Бишкек шаары2008-жылдын 5-августу № 197 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу 2008-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,1998-ж., № 3, 67 ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизил-син: 1. 16-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толук-талсын: "бардык адамдар чыгармага ар кандай жерден жана ар кайсы учурда өзкаалоосу менен ээ боло ала турган негизде чыгарманы жалпыга маалымдооүчүн жеткирүү керек (жалпыга жеткирүү үчүн).". 2. 37-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен то-лукталсын: "6) бардык адамдар аткарылганды ар кандай жерлерден жана ар кайсыучурда өз каалоосу менен ээ боло ала турган негизде аткарылганды жалпы-га маалымдоо үчүн жеткирүү керек.". 3. 38-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен то-лукталсын: "5) бардык адамдар фонограммага ар кандай жерден жана ар кайсыучурда өз каалоосу менен ээ боло ала турган негизде фонограмманы жалпы-га маалымдоо үчүн жеткирүү керек.". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев