Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ
Бишкек шаары
2008-жылдын 29-декабры № 274
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине
өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө
2008-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөндөгүдөй өз-
гөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
316-статьяда:
1-бөлүмдүн биринчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"(1) Шалаакылык, башкача айтканда кызматка ак ниетсиз же көњүл кош
мамиле жасоонун кесепетинен кызмат адамы тарабынан өз милдеттерин ат-
карбоо же ойдогудай эмес аткаруу, эгерде бул жарандардын же уюмдардын
укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына же болбосо коомдун же мамле-
кеттин мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарына ири зыян же олуттуу укук
бузууларды алып келсе,-";
2-бөлүгүндөгү "ири зыян тартууга" деген сөздөр алып салынсын;
статья төмөндөгүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Ушул статьяда ири зыян деп кылмыш жасаган учурга карата
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн
мин эсе ашып кеткен зыян эсептелет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев