Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 29-декабры № 277
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2005-жылдын 18-январы, № 4-5) төмөндөгүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
52-статьяда:
статья төмөндөгүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"Жогорку Кеңештин Төрагасы катышпаган депутаттардын тизмесин, ошондой эле өз добушун башка депутатка же депутаттык фракциянын лидерине тапшырган депутаттардын тизмесин Жогорку Кеңештин жыйналышында жарыялайт. Эгерде Жогорку Кеңештин депутаты өз добушун башка депутатка же депутаттык фракциянын лидерине тапшырбаса, катышпаган депутаттын жеке компьютери өчүрүлөт.";
6 жана 7-бөлүктөр 7 жана 8-бөлүктөр деп эсептелсин.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |