Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 31-майындагы N 114 Конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2008-жылдын 15-октябры № 213
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана
толуктоолор киргизүү тууралу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы,
2004-ж., № 12, 531-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор кирги-
зилсин:
1. Преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын статусун
максаттарын, милдеттерин, принциптерин, функциясын, ыйгарым укуктарын,
укуктарын жана милдеттерин аныктайт.".
2. 1-статьяда:
1-3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик аудит - аудит боюнча мамлекеттик бийлик органынын
мамлекеттик ресурстарды (финансылык, материалдык ж.б.) башкаруу боюнча
ишмердиги, анын максаты мамлекеттик каражаттарды жана мүлктү пайдалану-
унун натыйжалуулугу, финансылык отчет түзүүнүн жана бухгалтердик эсеп
жүргүзүүнүн тууралыгы, финансылык тартип бузуулардын алдын алуу болуп
эсептелет.
Аудит - көз карандысыз жана кесипкөй баа берүү, ошондой эле аудит
жүргүзүүчү субъект тарабынан даярдалган маалыматтын тууралыгы жана ише-
нимдүүлүгү жөнүндө отчет берүү.
Аудиттин түрлөрү - финансы аудити, шайкеш келүү аудити жана натый-
жалуулук аудити.
Финансы аудити - аудиторго бардык финансы отчеттуулугу мыйзам та-
лаптарына жана бухгалтердик стандарттарга ылайык даярдалгандыгы жөнүндө
пикирин билдирүүгө мүмкүндүк берген аудит объектинин финансы отчеттуу-
лугун жана эсепке алуу системасын изилдөө жана талдоо.
Шайкеш келүү аудити - аудит объекти тарабынан анын ишин жөнгө сал-
ган мыйзамдарды сактоосуна баа берүү.
Натыйжалуулук аудити - аудит объектинин ишинин үнөмдүүлүгүн,
өндүрүмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун изилдөө жана талдоо.
Тышкы аудит - ички аудиттин натыйжалуулук аудитин кошкондо Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн отчет берүүсүнө, анын ишинин натыйжалуулугуна
аудит жүргүзүүгө чакырылган мамлекеттик аудиттин жогорку органынын көз
карандысыз функциясы.
Ички аудит - ички контроль системасынын адекваттуулугуна жана на-
тыйжалуулугуна, финансылык жана башкаруучулук маалыматтын ишенимдүүлү-
гүнө жана тууралыгына, ишмердиктин жана башкаруунун натыйжалуулугуна,
үнөмдүүлүгүнө жана эффективдүүлүгүнө, активдердин сакталышына жана Кыр-
гыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына талдоону, баалоону жана
мониторингди өзүнө камтыган ички аудит объектисинин ичинде аткарылуучу
көз карандысыз жана калыс функция.
Алдын ала изилдөө - аудит жүргүзүүгө ыйгарым укук алынганга чейин
статистикалык, финансылык жана бухгалтердик отчетторду алуу;";
Статья төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
"Финансы дисциплинасы - экономикалык иштин бардык субъекттери жана
алардын кызмат адамдары үчүн мамлекеттик каражаттарды пайдалануу менен
байланыштуу болгон милдеттүү тартип.";
9-бөлүк 10-бөлүк деп эсептелсин.
3. 3-статьяда:
статьянын аталышындагы "жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн" деген
сөздөр алып салынсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"Эсептөө палатасы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Президентине
жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине отчет берет.".
4. 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья Эсептөө палатасынын ишинин максаты
Эсептөө палатасынын ишинин негизги максаты аудит жана аудиттин на-
тыйжалуулугу: республикалык бюджеттин аткарылышына, жергиликтүү бюджет-
ти, бюджеттен тышкаркы жана атайын каражаттарды түзүүгө жана аткарууга,
мамлекеттик жана муниципалдык менчикти пайдаланууга баа берүү, мамле-
кеттик аудиттин эл аралык стандарттарын камсыз кылуу жана ишке ашыруу
болуп саналат.".
5. 5-статьяда:
2-бөлүгүндөгү "мекемелеринин" деген сөздөн кийин "мамлекеттик" де-
ген сөз менен толукталсын;
4-бөлүктөгү "33 пайыз жана андан ашыкты" деген сөздөр "10 пайыз
жана андан ашыкты" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 7-статьяда:
1-8-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) жергиликтүү жана республикалык бюджетти аткарууга, мамлекеттик
бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууда салык жана бажы кызматтарынын ишине
аудит;
2) мамлекеттик жана муниципалдык менчикти пайдаланууга аудит;
3) мамлекеттик жана/же муниципалдык менчикке катышууда чоњ үлүшү
бар мекемелердин жана уюмдардын ишине аудит;
4) бюджеттик эмес каражаттарды пайдаланууга аудит;
5) каражаттарды республикалык же жергиликтүү бюджеттерден алган
жеке менчик же менчиктин башка түрүндөгү мекемелердин жана уюмдардын,
аталган каражаттарга карата гана, ишине аудит;
6) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички жана тышкы карызынын
абалына жана аны тескөөгө аудит;
7) мамлекеттик бийлик органдарынын жана башка уюмдардын суроо-та-
лаптарына корутундуларды, жоопторду берүү үчүн аудит;
8) козголгон кылмыш иштери боюнча укук коргоо органдарынын су-
роо-талаптарына, ошондой эле соттордун жана Омбудсмендин (Акыйкатчынын)
токтомдоруна корутундуларды, жоопторду берүү үчүн менчигинин түрүнө ка-
рабастан мекемелердин жана уюмдардын ишине аудит;";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 14-16-пункттар менен толукталсын:
"14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептерин тейлөө боюнча опе-
рацияларды жүзөгө ашырууга, республикалык бюджетке чегерилүүчү пайданы
эсептөөнүн тууралыгы бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына
аудит;
15) коммерциялык банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер
тарабынан республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди тейлөө бөлүгүндө
аларга аудит;
16) өткөрүлгөн аудиттердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын
Президентине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине сунуштарды
киргизүү.".
7. 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья. Эсептөө палатасынын ыйгарым укуктары
1. Эсептөө палатасы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) белгиленген статистикалык, финансылык жана бухгалтердик отчет-
туулукка алдынала изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
2) ушул Мыйзамдын 7-статьясында көрсөтүлгөн багыттар боюнча аудит
жүргүзүүгө жана жыйынтыктары боюнча аудит жөнүндө отчет жана башка от-
четторду берүүгө;
3) аудит объектисинин ишине тиешелүү корутундуларды берүүгө;
4) ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, аудит объекттерине
милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон жазма буйрук берүүгө;
5) Кыргыз Республикасындагы бардык мамлекеттик бийлик жана жерги-
ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук
банкынан, менчигинин түрүнө карабастан мекемелерден жана уюмдардан
Эсептөө палатасынын ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон суралуучу маа-
лыматтарды белгиленген мыйзамдын чектеринде алууга. Кыргыз Республика-
сынын Улуттук банкы, банктар жана башка кредиттик-финансылык мекемелер
Эсептөө палатасынын суроо-талабы боюнча жана "Банктык жашырын сыр жө-
нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипке ылайык эгер-
де алар республикалык же жергиликтүү бюджеттерден каражат алышса, кото-
рушса, пайдаланышса же мамлекеттик менчикти пайдаланышса, же болбосо
аны башкарышса, ошондой эле улуттук мыйзамдар же мамлекеттик бийлик ор-
гандары тарабынан берилген салыктык, бажылык жана башка жењилдиктерге
жана артыкчылыктарга ээ болушса операцияларга жана аудит жүргүзүлүүчү
объекттердин эсептеринин абалына зарыл болгон документтик ырастоону бе-
рүүгө тийиш;
6) акчанын өз учурунда келип түшүүлөрүнө, мыйзамдуу бекитилген
көрсөткүчтөр менен салыштырганда республикалык бюджетти аткаруу процес-
синде бюджеттик ассигнованиелерди иш жүзүндө чыгымдоого ыкчам контролду
ишке ашырууга, четтеп кетүүлөрдү жана тартип бузууларды аныктоого,
аларга талдоо жүргүзүүгө, аларды четтетүү боюнча сунуштарды киргизүүгө.
2. Эсептөө палатасынын төмөнкүлөргө укугу жок:
1) аудит объекттеринин саясый максаттарын илгерилетүүгө;
2) аудит объектисинин кызмат адамдарына жана кызматкерлерине адми-
нистрациялык жана башка санкцияларды колдонууга.".
8. 9-статьяда:
1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын
"Эсептөө палатасы Эсептөө палатасынын төрагасынан, үч аудиторунан,
аппаратынан жана анын аймактык бөлүмдөрүнөн түзүлөт.";
2-бөлүк алып салынсын;
3-бөлүктө:
- "бекитилет" деген сөз "түзүлөт" деген сөз менен алмаштырылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Эсептөө
палатасынын түзүмү жана штаттык расписаниеси бекитилген бюджеттин жана
штаттык сандын чегинде Эсептөө палатасынын төрагасы тарабынан бекити-
лет.".
9. 11-статьяда:
1 жана 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эсептөө палатасы өз ишин стратегиялык, жылдык жана утурумдук
пландардын негизинде жүргүзөт, алар Эсептөө палатасынын ишинин бардык
багыттарын эске алуу менен мамлекеттик аудитти жүзөгө ашыруу зарылчылы-
гынан улам түзүлөт.
Эсептөө палатасынын иш планына Кыргыз Республикасынын Президенти-
нин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин, анын профилдик Комитети-
нин тапшырмалары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн су-
роо-талаптары киргизилет. Эсептөө палатасынын жана анын аймактык бөлүм-
дөрүнүн иш планы Эсептөө палатасынын Кењешинде бекитилет.";
3-бөлүктөгү "жүргүзүлгөн" деген сөз "кабыл алынган" деген сөздөр
менен алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Пландан тышкаркы контролдук иш-чаралар Кыргыз Республикасынын
Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин тапшырмаларынын
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ошондой эле козголгон кылмыш иштери
боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилеринин суроо-талаптарынын неги-
зинде жүргүзүлөт.".
10. 12-статьяда:
1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эсептөө палатасынын жогорку органы болуп жети адамдан: Эсептөө
палатасынын төрагасынан жана аудиторлорунан, Кыргыз Республикасынын
Президентинин бир өкүлүнөн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин эки депутатынан турган Эсептөө палатасынын Кењеши саналат.";
5-бөлүктө:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) стратегиялык, жылдык жана утурумдук иш пландарды карайт жана
бекитет;";
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) аудиторлордун, топтордун жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчиле-
ринин аудит жана натыйжалуулук аудити жөнүндө отчетторунун долбоорлорун
угат;";
- 6-пунктундагы "иштеп чыгат жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пунктундагы "Аудитордун" деген сөз алып салынсын;
- 8 жана 9-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) Эсептөө палатасынын бюджетинин долбоорун бекитет;
9) Эсептөө палатасынын аппаратынын, түзүмдүк жана аймактык
бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин отчетторун угат;".
11. 14-статьянын 3-бөлүгү "бюджеттин" деген сөздөн кийин "жана
гранттардын" деген сөздөр менен толукталсын.
12. 16-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку билимдүү жана мамлекеттик башкаруу, аудит жана контроль,
экономика, финансы жана укук жаатында 15 жылдан кем эмес кесиптик таж-
рыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны Эсептөө палатасынын төрагасы
боло алат."
13. 17-статьянын 1-бөлүгүндө:
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 1 жана 2-пункттар менен толукталсын:
"1) Кыргыз Республикасынын Президентине Эсептөө палатасынын ауди-
торунун кызмат ордуна талапкерлер боюнча сунуш киргизет;
2) бекитилген бюджеттин жана штаттык сандын чегинде Эсептөө пала-
тасынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет;";
1-6-пункттар тиешелүү түрдө 3-8-пункттар деп эсептелсин;
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) текшерүүдө табылбаган тартип бузуулар жөнүндө күбөлөндүрүүчү
документтер аныкталганда кайра текшерүү жүргүзүү жөнүндө маселени че-
чет;";
7 жана 8-пункттар тиешелүү түрдө 10 жана 11-пункттар деп эсептел-
син;
9-пункт 12-пункт деп эсептелсин жана төмөнкүдөй редакцияда баян-
далсын:
"12) аудитти жана натыйжалуулук аудитин өткөрүү мөөнөттөрүн узар-
тат аудиттердин жыйынтыктары боюнча айрым отчетторду карап чыгуу чечи-
мин кабыл алат;";
10-14-пункттар тиешелүү түрдө 13-17-пункттар деп эсептелсин.
14. 18-статьянын 2-пунктунун 6-пунктчасындагы "Аудитордун" деген
сөз алып салынсын.
15. 20-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку билимдүү жана мамлекеттик аудит жана контроль, экономика,
финансы жана укук жаатында 10 жылдан кем эмес кесиптик тажрыйбасы бар
Кыргыз Республикасынын жараны Эсептөө палатасынын аудитору боло алат."
16. 21-статьяда:
2-пункту алып салынсын;
3-6-пункттары тиешелүү түрдө 2-5-пункттар деп эсептелсин;
4-пунктундагы "мурда" жана "бул жолку" деген сөздөр алып салынсын;
5-пунктундагы "компьютерлер убактылуу алып коюлат" деген сөздөр
"компьютерлерди убактылуу алып коюу сунуш кылынат" деген сөздөр менен
алмаштырылсын;
7 жана 8-пункттар 6 жана 7-пункттар деп эсептелип, төмөнкүдөй ре-
дакцияда баяндалсын:
"6) иштин башкаруу багыттары боюнча аудиттин материалдарын кабыл
алуу үчүн жооптуу болуп дайындалууга;
7) башкаруу багыттарына иштин жыйынтыгы боюнча отчетко кол коюуга
өзгөчө укугу бар;";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин, анын комитеттеринин
жана комиссияларынын жыйналыштарына жана сессияларына Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтүнүн жыйналыштарына катышат.".
17. 22-статьянын 2-бөлүгүндө:
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 1-пункт менен толукталсын:
"1) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кењеши тарабынан
аныкталуучу Эсептөө палатасынын ишинин белгиленген багыттары үчүн;";
1-6-пункттар тиешелүү түрдө 2-7-пункттар деп эсептелсин;
6-пункттагы "Аудитордун" деген сөз алып салынсын.
18. 24-статьяда:
статьянын аталышындагы "Эсептөө палатасынын" деген сөздөн кийин
"аппаратынын жана" деген сөздөр менен толукталсын;
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жогорку билимдүү жана мамлекеттик аудит жана контроль, эконо-
мика, финансы жана укук жаатында 7 жылдан кем эмес кесиптик тажрыйбасы
бар Кыргыз Республикасынын жараны Эсептөө палатасынын аппаратынын жана
аймактык бөлүмүнүн жетекчиси боло алат.";
2-пункту "Эсептөө палатасынын" деген сөздөн кийин "аппаратынын жа-
на" деген сөздөр менен толукталсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Аппараттын жетекчиси аппараттын ишине жетекчиликти ишке ашырат
жана анын ишин уюштурат, Эсептөө палатасынын төрагасынын тапшырмаларын
аткарат.";
3 жана 4-пункттар тиешелүү түрдө 4 жана 5-пункттар деп эсептелсин;
4-пункта;
- 2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) аймактык бөлүмдүн иш планын иштеп чыгат жана Эсептөө палатасы-
нын Кењешине сунуш кылат;";
- 5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн аудит-
тер жөнүндө отчетторго кол коет;";
5-пунктта:
- 3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн компетенциясынын алка-
гында даярдалган аудит жөнүндө отчетторду жана башка отчетторду Эсептөө
палатасына берүүгө;";
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
"5) Эсептөө палатасынын төрагасы менен макулдашып айрым аудиттер
боюнча отчеттордун долбоорлорун Эсептөө палатасынын Кењешинин карап чы-
гуусуна киргизүүгө;";
- 5-пунктча 6-пунктча деп эсептелсин.
19. 25-статьяда:
статьянын аталышында жана текстинде "адистер" деген сөз "кызмат-
керлер" деген сөз менен алмаштырылсын;
1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттик аудит жана контроль, экономика, финансы жана укук
жаатында 5 жылдан кем эмес кесиптик тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасы-
нын жараны Эсептөө палатасынын кызматкери боло алат.";
- 2-бөлүгүндө:
- 3-пунктундагы "финансы контролун жүзөгө ашырган органдар" деген
сөздөр "салык жана бажы органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пунктундагы "Кењешине" деген сөз "төрагасына" деген сөз менен
алмаштырылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) аудитти жүргүзүүгө отчетко кол коюу укугу менен аны жүргүзүү
үчүн топтун жетекчиси болуп дайындалууга.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Эсептөө палатасынын кызматкери, эгерде төмөндөгүлөр орун алса ау-
дитти же натыйжалуулук аудитин жүргүзүүгө укугу жок:
1) аудит объектисинин жетекчисинин, уюштуруучусунун же кызматкери-
нин жакын тууганы болсо;
2) аудит объектисине таандык болгон жеке мүлктүк кызыкчылыктарга
ээ болсо;
3) аудитке алынып жаткан мезгил аралыгында аудит объектисинин кыз-
маткери болгон учурда.".
20. 28-статьяда:
статьянын аталышында жана текстинде "аудитор" деген сөздөр алып
салынсын;
статья төмөнкү мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Эсептөө палатасынын төрагасы, аудиторлору кызматка дайындалгандан
кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жыйналышында ант бери-
шет:
"Мен,..... Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы
(аудитору) кызматына киришүү менен Кыргыз Республикасына ак ниет
иштөөгө, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоо-
го, өз милдетимди мамлекеттин жана кыргыз элинин кызыкчылыгында ак-ни-
ет, так жана кесипкөйлүк менен аткарууга ант беремин. Эгерде ушул бер-
ген антымды бузсам Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алдында жоопкерчи-
лик тартам.". Эсептөө палатасынын кызматкерлери Эсептөө палатасынын
Кењешинде ант беришет.";
2-бөлүк 3-бөлүк деп эсептелсин.
21. 36-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аудитти жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасы-
нын мыйзамдарына ылайык атайын каражаттардын эсептери түзүлгөн ишкана-
лардын, уюмдардын жана бирикмелердин ушул каражаттарга аудит бөлүгүндө
кирешелерине жана чыгашаларына таркатылат.".
22. 44 жана 45-статьялардагы "мамлекеттик секторлордо" деген
сөздөр алып салынсын.
23. 55-статьянын 1-бөлүгүндөгү "жана аудиттин натыйжалуулугун" де-
ген сөздөр алып салынсын.
24. 60-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"60-статья. Атайын отчеттор
Эсептөө палатасы өзгөчө маанилүү же шашылыш маселе боюнча Кыргыз
Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши
үчүн атайын отчет даярдайт.".
25. 62-статьяда:
4-бөлүктө "басылмаларды" деген сөздөн кийин "атайын ушул максат-
тарга республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген каражаттарга" деген
сөздөр менен толукталсын.
26. 63-статьяда:
1-бөлүктө "бюджеттен" деген сөздөн кийин "жана башка каражаттар-
дан" деген сөздөр менен толукталсын;
2-бөлүктөгү "бюджет боюнча комитетине" деген сөздөр "профилдик ко-
митетине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
27. 64-статьяда:
"бюджет боюнча комитетине" деген сөздөр "профилдик комитетине" де-
ген сөздөр менен алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Материалдык-техникалык базаны чыњдоо, кызматкерлердин потенциалын
жогорулатуу жана аудитордук иштин жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүсүнө
өбөлгө түзүү үчүн Эсептөө палатасын күтүүгө кеткен чыгашалардын сумма-
сынын 10 пайыз өлчөмүндө атайын фонд түзүлөт. Бул фондду пайдалануу
тартиби Эсептөө палатасынын тиешелүү Регламенти тарабынан жөнгө салы-
нат.".
28. 68-статья алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин
күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев