Бишкек шаары2008-жылдын 20-ноябры № 240 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө 2008-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешинин Ведомосттору, " 1996-ж., № 7, 92-ст.) төмөндөгүдөй то-луктоолор киргизилсин: 1. 91-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: "4. Депозиттерди коргоо боюнча агенттик пайдага салык төлөөчү бо-луп эсептелбейт.". 2. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 104-2-статья менен толукталсын: "104-2-статья. Банктардын Депозиттерди коргоо фондундагы милдеттүү чегерүүлөрү боюнча эсептен чыгаруулар Депозиттерди коргоо фондуна жиберилүүчү банктардын чегерүүлөрүбанктардын милдеттүү төлөмдөрү болуп эсептелет, алардын операциялык чы-гымдары болуп саналат жана алардын жылдык жыйынды кирешесинен эсептенчыгарылууга тийиш.". 2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттукбанкы өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келти-ришсин. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев