Бишкек шаары2008-жылдын 17-октябры № 228 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу 2008-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мам-лекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 193-ст.)төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 24-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын: "6. Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктардымамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу орган "Терроризмди каржылоого жанакылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) кар-шы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык терро-ризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализа-циялоого (адалдоого) каршы аракеттер боюнча ыйгарым укуктуу органгакыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөр жөнүндө маалымат берүүгө мил-деттүү.". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев