Бишкек шаары2008-жылдын 4-августу № 185 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 1-берене. Кыргыз Республикасынын
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., №2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1. 33-статьянын 1-бөлүгүндөгү "эки" деген сөз "төрт" деген сөз ме-нен алмаштырылсын. 2. 213-статьянын 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакциядабаяндалсын: "жарандарга - эсептешүү көрсөткүчтүн бештен онго чейинки, кызматадамдарына жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып ке-лет.". 3. 217-статьяда: 1-бөлүгүндөгү "уюштуруу" деген сөздөн кийин ", ошондой эле жарыятакталарын, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөк-жарнактар-ды, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү" деген сөздөр менен толук-талсын; экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "жарандарга - эсептешүү көрсөткүчтүн үчтөн бешке чейинки, кызматадамдарына - ондон жыйырмага чейинки администрациялык айып салууга алыпкелет.". 4. 224-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "224-статья. Айдоочулардын белгиленген тартипте катталбаган, мамлекеттик номер белгисин өз бетинче алып салган, стандартка ылайыксыз,окулбаган, башка жабдуулар менен атайылап жашырылган же жалган мамлекеттик номер белгиси кадалган транспорт каражаттарын айдоосу Айдоочулардын белгиленген тартипте катталбаган транспорт каражат-тарын айдоосу,- эсептешүү көрсөткүчтүн бештен онго чейинки өлчөмүндө администраци-ялык айып салууга алып келет. Жүк ташуучу автоунаалардын, чиркегичтердин (жењил автоунаалардынжана мотоциклдердин чиркегичтеринен башкасы) жана автобустардын (өтөчаканынан башкасы) кузовдорунун арткы боорунда мамлекеттик кайталанмаокшош белгиси жок транспорт каражаттарын айдоо - эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салуугаалып келет. Мамлекеттик номер белгисин өз бетинче алып салган, стандарткаылайыксыз, окулбаган же мамлекеттик номер белгиси атайылап башка жаб-дуулар менен жашырылган транспорт каражаттарын айдоо - эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салуугаалып келет. Мамлекеттик жалган номер белгиси тагылган транспорт каражаттарынайдоо - эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салуугаалып келет.". 5. 225-статьянын экинчи абзацындагы "эсептешүү көрсөткүчтүн бир"деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчтүн үч" деген сөздөргө алмаштырылсын. 6. 226-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "226-статья. Жүк ташуунун эрежесин, ошондой эле сүйрөөнүн эрежесин бузуу Куюлма жүктү автотранспортто жабуусуз ташуу, жүктүн жана бекити-лүүчү түзүлүштөрдүн жылчыксыздыгын камсыз кылбоо, ошондой эле сүйрөөэрежесин бузуу - эскертүү же эсептешүү көрсөткүчтүн эки өлчөмүндө администрациялыкайып салууга алып келет.". 7. 227-статьянын экинчи абзацында "эсептешүү көрсөткүчтүн 0,5" де-ген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчтүн экиден үчкө чейинки" деген сөздөргөалмаштырылсын. 8. 228-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "228-статья. Айдоочулардын тиешелүү уруксатсыз кайра жабдылган, ошондой эле күњүрттөтүүчү жапкычтар чапталган транспорт каражаттарын айдоосу Айдоочулардын тиешелүү уруксатсыз кайра жабдылган же белгиленгентартипте катталбаган үн чыгаргыч, жарык белгилери менен өз бетинче жаб-дылган транспорт каражаттарын айдоосу, - эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салуугаалып келет. Транспорт каражаттарынын жүрүшүндө тиешелүү уруксатсыз коюлганатайы жарык берүү же үн чыгаруу үчүн түзүлүштөрдү колдонуу,- эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салуугаже көрсөтүлгөн түзүлүштү конфискациялоо менен алты айдан бир жылга че-йин транспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратууга алып келет. Сыртына оперативдүү кызматтын автомобилдеринин атайы түстөгү гра-фикалык белгилери мыйзамсыз түшүрүлгөн транспорт каражаттарын айдоо,- түшүрүлгөн түстөгү графикалык белгини жок кылуу менен эсептешүүкөрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Транспорт каражаттарынын мањдайкы, алдыњкы эшиктеринин каптал ай-нектеринде күњүрттөөчү жапкычтар чапталган, ошондой эле арткы капталэшиктеринде жана арткы айнегинде жалтыраган күњүрттөөчү жапкычтар чап-талган транспорт каражаттарын айдоочулардын айдоосу - бул буюмдарды (күњүрттөөчү пленкаларды, жапкычтарды ж.у.с.) мил-деттүү түрдө алып салуу шарты менен эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндөадминистрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү. Бул норма тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабы-нан аныкталган атайын автоунааларга жайылтылбайт.". 9. 230-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "230-статья. Адамдарды ташуунун эрежелерин бузуу жана жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун жүрүшүнө тыюу салынган автожолдорунда айдоочулардын жүргүнчүлөрдү автобус же микроавтобус менен ташуусу Каттам алдында техникалык жана медициналык кароодон өтпөгөн авто-бустарды жана микроавтобустарды айдоо, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү үз-гүлтүксүз ташууну жүргүзүүдө завод-даярдоочу тарабынан каралган жетранспорт каражаттарын каттоо жөнүндөгү күбөлүктөгү отуруучу орундардынкөрсөтүлгөн санынан ашыкча жүргүнчүлөрдү салуу, ошого тете эле тиешелүүоргандар менен макулдашылган каттоо маршрутунун схемасы жок бул транс-порт каражаттарын эксплуатациялоо, - айдоочуларга эсептешүү көрсөткүчтүн бештен онго чейинки өлчөмүндөадминистрациялык айып салууга алып келет. Каттам алдында техникалык жана медициналык кароодон өтпөгөн айдоо-чуларга жүргүнчүлөрдү ташууга уруксат берүү, ошондой эле тиешелүү ор-гандар менен макулдашылган каттоо маршрутунун схемасы жок жүргүнчүлөрдүташуучу транспорт каражаттарын эксплуатациялоо, - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн он бешке чейинки өлчөмүн-дө администрациялык айып салууга алып келет. Автобустар менен микроавтобустардын айдоочулары жүргүнчүлөрдү та-шуучу транспорттун жүрүшүнө тыюу салынган автожолдорунда жүргүнчүлөрдүташыса, - айдоочуларга эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялыкайып салынат же бир жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунанажыратылышына алып келет.". 10. 232-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "232-статья. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашып кетиши Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ыл-дамдыгынан 20 км/саатка чейин ашып кетиши - эсептешүү көрсөткүчтүн бир жарым өлчөмүндө администрациялык айыпсалууга алып келет. Транспорт каражаттарынын айдоочулары кыймылдын белгиленген ылдам-дыгынан 20 км/сааттан да көбүрөөк ашса - эсептешүү көрсөткүчтүн экиден үчкө чейинки өлчөмүндө администраци-ялык айып салынат же үч айдан алты айга чейин транспорт каражаттарынайдоо укугунан ажыратылышына алып келет. Транспорт каражаттарынын айдоочулары кыймылдын белгиленген ылдам-дыгынан 40 км/сааттан да көбүрөөк ашса - эсептешүү көрсөткүчтүн сегиз өлчөмүндө администрациялык айып салы-нат же алты айдан бир жылга чейин транспорт каражаттарын айдоо укугунанажыратылышына алып келет.". 11. 233-статьядагы "эсептешүү көрсөткүчтүн 0,5" деген сөздөр "үчэсептешүү көрсөткүчтүн" деген сөздөргө алмаштырылсын. 12. 234-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "234-статья. Транспорт каражатын айдоочулардын милиция кызматкеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндөгү мыйзамдуу талаптарын аткарбоосу Транспорт каражатын айдоочулардын милиция кызматкеринин транспорткаражатын токтотуу жөнүндөгү мыйзамдуу талаптарын аткарбоосу - эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салуугаже алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражаттарын айдооукугунан ажыратылышына алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жашыжетпегендер тарабынан жасалганда, - ата-энелерине же аларды алмаштырган адамдарга эсептешүү көрсөткүч-түн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү. Милиция кызматкеринин транспорттук каражатты токтотууталабы анын колу же таякчаны көтөрүп жањсоосу бир эле учурда ышкырыкменен, же үн күчөткүчтүн жардамы менен коштолот. Авариялык кырдаалдытүзбөш үчүн сигнал айдоочуга так, түшүнүктүү болуп, өз убагында берили-ши керек.". 13. 235-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын: "235-статья. Транспорт каражаттарын айдоочуларынын жол белгилеринин, жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү чек белгинин талаптарын сактабоосу, озуп өтүүнүн жана маневр жасоонун эрежелерин бузуу, транспорт каражаттарын жолдун машина жүрө турган бөлүгүнө жайгаштыруу, адамдарды ташуу, ошондой эле жана башка жол кыймылы эрежелерин одоно бузуулары Транспорт каражаттарын айдоочулардын жол белгилерин, жолдун өтүүчүбөлүгүндөгү чек белгинин талаптарын сактабоосу, озуп өтүүнүн жана ма-невр жасоонун эрежелерин бузуу, транспорт каражаттарын жолдун машинажүрө турган бөлүгүнө, жолдун кайчылашкан жериме жайгаштыруу, жолдун че-тинде, тротуарларда, жөө жүргүнчүлөргө арналган жолдордо жана башка га-зондордо жүрүү - эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салуугаалып келет. Тыгылыш болуп калган учурда жолдун кесилишине же өтө турган бөлү-гүнө чыгып, транспорт каражаттарынын туура кетүүчү багытта жүрүүсүнөтоскоолдук түзүп, айдоочуну токтотууга аргасыз кылуу - эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салуугаалып келет. Транспорт каражаттарын айдоочулардын токтоо жана токтотуп коюу та-лаптарын сактабоосу - эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салуугаалып келет. Көрсөтүлгөн эреженин талабын бузуу менен каршы тилкеге чыгып айдоо- эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салуугаалып келет. Ушул статьянын төртүнчү бөлүгүндө каралган ошол эле аракет адми-нистрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайракайталанса, - алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражатын айдооукугунан ажыратылышына алып келет. Адамдарды ташуу боюнча коюлган талаптарды бузуу - эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салуугаалып келет. Эскертүү. Токтотуу жана токтотуп коюу (парковкалоо) эрежелеринбузгандыгы, жол жүрүүгө жолтоо болгону үчүн транспорт каражаттарын ток-тотуучу атайын жайларга алып баруу менен мажбурлап эвакуациялоого жолберилет (айдоочусу-ээси жок болсо).". 14. 236-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "236-статья. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын үйрөтүү айдоосун жүргүзүүнүн, сырткы жарыктандыруучу приборлорду пайдалануу, үн чыгаруучу же авариялык белгини колдонуу эрежелерин бузуулары, ошондой эле жарык чагылдыргычы жок унаа арабаларын, велосипеддерди айдоо Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын үйрөтүү айдоосун жүргүзүү-нүн, сырткы жарыктандыруучу приборлорду пайдалануу, үн чыгаруучу жеавариялык белгини колдонуу эрежелерин бузуулары - эсептешүү көрсөткүчүнүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салуугаалып келет. Жарык чагылдыргычы жок унаа арабаларын, велосипеддерди айдоо - эскертүүгө же эсептешүү көрсөткүчтүн эки өлчөмүндө администрация-лык айып салууга алып келет.". 15. 237-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "237-статья. Турак жай зоналарында транспорт каражаттарынын жүрүшү үчүн белгиленген эрежелерди бузуу Турак жай зоналарында транспорт каражаттарынын жүрүшү үчүн белги-ленген эрежелерди бузуу,- эсептешүү көрсөткүчтүн эки өлчөмүндө администрациялык айып салуугаалып келет.". 16. 238-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "238-статья. Айдоочулардын же башка адамдардын транспорт каражаттарын мас абалында айдоосу, ошого тете эле транспорт каражатын мас абалындагы адамга айдоого берүү Айдоочунун транспорт каражаттарын алкоголдук, наркотикалык же ток-сикоманиялык мас абалында айдоосу, - эсептешүү көрсөткүчтүн он беш өлчөмүндө администрациялык айып са-лынат же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражатын ай-доо укугунан ажыратылышына алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган аракет авариялык кыр-даалды түзүүгө учуратканда, - эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып са-лууга же эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражатын айдооукугунан ажыратылышына алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган аракет жабырлануучунунден соолугуна жењил залал келтирилгенде же транспорт каражаттарын жемүлкүн зыянга учуратканда,- эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө айып салууга же үч жылдантөрт жылга чейин транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратууга алып ке-лет. Ушул статьянын биринчи-үчүнчү бөлүктөрүндө каралган ошол эле ара-кет жашы жетпеген тарабынан жасалганда, - ата-энелерине же аларды алмаштырган адамдарга эсептешүү көрсөткүч-түн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салуугаалып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган аракет транспорт кара-жаттарын айдоого укугу жок адамдар тарабынан жасалганда, - он суткага чейин администрациялык камакка алууга же эсептешүү көр-сөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи-үчүнчү бөлүктөрүндө каралган аракеттертранспорт каражаттарын айдоого укугу жок адамдар тарабынан жыл ичиндекайталап жасалганда,- он беш суткага чейин администрациялык камакка алууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган аракет администрациялыкжаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталап жасалганда, - үч жылдан төрт жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражатын айдооукугунан ажыратууга алып келет. Транспорт каражатын башкарууну алкоголдук, наркотикалык же токси-команиялык мас абалындагы адамга берүү, - эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып са-лууга алып келет. Транспорт каражатын башкарууну алкоголдук, наркотикалык жана ток-сикоманиялык мас абалындагы адамга айдоого уруксат берүү, - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн отуз өлчөмүндө админист-рациялык айып салууга алып келет. Айдоочулардын жана транспорт каражаттарын айдаган адамдардын бел-гиленген тартипке ылайык мас абалын күбөлөндүрүүдөн өткөрүүдөн баш тар-туусу, - он беш суткага администрациялык камакка алууга алып келет.". 17. 239-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "239-статья. Транспорт каражаттарын айдоочулардын телефонду колдонуу эрежелерин бузуусу Айдоочунун транспорт каражаты жүрүп баратканда колду пайдаланбайсүйлөшүү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүүчү техникалык түзүлүш жактан жаб-дылбаган телефонду колдонуусу, - эскертүү же эсептешүү көрсөткүчтүн эки өлчөмүндө администрациялыкайып салууга алып келет.". 18. 240-статьяда: 1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "үч" деген сөз "беш" деген сөзгө ал-маштырылсын. 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "эки" деген сөз "беш" деген сөзгөалмаштырылсын; статья төмөнкүдөй 3-бөлүк менен толукталсын: "Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ушул эле аракет адми-нистрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталап жа-салганда, - эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салуугаже алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражатын айдоо уку-гунан ажыратууга алып келет.". 19. 241-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын; "241-статья. Жол кыймылынын катышуучусунун авариялык кырдаалды түзүүгө учуратуучу Жол кыймылы эрежелерин бузуусу Транспорт каражаттарын айдоочу тарабынан, жолдо жүргөн башка каты-шуучулардын жол жүрүү багытын, тездигин өзгөртүүгө учуратуу менен кош-толгон Жол эрежесин бузуп, авариялык кырдаалдын түзүлүшү, - эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салуугаже үч айдан бир жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугу-нан ажыратууга алып келет. Жол кыймылынын башка катышуучулары (ушул статьянын биринчи бөлү-гүндө каралган учурдан тышкары жөө жүргүнчүлөр, велосипедчендер, араба-кечтер ж.б.) тарабынан авариялык кырдаалдын түзүлүшү, - эсептешүү көрсөткүчтүн эки өлчөмүндө администрациялык айып салуугаалып келет; Транспорт каражаттарын айдоочуларынын Жол кыймылынын эрежесин бу-зуп, транспорт каражаттарын же башка мүлктү материалдык зыянга учуратууменен авариялык кырдаалдын түзүлүшү, - эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салуугаже бир жылдан эки жылга чейин транспорт каражатын айдоо укугунан ажыра-тууга алып келет. Транспорт каражаттарын айдоочуларынын Жол кыймылынын эрежесин бу-зуп, жабырлануучунун ден соолугуна жењил залал келтирүү менен авариялыккырдаалдын түзүлүшү, - эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып са-лууга же экиден үч жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражатын айдооукугунан ажыратууга алып келет. Эскертүү. Авариялык кырдаалды түзүү - бул жол кыймылынын катышуу-чусунун жол кыймылынын аракеттеги эрежесин бузуу менен жол кыймылынынылдамдыгын же траекториясын өзгөртүүгө аргасыз кылган алдын ала араке-ти.". 20. 242-статьяда: 1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "үч" деген сөз "бештен онго чейинки"деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "беш" деген сөз "он" деген сөзгө ал-маштырылсын; "үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө соттун чечими боюнча"деген сөздөр "бир жылдан эки жылга чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын; 3-бөлүктүн экинчи абзацындагы "үч" деген сөз "беш" деген сөзгө ал-маштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын: "Транспорт каражаттарын башкарууга укугу жок адам тарабынан жасал-ган, ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган иш ара-кеттер, - эсептик көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салуугаалып келет.". 21. 245-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "245-статья. Жол кыймылына катышуучуларга коюлган башка талаптарды бузуу Жол кыймылынын катышуучуларына жол кыймылы эрежелеринде белгилен-ген, кодекстин ушул статьясында саналып өтпөгөн башка талаптарды бу-зуу, - эскертүү берүүгө же эсептешүү көрсөткүчтүн эки өлчөмүндө админист-рациялык айып салууга алып келет.". 22. 246-статья алып салынсын. 23. 248-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "248-статья. Жол-транспорт кырсыгына байланыштуу милдеттерин аткарбоо Жол-транспорт кырсыгына байланыштуу жол кыймылы эрежелеринде ка-ралган милдеттенмелерди катышуучу болуп саналган айдоочунун аткарбоосу,- эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салуугаже бир жылдан эки жылга чейин транспорт каражаттарын башкаруу укугунанажыратууга алып келет. Айдоочунун Жол кыймылы эрежелерин бузуу менен өзү катышкан, жазыкжазасынын жосундарынын белгилерине ээ болбогон жол-транспорт кырсыгыболгон жерди таштап кетүүсү, - эсептешүү көрсөткүчтүн он беш өлчөмүндө администрациялык айып са-лууга же эки жылдан үч жылга чейин транспорт каражаттарын башкарууданажыратууга алып келет. Айдоочуга, ал катышкан жол-транспорт кырсыгынан кийин, же болбосомилициянын кызматкеринин талабы боюнча мас абалын аныктоо максатындаыйгарым укук берилген кызмат адамы тарабынан күбөлөндүрүү өткөрүлгөнгөчейин транспорт каражатын токтотуу же ыйгарым укук берилген кызмат ада-мы мындай күбөлөндүрүүдөн өткөрүүдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл алган-га чейин айдоочуга алкоголь ичимдиктерин ичүүгө же бањги же психотроп-тук заттарды колдонууга тыюу салуу жөнүндө Жол кырсыгынын эрежелерининталаптарын аткарбоосу - эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салуугаже эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражаттарын башкарууукугунан ажыратууга алып келет. Эскертүү. Жабыркоочуга медициналык жардам көрсөтүүгө байланыштуужолтранспорт кырсыгы болгон жерден кетип калган адам ушул статья боюнчажоопкерчиликтен бошотулат.". 24. 250-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "250-статья. Транспорт каражаттарын башкарган жарандардын эксплуатациялоо жана жол кыймылы эрежелерин дайыма бузуусу Транспорт каражаттарын башкарган жарандардын транспорт каражатта-рын эксплуатациялоо жана жол кыймылы эрежелерин дайыма бузуусу, башкачаайтканда бир жылдын ичинде ушул Кодекстин 223-статьясынын биринчи бөлү-гүндө, 224-237, 239-241, 243-245-статьяларында каралган укук бузуулардыүч жолу же андан ашуун бузуусу, - эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салуугаже үч айдан эки жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражаттарын башкарууукугунан ажыратууга алып келет.". 25. 508-статьянын биринчи бөлүгү "151-157," деген цифралардан кий-ин "228-статьянын экинчи бөлүгүндө" деген сөздөр менен толукталсын;"230-статьянын экинчи бөлүгүндө" деген сөздөр "230-статьянын үчүнчү бө-лүгүндө, 232-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө, 234-статьянынбиринчи бөлүгүндө, 235-статьянын бешинчи бөлүгүндө" деген сөздөр мененалмаштырылсын; "238-статьянын биринчи жана экинчи бөлүгүндө" деген сөз-дөр "238-статьяда, 240-статьянын үчүнчү бөлүгүндө" деген сөздөр мененалмаштырылсын; "241-статьянын биринчи бөлүгүндө" деген сөздөр"241-статьянын биринчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө" деген сөздөрменен алмаштырылсын; "246, 248-статьяларда" деген сөздөр "248,250-статьяларда" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 26. 510-статьядагы "238-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө" деген сөздөралып салынсын; "243-статьясынын экинчи бөлүгүндө" деген сөздөр"243-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын. 27. 511-статьяда: экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "ички иштер органдарынын башчылары жана алардын орун басарлары92-статьяда, 213-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 216-статьясында,223-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 224-227-статьяларда, 228-статьясынынбиринчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 229-статьясында, 230-стать-ясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 231-статьясынын биринчи жанаэкинчи бөлүктөрүндө, 232-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 233-статьясын-да, 234-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 235-статьясынын биринчи-төртүнчүжана алтынчы бөлүктөрүндө, 236 жана 237-статьяларда, 239-статьясында,240-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 241-статьясынын экин-чи бөлүгүндө, 242-статьясынын биринчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүн-дө, 243-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 244 жана245-статьяларында, 247 жана 249-статьяларында, 251-статьясынын биринчибөлүгүндө, 364-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 365-статьясында,366-статьясынын биринчи-үчүнчү бөлүктөрүндө, 375, 376-статьяларында,377-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 378-386, 389-статьяларында,390-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 391, 391-1, 393, 410-статьяларын-да;"; алтынчы жана сегизинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын башкармалыктарынын,бөлүмдөрүнүн (бөлүмчөлөрүнүн) башчылары жана алардын орун басарлары, алэми ички иштер бөлүмүндө Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын бөлүмүжок болсо - ички иштер органдарынын башчылары жана алардын орун басарлары -173, 212-статьяларында, 213-статьянын үчүнчү бөлүгүндө; 214-статьянынүчүнчү бөлүгүндө, 216-219-статьяларында, 223-статьянын биринчибөлүгүндө, 224-227-статьяларында, 228-статьянын биринчи, үчүнчү жанатөртүнчү бөлүктөрүндө, 229-статьясында, 230-статьянын биринчи жанаэкинчи бөлүктөрүндө, 231-статьянын биринчи бөлүгүндө, 232-статьянын би-ринчи бөлүгүндө, 233-статьясында, 234-статьянын экинчи бөлүгүндө,235-статьянын биринчи-төртүнчү жана алтынчы бөлүктөрүндө, 236,237-статьяларында, 238-статьянын сегизинчи жана тогузунчу бөлүктөрүндө,239-статьясында, 240-статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө,241-статьянын экинчи бөлүгүндө, 242-статьянын биринчи, үчүнчү жана төр-түнчү бөлүктөрүндө, 243-статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө,244, 245-статьяларда, 247-статьясында, 248-статьянын биринчи бөлүгүндө,249-статьясында, 251-статьянын биринчи бөлүгүндө; Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын бөлүмдөрүнүн, башкармалыкта-рынын улук инспекторлору, Мамлекеттик автомобиль инспекциясынынжол-патрулдук кызматынын полкторунун, батальондорунун, роталарынын ко-мандирлери, улук мамавтоинспекторлор, мамавтоинспекторлор (ИИБдө МАИнинбөлүмдөрү жок болсо) - 173, 212, 216-219-статьяларда, 223-статьянын би-ринчи бөлүгүндө, 225-227-статьяларда, 229-статьянын биринчи бөлүгүндө,231-статьянын биринчи бөлүгүндө, 232-статьянын биринчи бөлүгүндө,235-статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 236 жана 237-статьялар-да, 239-статьяда, 241-статьянын экинчи бөлүгүндө, 243-статьянын биринчижана экинчи бөлүктөрүндө, 244 жана 245-статьяларда, 247-статьяда; Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын взвод командирлери, улук ма-мавтоинспекторлору, мамавтоинспекторлору, администрациялык практика ин-спекторлору, жол-патрулдук кызмат инспекторлору - ушул Кодекстин247-статьясында.". 28. 522-статьянын 1-бөлүгүндөгү "228" цифралары "228-статьянын би-ринчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө" деген сөздөр менен алмашты-рылсын; "232" цифралары "232-статьянын биринчи бөлүгүндө" деген сөздөрменен алмаштырылсын; "238, 239, 246, 250," цифралары алып салынсын. 29. 559-статьянын 2-пункту "администрациялык укук бузуу жөнүндө ишбоюнча" деген сөздөрдөн кийин "турган жеринде айып төлөөгө мүмкүнчүлүгүжок же болбосо" деген сөздөр менен толукталсын. 30. 567-статьяда: 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ушул Кодекске ылайык айып түрүндө администрациялык жаза чарасысалынышы же транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу мүмкүн бол-гон укук бузуу жасалганда, айдоочудан иш боюнча токтом аткарылган мөө-нөткө айдоочунун күбөлүгү алынып коюлат жана транспорт каражатын убак-тылуу башкаруу укугу берилет, ал жөнүндө укук бузуу жөнүндөгү протокол-го жазылат. Сот тарабынан транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыра-туу жөнүндө токтом чыгарылган учурларда айдоочу күбөлүгү кайтарылып бе-рилбейт, ал эми убактылуу уруксат берүүнүн күч аракети даттануу берүүүчүн белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин же даттануу боюнча чечим кабылалынганга чейин узартылат."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын: "Кайталап укук бузуу жасалганда транспорт каражатын убактылуууруксат берүү боюнча башкарган айдоочуга карата убактылуу уруксат бе-рүүсүн алып коюу менен администрациялык протокол түзүлөт, транспорт ка-ражаты айыптык токтотуучу жайга коюлат. Алынып коюлган убактылуу урук-сат берүү жана транспорт каражаты акыркы укук бузууга жол берилүү ка-ралгандан жана ал үчүн администрациялык айып төлөнгөндөн кийин ээсинекайтарылып берилет. Убактылуу уруксат берүү администрациялык укук бузуужөнүндө протоколдо көрсөтүлгөн күч аракеттин мөөнөтү (30 сутка) өткөн-дөн кийин узартылбайт."; 5-бөлүк тийиштүүлүгүнө жараша 6-бөлүк деп эсептелсин. 31. 568-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "568-статья. Мамлекеттик номер белгилерин алып коюу жана транспорт каражаттарын кармоо, транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана мас абалын күбөлөндүрүү Ушул Кодекстин 224, 228, 238-статьяларында, 241-статьясынын бирин-чи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 242, 243, 244, 248-статьяларындакаралган укук бузуулар жасалганда, Мамавтоинспекция кызматкерлери,ошондой эле Башкы мамлекеттик техникалык инспекция органынын кызматкер-лери (автомототранспорттон тышкары) транспорт каражаттарынын номурдукбелгилерин алып коюуга же транспорт каражаттарын кармоого жана алардыиш каралганга чейин белгиленген тартипте жергиликтүү мамлекеттик адми-нистрациялардын чечимдери боюнча түзүлгөн атайын токтотуучу жайларгаубактылуу сактоо үчүн жеткирүүгө акылуу. Транспорт каражатынын мамлекеттик номурдук белгилерин алып коюудаже аны кармоодо администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколдо ал жө-нүндө тийиштүү жазуу жазылат. Транспорт каражатын кармоо, ошондой эле номердик белгилерин жанатранспорт каражаттарын алып коюу жана сактоо тартиби Кыргыз Республика-сынын Ички иштер министрлиги тарабынан аныкталат. Транспорт каражаттарын башкарган, аларга карата мас абалында депэсептөөгө жетиштүү негиз берген айдоочулардын мас абалы күбөлөндүрүүгөжатат. Мас абалын күбөлөндүрүүгө жиберилген адамдарды жөнөтүү жана алардыкүбөлөндүрүүдөн өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Ички иштер ми-нистрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги та-рабынан аныкталат.". 32. 584-статьянын 2-бөлүгүндөгү "249, 250," цифралары "224-250"цифраларына алмаштырылсын. 33. 592-статьядагы "245, 250" цифралары "238" цифраларына алмашты-рылсын. 34. Кодекстин 44-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 623-1-статья менентолукталсын: "623-1-статья. Атайы укуктан ажыратуу мөөнөтүн кыскартуунун негизи жана тартиби Белгилүү бир мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан же ањ-чылык укугунан ажыратылган адамда кайталап администрациялык укук бузуу-лар жок болгондо, соттор белгиленген мөөнөттүн жарымы өткөндөн кийиношол адамдын өтүнүчү боюнча көрсөтүлгөн укуктан ажыратуу мөөнөтүн кыс-картышы мүмкүн. Эскертүү. Укугунан ажыратылган адамдын кайталап администрациялыкукук жасоосу жөнүндө маалыматтар жоктугун укук бузуулар жөнүндө прото-колду түзгөн орган берет. 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркинтоо" гезитинде 2008-жылдын 12-августунда N 59-60 жарыяланды 3-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырылсын. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев 2008-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган