КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 13-октябры № 212
"Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
1-берене.
"Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 4, 196-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 10-статьянын 2-бөлүгүнүн сегизинчи абзацында "Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынына" деген сөздөр "Жогорку Кеңешине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 13-статьянын 4-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жргорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |