КР 2024-жылдын 18-июлундагы № 128 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары2008-жылдын 3-ноябры № 238 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө 1-берене. Республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын аймактарындажайгашкан төмөнкү администрациялык-аймактык бирдиктер жоюлсун: Бишкек шаарында - Чоњ-Арык шаар тибиндеги поселогу; Ош шаарында - Жапалак айылдык округу. Жалал-Абад областында: - Жалал-Абад шаарында - Тайгараев айылдык округу; - Кара-Көл шаарында - Жазы-Кечүү айылдык округу жана Кетмен-Төбөшаар тибиндеги поселогу; - Майлуу-Суу шаарында - Көк-Таш шаар тибиндеги поселогу жана Са-ры-Бээ шаар тибиндеги поселогу; - Таш-Көмүр шаарында - Шамалды-Сай шаар тибиндеги поселогу жанаКызыл-Жар шаар тибиндеги поселогу. Баткен областында: - Кызыл-Кыя шаарында - Ак-Булак айылдык округу; - Сүлүктү шаарында - Восточный (Кош-Булак) шаар тибиндеги посело-гу. Ысык-Көл областында: - Балыкчы шаарында - Орто-Токой шаар тибиндеги поселогу; - Каракол шаарында - Пристань-Пржевальск шаар тибиндеги поселогу. 2-берене. 1. Ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн администрациялык-ай-мактык бирдиктердин курамындагы калктуу конуштар өз статусун жана ата-лышын сактайт. 2. Ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн шаарлардын администра-циялык-аймактык чек аралары жоюлган администрациялык-аймактык бирдик-тердин аймактарын эсепке алуу менен мурунку чек арасында сакталат. 3-берене. Республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын аймактарындажайгашкан төмөнкү администрациялык-аймактык чек араларынын курамындагышаар тибиндеги поселоктордо жана айылдарда жергиликтүү өз алдынча баш-каруу органы жергиликтүү кењештер жана аткаруучу-тескөөчү органдар тү-рүндө түзүлбөй тургандыгы белгиленсин. 4-берене. 1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 2. Республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттөреспубликалык жана областтык маанидеги шаарлардын администрациялык-ай-мактык чек араларынын курамында турган айылдардын жана шаар тибиндегипоселкалардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияла-рын, ыйгарым укуктарын жана милдеттерин кабыл алышсын, ошондой эле ушулМыйзамдан келип чыгуучу башка чараларды көрүшсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети администра-циялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин статистикалык эсебине тиеше-лүү өзгөртүүлөрдү киргизсин. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнчатиешелүү чараларды көрсүн. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев