Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2008-жылдын 15-декабры № 261

 

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

 

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Эркин-Тоо газетасы, 2005-жылдын 18-январы, № 4-5) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Мыйзамдын бардык тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандык формалардагы "секретариат" деген сөз ар түрдүү жөндөмөлөрдө жана сандык формаларда "бөлүм (сектор)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 18-берененин 3-бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ар бир депутаттык фракция түзүмү жана штаттык саны Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан аныкталган бөлүм (сектор) тарабынан камсыздалат".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К.Бакиев