Сравнение редакций…
КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
Бишкек шаары
2008-жылдын 17-октябры № 224
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана
толуктоо киргизүү тууралу
2008-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы,
1997-ж., № 10, 470-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор кирги-
зилсин:
1. 30-статьянын 2-пунктунун 5-пунктчасындагы "арам акчаны актоо
боюнча" деген сөздөр "терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алын-
ган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча операциялардын
(бүтүмдөрдүн)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 32-статьянын 1-пункту "банктык мыйзамдарды," деген сөздөрдөн
кийин "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелер-
ди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Мыйзамын," деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев