КР 2026-жылдын 18-мартындагы N 26 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары2008-жылдын 4-августу № 190 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Аялдарга жана эресеге жете электерге мунапыс берүү жөнүндө 2008-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган Жалпы кабыл алынган адам укуктарын жана эркиндиктерин сыйлоонубилдирип, гумандуулуктун жана боорукерликтин принциптерине таянып,ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму тарабынан Адам укуктарынын жалпы дек-ларациясын кабыл алынгандыгынын 60 жылдыгына байланыштуу: 1-берене. Жазык жоопкерчилигинен жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза-дан төмөнкүлөр бошотулсун: а) күйөөлөрү СССРдин жана Кыргыз Республикасынын таламдарын корго-одо, ошондой эле Чернобыль АЭСындагы кыйроону жоюуда курман болгон же-сирлер; б) 55 жаштан ашкан аялдар; в) үй-бүлөсүндө жападан жалгыз багуучу болгон же кеминде эресегежете элек эки баласы же I жана II топтогу майып балдары бар аялдар; г) I жана II топтогу майып аялдар жана эресеге жете электер; д) 7 жылга чейинки мөөнөткө биринчи жолу соттолгон эресеге жетеэлектер; е) ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазасынын өтөлө элекмөөнөтү 1 жылдан аз калган аялдар жана эресеге жете электер; ж) боюнда бар аялдар. 2-берене. Анчалык оор эмес кылмыш жана азыраак оор кылмыш жасаган аялдар жа-на эресеге жете электер эркинен ажыратуу түрүндөгү жазык жоопкерчилиги-нен жана жазадан бошотулсун. 3-берене. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза
кодексинин 336-статьясынын 1жана 2-бөлүктөрүндө (Эркинен ажыратуу жайынан же камактан качып кетүү),337-статьясында (Эркинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн качуу) ка-ралган кылмыштары үчүн жазык жоопкерчилигине тартылган аялдар жана эре-сеге жете электер, эгерде алар ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып үчайдын аралыгында жаза өтөп жаткан жерине же камакта олтурган жерине өзыктыяры менен келсе, жазык жоопкерчилигинен бошотулсун. 4-берене. Ушул Мыйзамдын 1- жана 2-беренелеринин колдонулушу төмөнкүлөргөжайылтылбайт: а) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза
кодексинин 97-статьясында,104-статьясында, 123-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 124, 129,130-статьяларында, 156-статьясынын 2, 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 164-стать-ясынын 3-бөлүгүндө, 165-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 166-статья-сынын 3-бөлүгүндө, 167-статьясынын 3-бөлүгүндө, 168-статьясынын 2 жана3-бөлүктөрүндө, 170-статьясынын 3-бөлүгүндө, 171-статьясынын 3-бөлүгүн-дө, 172-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 174-статьясынын 2-бөлүгүндө,183-статьясынын 3-бөлүгүндө, 188-статьясынын 2-бөлүгүндө, 198-статьясы-нын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 203-статьясынын 2-бөлүгүндө, 204-статьясынын2, 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 208-статьясынын 2-бөлүгүндө, 226, 227,229-233-статьяларында, 234-статьясынын 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда жана3-бөлүгүндө, 238-статьянын 2-бөлүгүндө, 239-статьянын 2-бөлүгүндө,240-статьянын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 241-статьясында, 245-статьясында,246-статьясынын 4-бөлүгүндө, 247, 248-статьяларында, 249-статьясынын3-бөлүгүндө, 250-статьясынын 2-бөлүгүндө, 254-статьясынын 3-бөлүгүндө,258-статьясынын 3-бөлүгүндө, 266-статьясынын 3-бөлүгүндө, 273-статьясы-нын 3-бөлүгүндө, 267-статьясынын 2-бөлүгүндө, 280-статьясынын 3-бөлү-гүндө, 282-статьясынын 3-бөлүгүндө, 283-статьясынын 3-бөлүгүндө,292-299-статьяларында, 302-статьясынын 2-бөлүгүндө, 303-статьясында,304-статьясынын 4-бөлүгүндө, 304-1-статьясынын 3-бөлүгүндө, 305-статья-сынын 2-бөлүгүндө, 306-статьясынын 2-бөлүгүндө, 307-статьясынын 2-бөлү-гүндө, 308-статьясында, 310-статьясынын 2-бөлүгүндө, 311-313-статьяла-рында, 314-статьясынын 2-бөлүгүндө, 316-статьясынын 3-бөлүгүндө,319-статьясында, 320-статьясынын 4-бөлүгүндө, 322-статьясынын 2-бөлү-гүндө, 324-статьясынын 3-бөлүгүндө, 325-статьясынын 2 жана 3-бөлүктө-рүндө, 326-статьясынын 3-бөлүгүндө, 328-статьясынын 2-бөлүгүндө,336-статьясынын 3-бөлүгүндө, 340-статьясында, 341-статьясынын 2-бөлү-гүндө, 345-статьясында, 373-376-статьяларында каралган кылмыштарды жа-саган адамдарга; б) сот тарабынан өзгөчө коркунучтуу рецидивисттер деп табылган,ошондой эле коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу өнөкөт катары кылмыш жа-саган адамдарга; в) өзгөчө оор, оор жана азыраак оор кылмыш жасаган, акыркы өкүмчыгарылгандан кийин издөөдө жүргөн адамдарга. 5-берене. Ушул Мыйзамдын 1 жана 2-беренелеринин колдонулушуна туура келбегентөмөндөгү соттолгон аялдардын жана эресеге жете электердин жазасынынөтөлө элек мөөнөтү кыскартылсын: а) абак-жатактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткандарга - мөөнөтүнүн үч-төн бир бөлүгү; б) атайылап жасаган кылмышы үчүн 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиненажыратууга соттолгондорго - мөөнөтүнүн төрттөн бир бөлүгү; в) атайылап жасаган кылмышы үчүн 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиненажыратууга соттолгондорго - мөөнөтүнүн бештен бир бөлүгү. 6-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө таркалбайт: а) ушул Мыйзамдын 3-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо,жазаны өтөө мезгилинде атайылап кылмыш жасаган адамдарга; б) мурда жазаны өтөөдөн бошотуу жагында мунапыс жана кечирим берүүактылары колдонулган жана кайрадан атайылап кылмыш жасаган адамдарга; в) Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу
кодексине ылайык жазаөтөөнүн белгиленген тартибин одоно бузуучулар деп табылган адамдарга; г) жазык жоопкерчилигинен бошотулган, кылмыштын натыйжасында кел-тирилген зыянды төлөп бербеген адамдарга. 7-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөндөгү адамдарга таркалат: Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан соттолгондорго; башка мамлекеттердин соттору тарабынан соттолуп, жаза мөөнөтүнКыргыз Республикасынын аймагында өтөп жаткандарга. Аларга мунапыс акты-сын колдонуу жөнүндө маселе прокурордун санкциясы менен чечилет. Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан соттолгон, бирок анын че-гинен тышкары жакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адамдарга карата мунапысактысын колдонуу тууралу маселе соттун өкүмүн аткаруу ишке ашырылыпжаткан мамлекеттин компетенттүү органынын токтому боюнча эл аралык ке-лишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун же анынорунбасарларынын санкциялары менен чечилет. 8-берене. Айланасындагылар үчүн коркунуч келтирген оорулардан (кургак учук,карантиндик жугуштуу оорулар, жыныстык оорулар) жапа чеккен адамдарга,ошондой эле медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары дайындалган жанаушул Мыйзамга ылайык жазаны өтөөдөн бошотулууга жаткан адамдарга каратамунапыс актысы алар зарыл болгон дарылоо курсун аяктагандан кийин кол-донулат. 9-берене. Мунапыс актысын колдонуу же колдонбоо жөнүндө чечим ар бир адамгакарата өзүнчө кабыл алынат. Соттолгон адам жөнүндө керектүү маалыматтарболбогон учурда ага карата мунапыс актысын колдонуу тууралу маселеникароо кошумча материалдар алынганга чейин кийинкиге калтырылат. Мунапыс актысын колдонууга байланышкан маселелерди чечүү үчүн тие-шелүү органдар берген суроо-талаптар бардык уюмдар жана мекемелер,ошондой эле кызмат адамдары тарабынан токтоосуз аткарылууга тийиш. 10-берене. Жаза мөөнөтү кечирим берүү же мунапыс тартибинде мурда кыскартыл-ган адамдарга карата мунапыс актысын колдонууда кечирим берүү же муна-пыс жөнүндө актыга ылайык белгиленген жаза мөөнөтүнө таянуу керек. 11-берене. Кылмыштардын же өкүмдөрдүн жыйындысы болгон учурда, эгерде кылмыш-тардын бири ушул Мыйзамдын колдонулушуна туура келбесе, мунапыс актысыэркиндикке чыгаруу бөлүгүндө колдонулбайт. 12-берене. Ушул Мыйзамдын 5-беренесин колдонууда жазанын ушул Мыйзам күчүнөкирген күнгө карата өтөлө элек мөөнөтүнө таянуу керек. 13-берене. Төмөнкүлөр белгиленсин: а) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин "в" пунктунда көрсөтүлгөн адамдар-га ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата ата-энелик укугунан ажыратыл-баган жана 18 жаш курагына жете элек балдары, анын ичинде, асырап алын-ган же камкорчулукка алынган балдары бар же болбосо курагына карабастанI жана II топтогу майып балдары бар аялдар кирет; б) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин "г" пунктунда көрсөтүлгөн адамдар-га ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата мыйзам тартибинде I жана IIтоптогу майыптар деп табылган адамдар кирет; в) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин "д" пунктунда көрсөтүлгөн адамдар-га кылмыш жасалган учурда 18 жаш курагына жетпеген адамдар кирет; г) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин "ж" пунктунда көрсөтүлгөн адамдар-га ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата боюнда бар аялдар кирет. 14-берене. Ушул Мыйзамды аткаруу төмөнкүлөргө жүктөлсүн: а) жаза аткаруу органдарына жана мекемелерине - түзөтүү мекемеле-риндеги соттолгон адамдарга карата; б) тергөө органдарына - кылмыштары тууралуу иштер жана материалдарошол органдардын өндүрүшүндө турган адамдарга карата; в) сотторго: - ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин кылмыштары тууралу иштери сотөндүрүшүндө турган жана карала элек адамдарга карата, ошондой эле кыл-мыштары тууралу иштери каралган, бирок өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элекадамдарга карата; - өкүмдү аткаруу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин72-статьясында каралган тартипте кийинкиге калтырылган соттолгон адам-дарга карата; г) жазык-аткаруу инспекцияларына жана ички иштер органдарына - эр-кинен ажыратууга сыноо мөөнөтү менен же ансыз шарттуу соттолгон адам-дарга, ошондой эле жазаны аткаруудан мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотул-ган жана ички иштер органдарынын көзөмөлүндө турган адамдарга карата. 15-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу ыйгарым укуктуу органдын (кызмат адамынын)прокурор тарабынан санкцияланган токтомунун негизинде, ошондой эле сот-тун токтомунун негизинде жүзөгө ашырылат; токтомго соттолгон адамдын өздүк иши, алган сыйлыктары жана жаза-лары жөнүндө маалымкаттар, мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселеничечүү үчүн зарыл болгон башка документтер тиркелет; ушул Мыйзам соттор тарабынан колдонулган учурда прокурордун каты-шуусу милдеттүү; жазаны өтөө ыйгарым укуктуу органдын (кызмат адамынын) токтомупрокурор тарабынан санкцияланган күндөн тартып же мунапыс актысын кол-донуу жөнүндө соттун токтому мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып ток-тотулат; доо береселери бар адамдарга карата мунапыс актысын анын жазаныөтөөдөн бошотуу бөлүгүндө колдонуу жөнүндө чечим алар өкүмдө белгилен-ген материалдык зыяндарды толугу менен төлөп бергенден кийин кабыл алы-нат. 16-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулушу 1998-жылдын 1-январына чейин колдонуудаболгон Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган кылмыш-тарды жасаган адамдарга да таркалат. Көрсөтүлгөн адамдарга мунапыс ак-тысын колдонууда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Кылмыш-жаза кодек-си боюнча кылмыш курамынын окшоштугуна таянуу керек. 17-берене. Мунапыска туура келген адам мүлкүн конфискациялоодон башка, негиз-ги да, ошондой эле кошумча да жазадан бошотулат. 18-берене. Бул Мыйзам күчүнө киргенге чейин кылмыш жасаган адамдарга каратаушул Мыйзам колдонулат. 19-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, бардык дењгээлдеги жергиликтүү мам-лекеттик администрациялардын башчылары төмөнкүлөргө көмөктөшүүнү камсызкылат: а) ушул Мыйзамдын негизинде жазадан бошотулган эресеге жете элек-терди алар жашаган жерлерине келгенден кийин өз учурунда эсепке алууга,аларды ишке орноштурууга же ата-энелеринин, опека же камкорчулук орган-дарынын көзөмөлүнө өткөрүп берүүгө; зарыл болгон учурларда аларды балдар үйлөрүнө, мектеп-интернаттар-га алар жашаган жерлерине келгенден кийин эки жумадан кеч эмес мөөнөттөжайгаштырууга; эресеге жете электердин иштери боюнча комиссиялардын,ички иштер органдарынын, коомдук уюмдардын жана эмгек коллективдерининжазадан бошотулган эресеге жете электерди кайра тарбиялоо боюнча иште-рин координациялоону жүзөгө ашырууга; б) ушул Мыйзамдын негизинде бошотулган адамдардын бардыгын өз учу-рунда эсепке алууну, алар жашаган жерлерине келген күндөн тартып экижумадан кеч эмес мөөнөттө ишке орноштурууну жана тиричилигин жөнгө са-лууну; өздөрүнүн багуусуна ала турган жакын туугандары жок жазадан бо-шотулган майыптарды жана карыларды майыптардын же карылардын үйлөрүнөжайгаштырууну уюштурууга. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Адилет министрлигижана Саламаттыкты сактоо министрлиги башка органдар менен биргелешипжазадан бошотулган, зарыл болгон дарылоо курсун аяктаган кургак учуктуноор түрү менен ооруган адамдарды белгиленген тартипте эсепке алууну жа-на атайын дарылоо мекемелерине жиберүүнү уюштурсун. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Адилет министрлигижана Тышкы иштер министрлиги башка мамлекеттердин жазадан бошотулганжарандарын эсепке алсын жана өлкөнүн чегинен чыгарып жиберүүнү уюштур-сун. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул Мыйзамдын так жанабирдей аткарылышына көзөмөлдү камсыз кылсын. 20-берене. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет жана алты ай-дын ичинде аткарылууга жатат. Эгерде ушул Мыйзамдын колдонулушу таркала турган адамдарга каратамунапыс берүү актысы ушул Мыйзамды аткаруу үчүн жоопкер органдар тара-бынан ушул беренеде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде колдонулбаса, мунапысберүү актысы башка ар кандай убакта колдонулушу мүмкүн. Ушул Мыйзамдын көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылбагандыгына күнөөлүүадамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев