Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2008-жылдын 2-октябры № 203

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2005-жылдын 18-январы, № 4-5) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

250-берененин экинчи сүйлөмү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын учурунда депутаттар тарабынан жазуу же оозеки түрдө аткаруу бийлик органдарына жана алардын кызмат адамдарына берилген суроо-талаптары стенограмма боюнча Жогорку Кеңештин Аппараты тарабынан жол-жоболоштурулат, депутат жеке өзү кол коет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Жогорку Кеңештин Аппараты тарабынан аткаруу бийлик органдарына жана алардын кызмат адамдарына жөнөтүлөт.".

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К.Бакиев