуу менен гана четтетилиши мүмкүн болгон кырдаал;
4) өзгөчө азык-түлүк кырдаалы - Кыргыз Республикасынын аймагынын олуттуу бөлүгүндө керектөөнүн физиологиялык ченемдерине ылайык келген көлөмдө негизги тамак-аш азыктары менен калкты камсыз кылуу коркунучта турган, азык-түлүк менен камсыздоону турукташтыруу үчүн мамлекеттик жөнгө салуу чараларын кабыл алууну талап кылган шарттар;
5) тамак-аш азыктарын керектөөнүн физиологиялык ченемдери - адамдын генотибинде бекемделген физиологиялык-биохимиялык процесстерди оптималдуу ишке ашырууну камсыз кылуучу тамак-аш жана биологиялык активдүү заттардын зарыл болгон келип түшүүсүнүн орточолонгон чоңдугу;
6) тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн зарыл болгон деңгээли - калктын жашы, жынысы, эмгек шарттары, климат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кыла турган тамак-аш рационунун башка өзгөчөлүктөрү боюнча бөлүштүрүү түзүмүн эске алуу менен калктын жан башына негизги тамак-аш азыктарына болгон орточо керектөөсүнүн негизинде эсептелген, ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн негизги тамак-аш азыктарын жана тамак-аштын чийки заттарын өндүрүү деңгээли;
7) тамак-аш азыктарынын табигый жеткиликтүүлүгү - калктын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн жетиштүү көлөмдөгү тамак-аш азыктарынын керектөөчү жерлерге үзгүлтүксүз келип түшүүсү;
8) тамак-аш азыктарынын экономикалык жеткиликтүүлүгү - калктын, анын ичинде анын социалдык жактан аялуу катмарынын тамак-аш азыктарын керектөөнүн физиологиялык ченемдерине ылайык колдонуудагы керектөө түзүмүндө, баа тутумунда, кирешелердин деңгээлинде, социалдык жөлөк пулдар болгондо сатып алуу мүмкүнчүлүгү;
9) өзгөчө режим - Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңештин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) чечими менен белгиленүүчү өзгөчө азык-түлүк кырдаалы пайда болгон учурда аракеттенүү мезгилинин белгилүү бир убактысы;
10) калктын туура тамактануусу - калктын маданий салттарына ылайык келген, ден соолукту чыңдоого жана оорулардын алдын алууга өбөлгө түзүүчү, сапаты жана саны боюнча шайкеш келген коопсуз тамак-аш;
11) мамлекеттик азык-түлүк резерви - азык-түлүк товарларынын азайтылбас жана ыкчам запасынан турган, өзгөчө азык-түлүк кырдаалынын шарттарында базардагы таңсыктын алдын алуу жана аларды пайдалануу үчүн арналган мамлекеттик материалдык резервдин бөлүгү;
12) азык-түлүк көз карандысыздыгы - өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу шарты, ал аткарылганда чет өлкөдөн тамак-аш азыктарын берүү токтотулган учурда өзгөчө азык-түлүк кырдаалы пайда болбойт;
13) импортту алмаштыруу - чет өлкөдө өндүрүлгөн тамак-аш азыктарын алмаштыруу жана ички рынокто ата мекендик өндүрүштүн өсүшүнө дем берүү боюнча мамлекеттик саясат.
(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 28, 2023-жылдын 25-январындагы №11 , 2025-жылдын 31-октябрындагы № 248 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча мыйзамдар
Азык-түлүк коопсуздугунун укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле алардын негизинде чыгарылган башка ченемдик укуктук актылар саналат.
(КР 2025-жылдын 31-октябрындагы № 248 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу
1. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун максаты болуп тамак-аш азыктарынын болушуна, жеткиликтүүлүгүнө жана коопсуздугуна негизделген тамак-аш азыктарын керектөөнүн физиологиялык ченемдерине ылайык калктын тамак-аш азыктарынын зарыл болгон санына жеткиликтүүлүгү үчүн шарттарды, ошондой эле туура тамактанууга жетишүү үчүн шарттарды түзүү саналат.
2. Азык-түлүк коопсуздугу азык-түлүк коопсуздугуна жетишүү боюнча жалпы мамлекеттик жана тармактык программаларды кабыл алуу жана ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдары тарабынан көрүлүүчү чаралардын комплекси аркылуу төмөнкүдөй жол менен камсыз кылынат:
- Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү, ташып келинүүчү жана сатылуучу тамак-аш азыктарынын жана азык-түлүк чийки затынын сапатын жана адамдын ден соолугунун коопсуздугун техникалык регламенттердин, стандарттардын жана ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык камсыз кылуу;
- өзгөчө азык-түлүк кырдаалы келип чыккан же анын келип чыгуу коркунучу жаралган учурда калк үчүн, биринчи кезекте, анын социалдык жактан аялуу катмары үчүн негизги тамак-аш азыктарын ыкчам сатып алуу, жеткирүү жана бөлүштүрүү тартибин аныктоо;
- чет өлкөдө өндүрүлгөн тамак-аш азыктарын алмаштыруу жана негизги тамак-аш азыктарын өндүрүүнү көбөйтүү боюнча импортту алмаштырууну уюштуруу.
3. Тамак-аш азыктарынын болушу мамлекеттик материалдык резервдин азык-түлүк тобунун запастарын жаңыртуу жана толуктоо, импорт, азык-түлүк жардамы жана ички жана тышкы жагымсыз факторлордун таасирине карабастан өздүк өндүрүш менен камсыз кылынат.
4. Тамак-аш азыктары алардын накталай бар болушу сыяктуу эле, сатып алуучулук жөндөмдүүлүккө карата да жеткиликтүү болушу керек.
5. Өзгөчө азык-түлүк кырдаалы же болбосо анын коркунучу келип чыкканда Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңештин сунушу боюнча Министрлер Кабинети белгилүү бир мезгилге азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчө режимин белгилейт.
(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 28, 2023-жылдын 25-январындагы №11 , 2025-жылдын 31-октябрындагы № 248 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-1-берене. Азык-түлүк көз карандысыздыгы
1. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын азык-түлүк көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.
2. Эгерде республикада негизги тамак-аш азыктарынын жылдык өндүрүшү тамактануунун физиологиялык ченемдерине ылайык тамак-аш азыктарынын мындай түрлөрүнө калктын жылдык керектөөсүнүн 80 пайызынан азын түзсө, Кыргыз Республикасынын азык-түлүк көз карандысыздыгы камсыз кылынбаган болуп эсептелет.
(КР 2025-жылдын 31-октябрындагы № 248 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Тамак-аш азыктарын өндүрүүнү мамлекеттик колдоонун негизги багыттары
1. Азык-түлүк коопсуздугуна жетишүү Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү менен камсыздалат. Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн стратегиялык максаты Кыргыз Республикасынын калкын атамекендик чарбакер субъекттеринин өндүрүшүнүн эсебинен негизги тамак-аш азыктарга болгон керектөөлөрүн камсыз кылуу болуп саналат.
2. Мамлекеттик колдоонун негизги багыттары төмөндөгүлөр болуп саналат:
- айыл чарба өндүрүүчүлөрү тапшырган тамак-аш азыктарына мурдатан жарыяланган баалар боюнча төлөп берүүгө кепилдиктер;
- негизги тамак-аш азыктарын өндүрүүнү дотациялоо;
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган лизингдик ишмердикти өнүктүрүү;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана жаныбарларынын, асыл тукум ишинин селекциясын жана үрөнчүлүгүн өнүктүрүү, өндүрүш технологиясын өркүндөтүү, тамак-аш азыктарын кайра иштетүү, сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча илимий изилдөө программаларын каржылоо.
5-берене. Азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан өзгөчө азык-түлүк кырдаалындагы иш-чаралар
Өзгөчө азык-түлүк кризистери же болбосо алардын коркунучу келип чыкканда Министрлер Кабинети:
- жалпы калк үчүн белгилүү бир мезгилге негизги тамак-аш азыктарын ченемдик бөлүштүрүүнү белгилейт;
- чийки затка кепилденген бааларды белгилейт жана аны мамлекеттик материалдык резервге түздөн-түз айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн ыкчам сатып алууну жүзөгө ашырат;
- азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды баа түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик жөнгө салууну киргизет;
- тышкы соода иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сезондук алымдарды белгилөө жолу менен негизги тамак-аш азыктарынын экспорттук жана импорттук берүүлөрүн жөнгө салат;
- калктын социалдык аялуу катмары үчүн негизги тамак-аш азыктарын жеткиликтүү баада жеткирүүнү жана бөлүштүрүүнү уюштурат;
- азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү максатында республикалык бюджеттен натыйжалуу жана жетиштүү каржылоого өбөлгө түзөт;
- тышкы соода ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын колдонуу жолу менен негизги тамак-аш азыктарын ташып келүүнү жана ташып чыгууну (экспорттук жана импорттук берүүлөрдү) жөнгө салат;
- мыйзамдарда каралган башка иш-чараларды жүзөгө ашырат.
(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 28, 2023-жылдын 25-январындагы №11, 2023-жылдын 13-апрелиндеги № 88 , 2025-жылдын 31-октябрындагы № 248 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Азык-түлүк коопсуздук чөйрөсүндөгү маалымат, мониторинг жана талдоо
1. Азык-түлүк коопсуздук чөйрөсүндөгү маалымат, агроөнөржай комплексинин абалына мониторинг жана талдоо жүргүзүү өзүнө төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
- Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун жана азык-түлүктөн көз карандысыздыгынын деңгээлин эсептөөнүн негизги тутуму, ошондой эле негизги тамак-аш азыктарын өндүрүүнү пландаштыруу үчүн база болуп саналган Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк өндүрүүнүн керектүү жана иш жүзүндөгү деңгээлинин балансын жана ал жыл сайын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлөт;
- тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн абалын, азык-түлүктүн жана айыл чарба, азык-түлүк өнүмдөрүн өндүрүүнүн керектүү жана иш жүзүндөгү деңгээлинин жалпы мамлекеттик жана региондук балансын;
- агроөнөржай комплексинин өнүгүү абалын;
- азык-түлүктүн өндүрүлгөн жана алын келинген көлөмдөрү, анын кыймылы, баасы, сапаты, ошондой эле календардык жыл ичинде керектөө динамикасы жөнүндө маалыматтарын;
- айыл чарба сырьесунун жана азык түлүктүн ички рыногунун абалы жана өнүгүү тенденциясын;
- мамлекеттик материалдык резервдин болушун жана көлөмүн;
- мамлекеттик материалдык резервди сактоо үчүн кампа жайларынын болушун жана абалын;
- азык-түлүктүн, айыл чарба өнүмдөрүн жана кошо сатылуучу товарлардын дүң соодасын;
- калктын айрым топторунун сатып алуу жөндөмдүүлүгүн;
- азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик жана максаттуу программалардын, келишимдердин, макулдашуулардын жана иш-чаралардын аткарылышын;
- Кыргыз Республикасында колдонулуучу техникалык регламенттердин, эларалык, мамлекеттер аралык жана улуттук стандарттардын, ченемдердин жана эрежелердин болушун, ошондой эле тийиштүү техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин колдонулуучу ченемдик укуктук актыларды;
- азык-түлүк коопсуздугунун абалын илимий талдоо.
2. Азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо үчүн негизги (базалык) тамак-аш азыктарынын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Азык-түлүк коопсуздугу боюнча маалымат берүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 138 "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун мониторинги жана индикаторлору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
3. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча маалыматтарды топтоо, мониторинг жана талдоо үчүн жоопкерчилик айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.
4. Туура тамактанууну уюштуруу системасынын натыйжалуулугуна мониторинг жана талдоо жүргүзүү үчүн жоопкерчилик саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.
(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 28, 2023-жылдын 25-январындагы №11 , 2025-жылдын 31-октябрындагы № 248 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Азык-түлүк товарлардын сапаты жана коопсуздугу
1. Кыргыз Республикасынын аймагында жеке жана юридикалык жактар тарабынан өндүрүлүүчү, ташып келүүчү жана сатылуучу тамак-аш азыктарынын тийиштүү техникалык регламенттер, санитардык, ветеринардык, фитосанитардык ченемдердин жана эрежелердин, ошондой эле Кыргыз Республикасында колдонулуучу башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келиши керек.
2. Тамак-аш азыктарынын коопсуздугуна жана сапатына мамлекеттик көзөмөл аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы өзүнүн компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, алып кирилген жана сатылган тамак-аш продукциялары тиешелүү техникалык регламенттердин милдеттүү талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 175 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңеш
1. Министрлер Кабинети азык-түлүк менен республиканы туруктуу жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча байланышкан стратегиялык жана оперативдүү мүнөздөгү башкаруу жана чечимдерди кабыл алуу аракеттерин координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын азык-түлүк боюнча кеңешин түзөт.
2. Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңеши кеңеш берүүчү орган болуп саналат жана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Президенттин жарлыктарын жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин жана башка ченемдик-укуктук актыларын, ошондой эле Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү өзүнүн жобосун жетекчиликке алат.
3. Өзгөчө азык-түлүк кырдаалынын келип чыгышы же анын келип чыгуу коркунучу жөнүндө чечим Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңештин сунуштамасы боюнча Министрлер Кабинети тарабынан, бир эле убакта кабыл алынган чечим жөнүндө Жогорку Кеңешке кабарлоо менен кабыл алынат.
4. Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңештин жумушчу органы болуп айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат.
5. Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңеш калктын коопсуз тамак-аш азыктарына жетүүсү үчүн азык-түлүк резервин түзүү жана туура тамактануу маданиятын калыптандыруу максатында мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, илимий жана билим берүү мекемелеринин, ошондой эле үй чарбаларынын ишин координациялоону жүзөгө ашырат.
(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 28, 2023-жылдын 25-январындагы №11 , 2025-жылдын 31-октябрындагы № 248 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-берене. Азык-түлүк коопсуздугуна жетишүү
Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу камсыз кылынды деп төмөндөгү учурларда эсептелет, эгерде:
- эгерде мамлекеттик материалдык резервдин азык-түлүк тобунун запастарынын деңгээли республиканын калкынын 90 күндөн аз эмес керектөөсүн жапса;
- республиканын мамлекеттик бюджети ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келген негизги тамак-аш азыктарын ташып келүүлөрүн каржылоого мүмкүнчүлүгү болсо;
- Кыргыз Республикасында колдонулуучу ченемдик талаптарга ылайык келген тамак-аш азыктарынын сапаты, калориялуулугу жана коопсуздугу камсыз кылынса;
- эгерде республиканын керектөө рыногунда өлкөнүн калкын кепилденген камсыз кылуу үчүн жетиштүү болгон, керектөөнүн сунуш кылынган өлчөмүнөн төмөн эмес көлөмдөгү тамак-аш азыктары бар болсо.