Бишкек шаары2008-жылдын 8-октябры № 206 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жањгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу 2008-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жањгак жана арча) дарактарпородаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жанапайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити, 2007-жылдын 20-февралы, №13) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 1. 2-статьяда: 2-бөлүк алып салынсын; 3-бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Конфискацияланган жањгак тамырлары, уюлдары жана жыгачтары Өкмөттарабынан белгиленген тартипте колдонулушу, сатылышы же жок кылынышымүмкүн."; 4-бөлүк алып салынсын; 2. 4-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: "Ушул Мыйзам кабыл алынганга чейин конфискацияланган (секвестир-ленген) жана айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча ыйгарымукуктуу мамлекеттик органдын жоопкерчилигинде сакталып турган 186,3куб.м көлөмүндөгү жањгак жыгачтары жана 3 тонна көлөмдөгү жањгак уюлда-ры ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап жыйырма эки айдын ичинде Өк-мөт белгилеген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында сатылууга, та-шылууга, пайдаланууга же жок кылынууга тийиш.". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев