Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 15-декабры № 262
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" газетасы, 2005-жылдын 18-январы, № 4-5) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
26-главада:
главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26 глава
Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кеңештин мүчөлөрүн,
мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин жана эсептөө
палатасынын кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо";
глава төмөнкүдөй мазмундагы 172-берене менен толукталсын:
"172-берене.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Эсептөө палатасынын Кеңешинин эки мүчөсүн дайындайт.
Эсептөө палатасынын Кеңешинин курамына талапкерлер депутаттык фракциялар сунуш кылган депутаттардын ичинен тийиштүү комитет тарабынан сунушталат жана Жогорку Кеңеш тарабынан жашыруун добуш берүү аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен эки жылдык мөөнөткө дайындалат.
Эсептөө палатасынын Кеңешинин курамына дайындалган депутаттар депутаттардын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен кабыл алынган Жогорку Кеңештин чечими боюнча кайра чакыртылып алынышы мүмкүн.
Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө же бошотуу жөнүндө маселе боюнча Жогорку Кенеш токтом кабыл алат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |