Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2008-жылдын 20-ноябры № 242

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

1-берене.

 

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № (2, 529-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-статьянын алтынчы абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"- саясий мамлекеттик кызмат оруну - Кыргыз Республикасынын саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринде каралган жана алар үчүн Конституцияда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Президенттин жарлыктарында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунда белгиленген ыйгарым укуктарын аныктоо менен Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңеши, Премьер-министри тарабынан дайындалуучу (шайлануучу) жана бошотулуучу мамлекеттик кызмат оруну.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева