МыйзамКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2008-жылдын 20-ноябры № 243 «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

       КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык                           КҮЧҮН ЖОГОТОТ

 

 

Бишкек шаары

2008-жылдын 20-ноябры N 243

 

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

            "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши

         жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр

                  жана толуктоолор киргизүү тууралуу

 

        2008-жылдын 10-октябрында           Кыргыз Республикасынын Жогорку

                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган

 

     1-берене.

 

     "Кыргыз Республикасындагы  банктар  жана  банк иши жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ве-

домосттору, 1997-жыл, № 10, 471-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толук-

тоолор киргизилсин:

     1. 1-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

     "2. Банк акционердик коом түрүндө түзүлүүчү жана  өз  ишин  Кыргыз

Республикасынын Улуттук (Борбордук) банкы (мындан ары - Кыргызстан Бан-

кы) тарабынан  берилген  лицензиянын  негизинде  Кыргыз Республикасынын

мыйзам актыларына ылайык жүргүзүүчү юридикалык жак болуп саналат.".

     2. 45-1-статьяда:

     1-пункттун биринчи абзацы "банк мыйзамдарын" деген сөздөрдөн кийин

"Банктык аманаттарды  (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республика-

сынын Мыйзамынын" деген сөздөр менен толукталсын;

     2-пункттун биринчи абзацы "банк мыйзамдарын" деген сөздөрдөн кийин

"Банктык аманаттарды  (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республика-

сынын Мыйзамынын" деген сөздөр менен толукталсын;

     4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 12-пунктча менен толукталсын:

     "12) "Банктык  аманаттарды  (депозиттерди)  коргоо жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамында каралган учурда".

     3. 48-статьянын  5-пунктунун  6-пунктчасындагы  "кылуу  камтылууга

тийиш" деген  сөздөр  "кылууну  караган  талаптардын бири же бир нечеси

камтылышы мүмкүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

     2-берене.

 

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук

банкы өзүнүн  ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтириш-

син.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев