Бишкек шаары2008-жылдын 17-декабры № 264 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам чыгаруу актыларына ("Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси) толуктоолор киргизүү жөнүндө 2008-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына (Кыргыз Респуб-ликасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөйтолуктоо киргизилсин: 16-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын: "7. Төмөнкүлөргө тыюу салынат: - мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары балдарды жасалма тамак-тандыруу үчүн тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталганазыктардын жана каражаттардын үлгүлөрүн акысыз таратууга; - балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттардыколдонууну идеалдаштыруу боюнча ар кандай маалыматтык жана билим берүүматериалдарын белекке берүүгө жана таратууга; - эгерде балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана кара-жаттарды жасап чыгаруучулардын аталыштары, сүрөт-сыпаттамалары жана то-вардык белгилери колдонулса, балдардын, айрыкча ымыркайлардын жана кен-же курактагы балдардын тамак-аш азыктарына карата кызыкчылыгы бар кошбойлуу жана эмчектеги балдары бар аялдар, саламаттык сактоо кызматкер-лери жана башка жактар үчүн арналган иш-чараларга демөөрчүлүк кылууга; - балдарды тамактандыруу процессине тиешеси болбогон, сырт жагынабалдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктардын жана каражаттардын ата-лыштары же сүрөт-сыпаттамалары түшүрүлгөн товарларды (футболкалар, башкийимдер, оюнчуктар, кол чатырлар, баштыктар д.у.с.) адамдардын кењиричөйрөсүнө таратууга, анын ичинде сатууга; - балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттардысатып алууга же пайдаланууга дем берүүгө тикелей же кыйыр багытталганбашка иш-аракеттердин түрлөрүнө.". 2-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө
ко-дексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., №2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 92-2-статья менен толукталсын: "92-2-статья. Балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттарды жарнамалоо жана таратуу эрежелерин бузуу Тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген балдардыжасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттарды жарнамалоо жанатаратуу эрежелерин бузуу, - тиешелүүлүгүнө жараша жарандарга эсептешүү көрсөткүчтүн ондон жы-йырмага чейинки, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырмаданжүзгө чейинки, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчтүн жүздөн бешжүзгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.". 2. 508-статьянын 1-бөлүгү "92" деген цифралардан кийин "92-2" де-ген цифралар менен толукталсын. 3-берене. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнөкирет. 4-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөнтартып үч айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ага ылайыккелтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев