Бишкек шаары2008-жылдын 1-декабры № 249 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу 2008-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-замына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2001-ж., № 1,1-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 1. 1-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менентолукталсын: "- ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртуучу принциптерди мыйзам-дуу бекитүү.". 2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-статья менен толукталсын: "2-1-статья. Ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын камсыз кылуунун негизги принциптери Ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын камсыз кылуунун негизги принциптериболуп төмөнкүлөр эсептелет: - ишкердиктин субъекттеринин ак ниеттүүлүк презумпциясы; - Кыргыз Республикасынын милдеттүү талаптарды белгилөөчү мыйзамда-рындагы карама-каршылыктарды, өксүктөрдү жана так эместиктерди мамле-кеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарыишкердиктин субъекттерине каршы пайдаланышпайт; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурлардаишкердик субъекттеринин иштерине мамлекеттик органдардын жана жергилик-түү өз алдынча башкаруу органдарынын кийлигишпестиги, анын ичинде алар-ды токтотууга жол бербөө; - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-гандарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбеген төлөмдөр-дү белгилөөлөрүнө жана алууларына жол бербөө; - ишкердикке тийиштүү лицензияларды, уруксаттарды жана башка акты-ларды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбеген до-кументтерди белгилөө жана талап кылууга жол бербөө; - ишкердикти жөнгө салуучу иштелип жаткан ченемдик укуктук актыларжөнүндө ишкердиктин субъекттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындабелгиленген тартипте милдеттүү маалымдоо.". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев