Редакцияот 08.10.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2008-жылдын 8-октябры № 208                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ                   "Кыргыз Республикасынын ички иштер               органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын                Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу 2008-жылдын 5-сентябрында           Кыргыз Республикасынын Жогорку                                    Кењеши тарабынан кабыл алынган     1- берене.      "Кыргыз Республикасынын  ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамына  (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин ведо-мосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:     1. 1-статьяда:     3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:     "Ички иштер  органдарынын түзүмүн жана Кыргыз Республикасынын Ичкииштер министрлиги жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Премьер-минист-ринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.";     4-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен кењештик-те" деген сөздөр алып салынсын.     2. 7-статьянын  1-бөлүгүндө  "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" дегенсөздөр "Кыргыз  Республикасынын  Президенти" деген сөздөргө алмаштырыл-сын.     3. 10-статьянын  3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" дегенсөздөр "Кыргыз  Республикасынын  Президенти" деген сөздөргө алмаштырыл-сын.     4. 21-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:     "Ички иштер  органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарт-тарын Кыргыз Республикасынын Президенти аныктайт.".       2-берене.      Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев