Сравнение редакций…
КР 2015-жылдын 2-апрелиндеги N 69 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
Бишкек шаары2008-жылдын 29-декабры № 280 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү жөнүндө" жалпы техникалык регламент 2008-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-глава. Жалпы жоболор 2-глава. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуучу жалпы талаптар 3-глава. Жарылуу коопсуздугу боюнча талаптар 4-глава. Механикалык жана электр коопсуздугу боюнча талаптар 5-глава. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуучу талаптар 6-глава. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстеринин ушул техникалык регламентте белгиленген талаптарга шайкештигине баа берүү 7-глава. Корутунду жана өтмө жоболор 1-глава Жалпы жоболор 1-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары жана колдонуу чөйрөсү 1. Ушул Мыйзам (мындан ары - Техникалык регламент) "Кыргыз Респуб-ликасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Мыйзамына ылайык машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоожана утилдештирүү процесстеринде келип чыгуучу коркунучтуу жана зыяндууфакторлордон жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, жеке адамдар-дын жана юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттик жана муниципалдыкмүлктү сактоо, айлана-чөйрөнү жана жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүнөмүрүн жана ден соолугун коргоо максатында: техникалык жөнгө салуунун объекттерин, аларды идентификациялоо ык-малары (эрежелери) менен кошо; машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүүпроцесстеринин коопсуздугун камсыз кылуучу милдеттүү талаптарды, ушулберененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо; машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүүпроцесстерин ушул техникалык регламенттин талаптарына шайкеш келүүсүнбаалоо формаларын белгилейт. 2. Ушул Техникалык регламенттин колдонулушу Кыргыз Республикасынынаймагынын чегинде ишке ашырылып жаткан коркунучтуу жана/же зыяндуу фак-торлордун, анын ичинде жарылуу коопсуздугу, электрлик жана механикалыккоопсуздук боюнча, келип чыгышы мүмкүн болгон машиналарды жана жабдуу-ларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстеринин баарына жайылты-лат. Аталган процесстердин тизмеги ушул Техникалык регламенттин тирке-месинде берилди. 3. Ушул Техникалык регламент өзүнө башка жалпы техникалык регла-менттерде белгиленген, машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодоприборлордун жана жабдуулардын иштөөсүнүн коопсуздугун камсыз кылуу жа-атында электр-магниттик шайкештикти, биологиялык, өрт, термиялык, хими-ялык, ядролук жана радиациялык, нурлануу коопсуздугун камсыз кылуучуталаптарды камтыбайт. Бул Техникалык регламент өзүнө башка жалпы техни-калык регламенттерде белгиленген экологиялык коопсуздуктун талаптарынкамтыбайт. Ошондой эле үй чарбаларында колдонулган машиналарды жана жабдуу-ларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстери жана турмуш-тиричи-лик техникаларын эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстери да булТехникалык регламенттин техникалык жөнгө салуу объектилери болуп санал-байт. 4. Ушул Техникалык регламент менен аныкталган машиналарды жанажабдууларды коопсуз эксплуатациялоо боюнча талаптар сунуш кылынган про-цесстердин тизмегине жараша машиналарды жана жабдууларды эксплуатация-лоону жана утилдештирүүнү ишке ашыруучу бардык адамдар жана укуктук ма-милелердин башка катышуучулары үчүн милдеттүү болуп саналат. 2-берене. Техникалык жөнгө салуунун объектилери жана аларды идентификациялоо тартиби 1. Бул Техникалык регламенттин техникалык жөнгө салуу объектилери(1-статьянын 2-бөлүгүндө аныкталган талаптарды эске алуу менен жана1-берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн объектилерди кошпогондо) төмөнкүлөрболуп саналат: 1) машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоонун ар кандай про-цесстери; 2) машиналарды жана жабдууларды утилдештирүүнүн ар кандай процесс-тери. 2. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстерин иден-тификациялоо машиналар жана жабдуулар аткарган иштерди жана эксплуата-циялоо документтеринде алдын ала каралган иштер менен салыштыруу аркы-луу жүргүзүлөт. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессте-рин идентификациялоо максаттары үчүн эксплутациялоочу, башка кызыкдартарап машиналар жана жабдуулар менен төмөнкү иштердин бири аткарылатургандыгына ынанууга тийиш: 1) машиналар жана жабдуулар эксплуатациялоого киргизилет; 2) машиналар жана жабдуулар арналышы боюнча колдонулат; 3) машиналарды жана жабдууларды техникалык тейлөө жана\же оњдоо(эксплуатациялоодон чыгарылбастан) жүргүзүлөт; 4) машиналар жана жабдуулар эксплуатациялоодон чыгарылат. 3. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү процесстерин иденти-фикациялоо машиналар жана жабдуулар аткарган иштерди жана эксплуатация-лоо документтеринде алдын ала каралган иштер менен салыштыруу аркылуужүргүзүлөт. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү процесстеринидентификациялоо максаттары үчүн эксплутациялоочу, башка кызыкдар тарапмашиналар жана жабдуулар аткарып жаткан иштердин (операциялардын) на-тыйжасында аларды андан ары эксплуатациялоо мүмкүн эмес экендигине ына-нууга тийиш. 3-берене. Негизги түшүнүктөр Ушул Техникалык регламентти колдонуу максаттары үчүн төмөнкүтүшүнүктөр пайдаланылат: машиналардын жана жабдуулардын авариясы (мындан ары - авария) -машиналардын жана жабдуулардын аларды эксплуатациялоо процессинде келипчыгуучу бүлүнүшү же бузулушу, контролдонбогон жарылуу жана/же коркунуч-туу заттардын сыртка чыгышы; тосмолоо - машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо жанакызматчылардын коопсуздукту камсыз кылуучу талаптарды бузгандыгынан жебашка себептерден улам чукул жагдайдын (анын ичинде авариялык) келипчыгышы пайда болгондо машиналарды жана жабдууларды чукул жагдайдын(анын ичинде авариялык) коркунуч пайда болгондо иштөөсүнө мүмкүндүкбербөөнү камсыз кылуучу түзүлүш; машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоого киргизүү - эксплуа-тациялоочу тарабынан машиналарды жана жабдууларды арналышы боюнча пай-далануу башталгандыгын тастыктоочу окуя; жарылуу - жарылуу коркунучу бар чөйрөнүн энергиянын бөлүнүп чыгышыжана кысылган газдардын пайда болушу менен коштолгон экзотермиялык хи-миялык тез өзгөрүшү; жарылуу коопсуздугу - машиналардын жана жабдуулардын эксплуатация-лоо, утилдештирүү учурундагы жарылуу мүмкүнчүлүгү четтетилген же пайдаболгон учурда анын кызматчыларга жана башка адамдарга коркунуч кел-тирүүчү жана зыяндуу факторлорунун таасир тийгизүү мүмкүнчүлүгүнүн ал-дын алуу жана жеке адамдардын, юридикалык жактардын мүлкүн сактоо кам-сыз кылынган абалы; жарылуу коркунучу бар чөйрө - жарылуу болушу мүмкүн болгон шарт-тарда турган химиялык активдүү чөйрө; зыяндуу фактор - чөйрөнүн, эмгек процессинин белгилүү бир шарттар-да адамга тийгизген таасири кесиптик ооруларды пайда кылуучу, ишкежөндөмдүүлүгүн убактылуу же туруктуу төмөндөтүүчү, соматикалык жана ин-фекциялык оорулардын жыштыгын жогорулатуучу, тукумдун ден соолугунунбузулушуна алып келүүчү терс таасири менен мүнөздөлгөн фактору; эмгек шарттарынын гигиеналык нормативдери (ЖЧК, ЖЧД) - Кыргыз Рес-публикасынын Эмгек кодексине ылайык жумуштун узактыгы нормативдик уба-кыттан ашпай иштеген кишинин, ошондой эле өмүрүнүн кийинки бөлүгүндөжана анын төрөлгөн балдарында азыркы заманбап изилдөөлөрдүн натыйжасын-да табылуучу ооруларды же ден соолугунда болуучу четтөөлөрдү пайда кыл-бай турган зыяндуу факторлордун дењгээли. Гигиеналык нормативдерди сак-тоо тийиштүү зыяндуу факторго (факторлорго) карата жогорку сезгичтиккеээ адамдарда ден соолуктун бузулушун болтурбай койбойт; ЖЧК - жол берилген чектик концентрация; ЖЧД - жол берилген чектик дењгээл; коргогуч тосмо - адамды, анын дене бөлүктөрүн, кийимин жана аспап-тарды машиналардын жана жабдуулардын коркунуч келтирүүчү бөлүктөрүнө(кыймылдагы, ток бар ж.б. бөлүктөрүнө) жол берилбеген тийип кетүүдөнжана чайналуудан, ошондой эле кызматчыларды машиналарды жака жабдуулар-ды эксплуатациялоодо келип чыгышы мүмкүн болгон зыяндуу жана коркунуч-туу факторлордон коргой турган техникалык түзүлүш; коопсуздук белгиси - адамдарга түздөн-түз же мүмкүн болуучу корку-нуч тууралуу эскертүүгө арналган, белгилүү аракеттерге тыюу салган, эс-керткен же жол берген, ошондой эле объекттер менен каражаттардын жайга-шуусу тууралуу маалымат берүү үчүн арналган кабарлоочу жана контрасттуутүстөр, графикалык символдор жана түшүндүрмө жазуулар пайдаланылган,аныкталган геометриялык формадагы түстүү графикалык сүрөттөлүш; жасоочу - машиналарды, жабдууларды жасап чыгарган юридикалык жакже жеке адам; нускама - конкреттүү машиналарды жана жабдууларды коопсуз иштетүүбоюнча эрежелерди, ыкмаларды жана усулдарды эксплуатанттын кызматчыла-рынын эсине салуу; аспап - адамдын булчуњ күчүнүн тикелей катышуусу менен материалдыиштетүү үчүн же технологиялык бөлөк аракеттерди жасоо үчүн арналган ас-пап; машина - бөлүктөрдүн жана түйүндөрдүн өз ара байланышып, конк-реттүү колдонуу (иштетүү, кайра иштетүү, жылдыруу же тањгактоо ж.б.)үчүн материалды бириктирилген катары, анын жок дегенде бир бөлүгү жетүйүнү тийиштүү иштеткичтин (приводдун), башкаруу чынжырынын, энергиябулагынын ж.б. жардамы менен кыймылга келет; эмгектин чыњалгандыгы - эмгек процессинин кызматчынын негизиненборбордук нерв системасына, сезүү органдарына, эмоциялык жагына күчкелтирүүчү мүнөздөмөлөрүнүн жыйындысы; жабдуу - өз алдынча пайдаланылуучу же машинага орнотулуучу жананегизги жана кошумча (жардамчы) функцияларды аткаруу үчүн, ошондой элемашиналарды технологиялык комплекске бириктирүү үчүн зарыл техникалыктүзүлүш; коркунучтуу зона - мейкиндиктин машиналарды жана жабдууларды экс-плуатациялоо ордундагы коркунучтуу факторлордун келип чыгуу ыктымалдыгыжогору жана/же коркунучтуу факторлор бар чектелген чөйрөсү, факторлор-дун коркунучтуулук мааниси ЖЧД/ЖЧКнын нормасына салыштырмалуу жогорула-ган (төмөндөгөн) болот; коркунучтуу (чукул) жагдай - машиналарды жана жабдууларды эксплуа-тациялоо же утилдештирүү процессинде, анын ичинде өзгөчө табигый пайдаболушу мүмкүн болгон коркунучтуу жана/же зыяндуу (белгиленген чектикмааниден өйдө (төмөн)) факторлордун жана кырсыктын адамдарга таасирэтүүсүнө алып келүүчү жагдай; коркунучтуу фактор - чөйрөнүн, эмгек процессинин кызматчылардынтравма алышына, ден соолугунун кескин төмөндөшүнө, анын ичинде катуукармаган ооруга, өлүмгө же машиналарды жана жабдууларды эксплуатацияло-одо кырсыктын келип чыгышына себепкер болуучу фактору; оператор - кызматчылардын ичинде машиналарды жана жабдууларды экс-плуатациялоого жиберилүүчү, тийиштүү кесиптик (квалификациясы, адисти-ги), анын ичинде аткара турган жумушунун мүнөзүнө ылайык эмгек коопсуз-дугу боюнча даярдыгы бар адам; эксплуатанттын кызматчылары (мындан ары - кызматчылар) - эксплуа-тациялоочу менен эмгектик же жарандык-укуктук карым-катышта турган, ма-шиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо орундарында же эксплуатация-лоо орундарына жакын жерде болуп калышы ыктымал жеке адамдар; чектик абал - машиналардын жана жабдуулардын ушул машиналар мененжабдууларды нормага ылайык эксплуатациялоо учурунда кырсыктын жол бе-рилген кооптуулугун жогорулатууга алып келүүчү жана кырсыктын келип чы-гуу кооптуулугун жол берилген чекте кармоо үчүн атайын чараларды же ма-шиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодон четтетүүнү талап кылуучумашиналардын жана жабдуулардын техникалык абалы; долбоорлоочу - машиналарды, жабдууларды долбоорлогон юридикалыктарап же жеке адам; кырсыктан коргоо - машиналарды жана жабдууларды токтотуучутүзүлүш, аларды иштөөнүн башка режимдерине которуу, кырсыктын алдыналуу максатында кошумча түзүлүштөрдү иштетүү же болушу мүмкүн болгонкырсыктын кесепеттеринин алдын алуу; жумуш зонасы - полдун же аянтчанын дењгээлинен 2,5 м бийиктик ме-нен чектелген, кызматчылар дайыма же дайыма эмес (убактылуу) болуучуорундар жайгашкан мейкиндик; машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессиндеги жумушчуорун (мындан ары - жумушчу орун) - кызматчылар тарабынан машиналар жанажабдуулар эксплуатациялана турган орун; ресурс - машинанын, жабдуунун долбоорлоочу жана/же жасоочу тарабы-нан натуралай көрсөткүчтөрдө (циклдерде, километрлерде ж.б.) белгилен-ген эксплуатациялоо башталгандан болжолдонгон чектик абалга өткөнгө че-йинки суммалык иштеши; оњдоо - машиналардын, жабдуулардын оњ абалын (ишкежөндөмдүүлүгүн), машиналардын, жабдуулардын же алардын курамдыкбөлүктөрүнүн ресурстарын калыбына келтирүү боюнча аракеттердин комплек-си; сигнализация - көзөмөлдөнүүчү параметрлердин белгиленген маанисинежеткенде добуш жана/же жарык аркылуу белги берүүнү камсыз кылуучутүзүлүш; сигналдык жарык берүү - кызматчылардын жана башка адамдардынкөњүлүн түздөн-түз же болушу мүмкүн болгон коркунучка, жабдуулардын,машиналардын, механизмдердин жана/же конструкциялардын элементтеринекоркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордун булагы болушу мүмкүн болгонжумушчу түйүндөрүнө, өрт техникасына, өрткө каршы жана башка коргоо ка-ражаттарына, коопсуздук белгилерине жана кабарлоочу белгилерге буруугаарналыштагы жарык берүү; сигналдык белгилеме - конструкциялардын, дубалдардын, тосмолордун,жабдуулардын, машиналардын, механизмдердин (же алардын элементтеринин)үстүњкү бетине, ошондой эле тасмаларга, чынжырларга, мамычаларга,түркүктөргө, бөгөттөөчү тоскоолдорго, такталарга жана башкаларга корку-нучтуу билдирүү максатында, ошондой эле көрсөтмө жана маалымат берүүүчүн кабарлоочу жана контрасттуу түстөрдү колдонуу менен түшүрүлгөнтүстүү графикалык сүрөттөлүш; жеке коргонуу каражаты - коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордунтаасиринин алдын алууга же азайтууга арналган, ошондой эле булгануудансактоо үчүн адамдын денесине же анын бөлүктөрүнө кийилүүчү же киши пай-далануучу каражат; жамааттык коргонуу каражаты - коркунучтуу жана/же зыяндуу фактор-лордун таасиринин алдын алууга же азайтууга арналган, машиналар же жаб-дуулар, технологиялык процесс, эксплуатациялоо оруну (жай (имарат) жебашка аймак) менен конструкциялык жана/же функциялык жактан байланышканкаражат; иштөө мөөнөтү - машиналарды, жабдууларды эксплуатациялоонун жасоо-чу жана/же долбоорлоочу тарабынан белгиленген эксплуатациялоо баштал-гандан болжолдук чектик абалга өткөнгө чейинки убакыттын узактыгы; техникалык диагноздоо (техникалык текшерүү) - эксплуатант же алатайын укук берген адам тарабынан эксплуатациялоодогу машиналардын жанажабдуулардын техникалык абалын аныктоо максатында жүргүзүлгөн иш-чара-лар; техникалык тейлөө - машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо-до, сактоодо жана транспортировкалоодо аларды ишке жарактуу (оњ) кармаптуруу боюнча операция же операциялардын комплекси; технологиялык комплекс - бирдиктүү максатка жетүү үчүн бир бүтүннерсе катары куралган жана бир бүтүн нерсе катары иштөөчү бир нече ма-шинанын жана/же жабдуулардын бирдиги; технологиялык процесс - машиналарды жана жабдууларды эксплуатация-лоого байланыштуу, аралык же даяр продукция (натыйжа) алуу максатындакызмат көрсөтүү же чийки затты жана материалдарды иштетүү (кайра иш-тетүү), тетиктерди, түйүндөрдү, агрегаттарды жыйноо үчүн зарыл аракет-тердин ырааттуулугу; ток бар бөлүк - бейтарап өткөргүч менен кошо алганда чыњалуунуналдында нормадагы режимде иштөөгө арналыштагы өткөргүч же өткөрүүчүбөлүк; жумуштун оордугу - кызматчылардын таяныч-кыймыл аппаратына жанаорганизминин функциялык системасына (жүрөк-кантамыр, дем алуу ж.б.) күчкелтирүүчү ишмердиктин ушул түрү үчүн артыкчылык берилген эмгек процес-синин мүнөздөмөлөрүнүн жыйындысы; машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодогу эмгек шарттары(мындан ары - эмгек шарттары) - кызматчылар машиналарды жана жабдуулар-ды иштетүү учурундагы эмгек менен чөйрөнүн оордугунун жана чыњалуусунунжыйындысы; машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү - эксплуатациялоодон чы-гарылган машиналарды жана жабдууларды долбоорлоочу жана/же жасоочу та-рабынан аныкталган арналышы боюнча колдонууга болбой турган абалга кел-тирүү максатындагы аракеттерди жүзөгө ашыруу; эксплуатант - машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоочу жанаКыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды эксплуатациялоонункоопсуздугу үчүн жоопкер юридикалык жак же жеке адам, укуктук мамиле-лердин башка катышуучусу; эксплуатациялык документтер - долбоорлоочу, жасоочу, эксплуатанттарабынан иштелип чыккан жана бекитилген, машиналарды жана жабдуулардыэксплуатациялоого жана утилдештирүүгө арналган, жалпы жана атайын Тех-никалык регламенттердин милдеттүү талаптары эске алынган вербалдык(тексттик), сандык, графиктик маалыматтардын нускама, эреже, сыпаттоо,чийме, схема, технологиялык карталар жана бөлөк документтер түрүндөгүжыйындысы; машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо - машиналарды жанажабдууларды жасоочу (долбоорлоочу) тарабынан аныкталган, арналышы боюн-ча пайдалануу, анын ичинде машиналарды жана жабдууларды эксплуатацияло-ого киргизүү, машиналарды жана жабдууларды техникалык тейлөө жана оњдоо(аларды эксплуатациялоодон чыгарбастан) жана машиналарды жана жабдуу-ларды эксплуатациялоодон чыгаруу. 2-глава Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуучу жалпы талаптар 4-берене. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоого киргизүүнүн шарттары 1. Машиналардын жана жабдууларды эксплуатациялоого киргизүүдө ма-шиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоого жол берүүнүн төмөнкү шарт-тары аткарылууга (камсыз болууга) тийиш: 1) кызматчылардын кесиптик даярдыгы боюнча талаптардын (тийиштүүквалификациясы жана адистиги) аткарылышы; 2) машиналарды жана жабдууларды жайгаштыруу жана орнотуу боюнчаталаптардын аткарылышы; 3) коопсуздук белгилери менен сигналдык белгилемелерди кошо алган-да эксплуатациялоо орунун жарыктандыруу боюнча талаптардын аткарылышы; 4) машиналарды жана жабдууларды штаттык эксплуатациялоодо зыяндууфакторлордун кызматчыларга таасир этүүсүнүн мүмкүн болгон дењгээлинаныктоо, ушул Техникалык регламенттин 4 жана 5-беренелерине ылайык экс-плуатанттан кызматчылардын коопсуздугун камсыз кылуу принциптерин жанаыкмаларын тандашы жана жүзөгө ашырышы; 5) машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессинде келипчыгуучу коркунучтуу жана зыяндуу факторлордон кызматчылардын өмүрүнүн,ден соолугунун жана мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында жалпыжана атайын Техникалык регламенттерде белгиленген талаптардын аткарылы-шы; 6) машиналарды жана жабдууларды орнотуу жана эксплуатациялоо про-цессинде келип чыгуучу коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун таасириненкоргоо максатында адам өмүрүнүн, ден соолугунун жана мамлекеттик же му-ниципалдык мүлктүн, машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо про-цесстерине катышпаган жеке адамдардын жана юридикалык тараптардынмүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жалпы жана атайын техникалыкрегламенттерде белгиленген талаптарды аткаруу; 7) машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессинде келипчыгуучу коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун таасиринен коргоо макса-тында айлана-чөйрөнү, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн өмүрүн же ден соо-лугун коргоо боюнча жалпы жана атайын техникалык регламенттерде белги-ленген талаптарды аткаруу; 8) долбоорлоочунун жана/же жасоочунун эксплуатациялык документте-ринин жана/же эксплуатант тарабынан иштелип чыккан эксплуатациялык до-кументтердин болушу; 9) аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органынын атайын Техникалыкрегламенттерде белгиленген учурларда жана тартипте машиналарды, жабдуу-ларды эксплуатациялоого киргизүүгө берген уруксатынын болушу. 2. Ушул берененин 5-8-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн шарттардын аткары-лышы машиналар жана жабдуулар белгиленген тартипте дал келүүсүн баалоожол-жобосунан өткөндүгүн ырастаган документтердин болушу менен тастык-талууга тийиш. 5-берене. Кызматчыларга машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоого жол берүүнүн шарттары 1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоочу адамдардын ат-карган жумушунун мүнөзүнө ылайык кесиптик (тиешелүү квалификациясы жанаадистиги), анын ичинде эмгек коопсуздугу боюнча да даярдыгы болууга ти-йиш. 2. Кызматчылдардын квалификациясына коюлуучу талаптар, мезгил-мез-гили менен квалификациясын (квалификациясын өзгөрткөнүн) тастыктоонуннегизи, машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо ордунда нускамданөтүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет. Квалификациялык талаптардын мазмуну (курамы) жана квалификацияныырастоо тартиби мамлекеттер аралык, региондук, улуттук билим берүүстандарттарын эсепке алуу менен түзүлгөн билим берүү программалары ме-нен белгиленет. 3. Түздөн-түз эксплуатант тарабынан машиналарды жана жабдуулардыэксплуатациялоо процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуучу талаптардыкызматчылардын окуп-үйрөнүшүн жана билимин текшерүүнү уюштуруу (нускам)Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш. 4. Кызматчыларды медициналык күбөлөндүрүү, алардын маал-маалы ме-нен андан өтүп турушун негиздөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык белгиленет. 6-берене. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо орундарына жайгаштырууга жана аларды эксплуатациялоо орундарын ылайыкташтырууга карата талаптар 1. Машиналарды жана жабдууларды жайгаштыруу аларды эксплуатацияло-онун коопсуздугун, анын ичинде техникалык тейлөөнүн жана оњдоонун кооп-суздугун төмөндөгүлөрдү эске алуу менен камсыз кылууга тийиш: 1) машиналарды жана жабдууларды жайгаштыруунун натыйжасында кошум-ча зыяндуу факторлордун келип чыгышына жол бербөө; 2) кызматчылардын жана башка адамдардын ары-бери коопсуз жүрүүсүжана өтө шашылыш учурларда аларды ылдам эвакуациялоо, ошондой эле жумушорундарына, мүмкүн болушунча транспорт жүрүүчү жолду кесип өтпөгөн эњкыска жол менен жетүү; 3) чийки заттардын, баштапкы материалдардын жана өндүрүш калдыкта-рынын башка жүк ташуу агымына жолукпагандай оптималдуу жол менен ташы-лышы; 4) машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессине байла-нышкан транспорт каражаттарынын коопсуз эксплуатацияланышы; 5) кызматчыларды коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордун терс та-асиринен коргоочу каражаттарды жайгаштыруу; 6) машиналарды жана жабдууларды монтаждоодо (демонтаж), техникалыктейлөөдө жана оњдоодо кызматчылардын операцияларды эркин жана коопсузаткаруусун камсыз кылуучу жумушчу зоналарын (жумушчу орундарын) колдо-нулуучу аспаптардын, орнотулуучу жердин өлчөмүн, запас жана чечилүүчүтетиктерди, түйүндөрдү жана агрегаттарды чыгарууну жана убактылуу жай-гаштырууну эске алуу менен уюштуруу; 7) иштелип жаткан тетик сомолорун, баштапкы материалдардын, чалафабрикаттардын, даяр продукциянын, өндүрүш калдыктарынын, кампа жабдуу-ларынын запастарын (орнотулбаган текчелер, технологиялык идиштер) жай-гаштыруу үчүн аянттардын жана ушуга окшош көмөкчү зоналардын болушу; 8) стационардык аянтчаларды, тепкичтерди, материалдарды сактоо жа-на бир орундан экинчи орунга которуу үчүн түзүлүштөрдү, аспаптар үчүнстолдорду, электр шкафтарын, өрт инвентарын жана стационардыктүзүлүштөрдүн ушуга окшош зоналарын жайгаштыруу үчүн аянтчалардын болу-шу; 9) коммуникациялык системаларды, полдун жана аянтчанын дењгээлиненберилген бийиктикте орнотула турган көмөкчү машиналарды жана жабдуулар-ды, пол астындагы алынуучу же ачылуучу тосмолору бар инженердик курул-маларды (коммуникцияларды) жана коммуникациялардын ушуга окшош зонала-рын жайгаштыруу үчүн аянтчалардын болушу; 10) роботтор иштеген участкаларда өнөр жай роботторунун жанатейлөөчү кызматчылардын жумушчу зоналарына бөлүштүрүлүшү; 11) күйүүчү-майлоочу материалдар топтолгон жерди жана аларды агы-зуучу арыктарды тазалоону уюштуруу. 2. Коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун булагы болгон машиналардыжана жабдууларды, ошондой эле коммуникацияларды жайгаштырууда машина-лардын, жабдуулардын бирдиктеринин араларындагы, ошондой эле машиналар-дын, жабдуулардын жана дубалдын, курулмалардын ортосундагы аралык жалпыжана атайын техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга жоопберүүгө тийиш. 3. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо орундарына жанажумушчу орундарына баруучу өткөөл - жолдор түз болууга тийиш, ањдар,казылган чуњкурлар болбошу керек. Кышында өткөөлдөр кардан тазаланууга,ал эми муз тоњуп калган учурда кум, шлак же башка сыйгаланбоочу матери-алдар чачылууга тийиш. 4. Жумуш ордуна өтүү (көтөрүлүү) үчүн Кыргыз Республикасынын мый-замдарынын талаптарына жооп берген тротуарлар, тепкичтер, көпүрөчөлөр,траптар алдын ала каралууга тийиш. 7-берене. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуу принциптери 1. Бардык категориядагы адамдар, мүлк, ошондой эле айлана-чөйрөүчүн машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин кооп-суздугу эксплуатант тарабынан ушул Техникалык регламенттин 2-4-главала-рында белгиленген талаптарды сактоо менен катар, ушул беренеде белги-ленген ар түрдүү категориядагы адамдар, мүлктөр, ошондой эле айла-на-чөйрө үчүн коопсуздукту камсыз кылуу принциптеринин жыйындысын ишжүзүнө ашыруу менен жетишилүүгө тийиш. Айрым категориядагы адамдар,мүлк үчүн коопсуздукту камсыз кылуунун ар кандай принцибин иш жүзүнөашырууда тийиштүү категориядагы адамдар, мүлк үчүн машиналарды жанажабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин коопсуздугу камсыз болуугатийиш. 2. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо (ГОСТ 12.0.003"Эмгек коопсуздугунун стандарттарынын системасы. Кооптуу жана зыяндууөндүрүш факторлору. Классификация") кызматчыларды коркунучтуу жана зы-яндуу факторлордун таасиринен коопсуз болушун камсыз кылуу төмөнкүпринциптерге ылайык жүзөгө ашырылат: 1) машиналарды жана жабдууларды конструкциялык мүнөздөмөлөрү мененколдонуу, ошондой эле жалпы жана атайын Техникалык регламенттерде бел-гиленген гигиеналык нормаларга туура келбеген коркунучтуу факторлордун,зыяндуу факторлордун кызматчыларга таасир тийгизүүсүнө жол бербөөнүкамсыз кылуучу технологиялык процесстерди колдонуу; 2) эксплуатациялоочу машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоопроцесстеринин коопсуздугун машиналар менен жабдуулардын конструкциялыкөзгөчөлүктөрүнөн, алардын иштөө принциптеринен жана технологиялык про-цесстердин өзгөчөлүктөрүнөн улам ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктундабелгиленген принцибин жүзөгө ашыруу менен камсыз кыла албаган учурдаэксплуатант техникалык чараларды жана кызматчыларды жамааттык коргоокаражаттарын колдонууну камсыз кылууга милдеттүү; 3) эксплуатант машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо про-цесстеринин коопсуздугун машиналардын жана жабдуулардын конструкциялыкөзгөчөлүктөрүнөн, алардын иштөө принциптеринен жана технологиялык про-цесстердин өзгөчөлүктөрүнөн улам ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1, 2-пунк-ттарында белгиленген принцибин жүзөгө ашыруу менен камсыз кыла албаганучурда эксплуатант Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматчы-лардын жеке коргонуу жана/же кызматчылардын иштешинин атайын режимдеринколдонууга милдеттүү; 4) машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин ко-опсуздугун ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында белгиленгенпринциптерин ишке ашырганда камсыз кылуу мүмкүн болбогон учурда эксплу-атант Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка иш-чара-ларды аткарууга милдеттүү. 3. Иштин оордугунун жана чыњалгандыгынын таасири болгондо кызмат-чылардын коопсуздугун камсыз кылуу төмөнкү принциптерге ылайык жүзөгөашырылат: 1) эксплуатанттын эмгектин оордугунун жана чыњалгандыгынынкөрсөткүчтөрүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жолберилген маанилерин сакташы; 2) эксплуатанттын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгенжол берилген маанилердин дењгээлине чейин иштин оордугунун жана чыњалу-усунун таасирин азайтуу боюнча иш-чараларды аткарышы. 4. Эксплуатациялоо ордуна жакын жердеги (иштеген, жашаган ж.б.)жана машиналары жана жабдууларды эксплуатациялоого катышпаган адамдар-дын, эксплуатациялоо ордуна жакын жайгашкан ар кандай мүлктүн коопсуз-дугун камсыз кылуу төмөнкү принциптерге ылайык жүргүзүлөт: эгер машина-ларды жана жабдууларды эксплуатациялоо көрсөтүлгөн адамдар мененмүлктүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында техникалык регламенттерменен белгиленген милдеттүү талаптардын бузулушуна алып келсе, машина-ларды жана жабдууларды эксплуатациялоого киргизүүгө жол берилбейт. 5. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо ордуна жакын жер-деги жана аларды эксплуатациялоо процессине катышпаган жеке адамдардынөмүрүнүн, ден соолугунун жана мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуутөмөнкү принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат: 1) машиналарды жана жабдууларды конструкциялык мүнөздөмөлөрү мененколдонуу, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдар менен мүлккө, ошондой элекоркунучтуу факторлордун жалпы жана атайын техникалык регламенттердебелгиленген гигиеналык нормаларга туура келбеген зыяндуу факторлордунтаасир тийгизүүсүнө жол бербөөнү камсыз кылуучу технологиялык процесс-терди колдонуу; 2) эксплуатант машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо про-цесстеринин коопсуздугун машиналар менен жабдуулардын конструкциялыкөзгөчөлүктөрүнөн, алардын иштөө принциптеринен жана технологиялык про-цесстин өзгөчөлүктөрүнөн улам ушул берененин 5-бөлүгүнүн 1-пунктундабелгиленген принцибин жүзөгө ашырууну камсыз кыла албаган учурда экс-плуатант техникалык чараларды же жамааттык жана жеке коргоо каражатта-рын колдонууну камсыз кылууга милдеттүү. 6. Башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу төмөнкү принципкеылайык жүргүзүлөт: машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо орунда-рына башка адамдардын келишин чектөө. 7. Айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу төмөнкү принципке ылайыкжүргүзүлөт: эгер машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында белгиленген айлана-чөйрөнү коргоо жаатын-дагы милдеттүү талаптардын бузулушуна алып келсе, анда мындай эксплуа-тациялоого жол берилбейт. 8-берене. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуу жолдору 1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин ко-опсуздугун камсыз кылуучу талаптарды аткарууга адамдын өмүрүн жана денсоолугун, жеке адамдардын жана юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттикжана муниципалдык мүлктү, айлана-чөйрөнү, жаныбарлардын жанаөсүмдүктөрдүн өмүрүн же ден соолугун зыяндуу жана коркунучтуу фактор-лордун таасиринен коргоонун зарыл ыкмаларынын жыйындысын колдонуу аркы-луу жетишилет. 2. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессинде келипчыгуучу коркунучтуу жана зыяндуу факторлордон коргоонун колдонулуучужолдору жасоочу жана/же долбоорлоочу алдын ала көрсөткөн ыкмаларга ко-шумча, ушул Техникалык регламенттин 7-беренесинде баяндалган принцип-тердин негизинде эксплуатант тарабынан өз алдынча аныкталат. Бул ыкма-лардын курамы аларды чогуу колдонуунун натыйжасында ушул жана башкатехникалык регламенттер менен белгиленген талаптардын аткарылышы камсызболо тургандай болуп тандалат. 3. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстерининкоопсуздугу төмөнкү жолдордун бири же алардын комбинациясы менен кам-сыздалат: 1) коопсуз технологиялык процесстерди, анын ичинде машиналардынжана жабдуулардын коопсуз режимде иштеши, коркунучтуу жана зыяндуу фак-торлордун келип чыгышы менен байланышкан технологиялык процесстер мененоперацияларды мындай факторлор жок же жалпы жана атайын техникалык рег-ламенттерде белгиленген гигиеналык нормалардын чегинде болгон техноло-гиялык процесстер жана операциялар менен алмаштыруу, ошондой эле функ-цияларды кызматчылардын, машиналардын жана жабдуулардын ортосунда туурабөлүштүрүү; 2) эксплуатациялоо орундарын коопсуздук талаптарына ылайык жарыккылуу, анын ичинде имараттарды жана башка аймактарды жабдуу (машиналар-ды жана жабдууларды имараттардан жана курулмалардан сырткары эксплуата-циялоо үчүн), белгиленген ыкмалар аркылуу машиналарды жана жабдуулардыэксплуатациялоонун коркунучтуу зоналарын көрсөтүү; 3) кызматчыларга коркунучтуу же зыяндуу таасир тийгизбей турганбаштапкы чийки заттарды, материалдарды колдонуу, ал эми бул талапты ат-каруу мүмкүн болбогон учурда коркунучтуу чийки зат менен материалды иш-тетүүдө (кайра иштетүүдө) машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоопроцессинин коопсуздугун, кызматчыларды коргоону камсыз кылуучу шарт-тарды сактоо; 4) коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун өлчөнүүчү параметрлеринконтролдоонун белгиленген ыкмаларын жана каражаттарын колдонуу; 5) кырсыктан коргоочу жана сигналдык түзүлүштөрдү колдонуу; 6) коркунучтуу жана зыяндуу факторлорду локализациялоочу тез таа-сир этүүчү каражаттарды колдонуу; 7) машиналарды жана жабдууларды жайгаштырууну жана жумушчу орунда-рын уюштурууну коопсуздуктун талаптарына ылайык жайгаштыруу; 8) кызматчыларга коркунучтуу же зыяндуу таасир тийгизе турган баш-тапкы материалдар, тетик сомолору, чала фабрикаттар, комплекттөөчү бу-юмдар (тетиктер, түйүндөр, агрегаттар), даяр продукция жана өндүрүштүнкалдыктары менен түздөн-түз контактта болушун машиналарды жана жабдуу-ларды эксплуатациялоо процессин башкаруунун автоматтык системасын кол-донуу менен четтетүү; 9) кесиптик тандоо, кызматчыларды окутуу, эмгек коопсуздугунбилүүсүн жана көндүмдөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белги-ленген талаптарга ылайык текшерүү; 10) мүмкүн болгон коркунучтуу же зыяндуу факторлордун мүнөздөрүнөылайык кызматчыларды коргоонун жеке жана жамааттык каражаттарын КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык колдонуу; 11) туюк циклдин калдыксыз технологиясын колдонуу, эгер бул мүмкүнболбосо коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун булагы болгон өндүрүшкалдыктарын өз убагында утилдештирүү аркылуу; суу менен жабдуунун ай-ланма системасын колдонуу; 12) азыркы илимий-техникалык өнүктүрүү дењгээлинде белгилүү башкамүмкүн болгон ыкмаларды колдонуу. 9-берене. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жалпы талаптар 1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин ко-опсуздугун камсыз кылуу үчүн эксплуатант коркунучтуу (чукул) жагдайлар-дын келип чыгышынын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. 2. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо эксплуатациялыкдокументтердин талаптарына ылайык жүргүзүлөт, жасоочу ал документтердимашиналар жана жабдуулар менен чогуу берүүгө милдеттүү. Эксплуатант машиналар менен жабдууларга эксплуатациялык документ-терди сактоого жана ушул документтерде белгиленген талаптарды аткаруугамилдеттүү. Эгер машиналарды, жабдууларды монтаждоодо (жөндөөдө) долбоорлоочу-нун жана/же жасоочунун эксплуатациялык документтери толук же жарым-жар-тылай жок болсо, анда эксплуатант долбоорлоочудан жана/же жасоочуданмашиналарды жана жабдууларды монтаждоонун (жөндөөнүн) жана алардын экс-плуатациялоонун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон документ-терди суроого милдеттүү, документтерди толук алмайынча машиналарды,жабдууларды эксплуатациялоого киргизүүнү токтотуп турат. Долбоорлоочунун жана/же жасоочунун ким экендигин билүү мүмкүн бол-богон учурда (жок болсо) эксплуатант ошол машиналарды жана жабдуулардыэксплуатациялоонун коопсуздугу үчүн зарыл болгон эксплуатациялык доку-менттерди иштеп чыгууну камсыз кылууга, же болбосо ошол эксплуатациялыкдокументтери калыбына келтирүүгө милдеттүү. 3. Эксплуатант долбоорлоочунун жана/же жасоочунун эксплуатациялыкдокументтерин кызматкерлерге жеткирүүгө, ошондой эле зарыл учурда жалпыжана атайын техникалык регламенттердин милдеттүү талаптарын эске алууменен машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессин уюштурууүчүн кошумча эксплуатациялык документтерди иштеп чыгууга милдеттүү. 4. Эксплуатант долбоорлоочунун жана/же жасоочунун эксплуатациялыкдокументтерине алардын макулдугусуз өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укугу жок. 5. Эгер эксплуатант долбоорлоочунун жана/же жасоочунун эксплуата-циялык документтерин жоготуп койгон болсо, анда ал жетишпеген эксплуа-тациялык документтерди ылайыктуу мөөнөттө, бирок жоготуу билинген учур-дан баштап, алты айдан ашпаган мезгилде, ордуна келтирүүгө чара көрүүгөмилдеттүү. Долбоорлоочу жана/же жасоочу эксплуатациялык документтерсиз экс-плуатациялоого жол бербеген учурда эксплуатант машиналарды жана жабдуу-ларды эксплуатациялоо процессин токтотуп турууга милдеттүү. 6. Иштөө мөөнөтү жана ресурсу бүткөндүгү боюнча машиналарды, жаб-дууларды эксплуатациялоого долбоорлоочу жана/же жасоочу белгилегеншарттарда жол берилет. 7. Эксплуатант төмөнкү учурларда иштөө мөөнөтү аяктай элек жанаресурсу бүтө элек машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоону токто-тууга милдеттүү: 1) эгер машина, жабдуу иштен чыкса (кырсыктан токтоо); 2) тийиштүү ыйгарым укуктары бар мамлекеттик бийлик органдарынынталабы боюнча - коркунучтуу (чукул) жагдай келип чыккан учурда же ошолэксплуатанттын же башка эксплуатанттардын ушундай машиналары, жабдуула-ры кырсыкка учураганда; 3) тийиштүү машиналарды, жабдууларды эксплуатациялоону уланта бер-се кырсыкка учуратышы мүмкүн болгон коркунучтуу (чукул) жагдайлар (аныничинде табигый кырсыктар) келип чыкканда. 8. Эгер долбоорлоочу жана/же жасоочу машиналардын жана жабдуулар-дын тетиктерине, түйүндөрүнө иштөөнүн өзүнчө мөөнөтүн (ресурсун) белги-леген болсо, анда ушул берененин 6, 7-бөлүктөрүндө белгиленген эрежелераларга да тийиштүү. 9. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялык документтерде бел-гиленгенден айырмаланган режимде жана шарттарда эксплуатациялоого жолберилбейт. 10. Эгер машиналардын, жабдуулардын конструкциясында, технология-лык процесстер менен кошо, эксплуатациялоо процессинин коопсуздугункамсыз кылуучу башкаруу системасынын болушу каралса, анда башкаруу сис-темасы токтотулган, ажыратылган же бузук мындай машиналарды, жабдуулар-ды эксплуатациялоого тыюу салынат. 11. Эгер машиналардын жана жабдуулардын конструкциясында коргоосистемасы жана/же сигналдык түзүлүшү кошо курулган болсо, анда коргоосистемасы жана/же сигналдык түзүлүшү токтотулган, ажыратылган же бузукмындай машиналарды, жабдууларды эксплуатациялоого тыюу салынат. 12. Радиоактивдүү нурлануу булагы бар приборлор менен жабдылганмашиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо аларды тейлөөчү кызмат-чылар үчүн радиациялык контроль жана анын натыйжаларын каттоо радиация-лык коопсуздук жаатындагы техникалык регламенттердин талаптарына жоопберүүгө тийиш. 13. Эгерде бул долбоорлоочу жана/же жасоочу тарабынан, ошондой элеатайын техникалык регламенттерде белгиленген учурда эксплуатант техни-калык диагноздоо жүргүзүүгө милдеттүү. 10-берене. Кырсыктан коргоо каражаттарын жана сигналдык түзүлүштөрдү колдонуунун талаптары 1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо төмөндөгүдөй та-лаптарга жооп берген кырсыктан коргоо каражаттары колдонулууга тийиш: 1) кырсыктан коргоо каражаттары коркунучтуу (чукул) жагдай келипчыкканда же кырсык болгондо өз милдетин аткарууга тийиш; 2) кырсыктан коргоо каражаттарынын аракеттери тийиштүү коркунучтууже зыяндуу фактор жоюлгандан эрте токтолбоого тийиш; 3) кырсыктан коргоо каражаттарынын биринин же анын элементинин иш-тебей калышы коргоонун башка каражаттарынын аракетин токтотуп койбооготийиш. 2. Кырсыктан коргоо каражаттарынын жайгаштырылышы эксплуатанттынмашиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоону жана техникалыктейлөөнү камсыз кылуу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн чектеп койбоого тийиш; 3. Сигнализация каражаттарынын жана коркунучтуу (чукул) жагдайлар-дын келип чыкканы тууралуу кабарлоочу башка маалымат каражаттарынынжайгаштырылышы кызматчылардын маалыматты жањылбай, туура жана ылдам ка-был алышын камсыз кылууга тийиш. 4. Коркунуч тууралуу билдирүүчү сигналдык түзүлүштөр алардын сиг-налдары машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессинде корку-нуч келтирилген же коркунуч келиши мүмкүн болгон адамдарга жакшы угул-гандай жана ажырата алгандай аткарылууга жана жайгаштырылууга тийиш. 5. Добуш сигнализациясы оператордун көрүү каналы маалымат менентолуп калган учурда, ошондой эле чектелген көрүү шартында, машиналардыжана жабдууларды эксплуатациялоо орундары мейкиндикте көп орун ээлеген-де, кызматчылардын ишмердиги монотондуу болгон учурларда колдонулуугатийиш. 6. Сөз менен кабар берүүчү системалардын техникалык каражаттарыэки тараптуу маалымат алмашуу талап кылынган учурда, ошондой эле маши-наларды жана жабдууларды эксплуатациялоодо келип чыккан жагдайдан уламсөз түрүндөгү эмес кодду (сигналды) айрып билүү кыйын болуп калгандаколдонулууга тийиш. Сөз менен кабар берүүчү системалардын техникалык каражаттарынындинамикалуу диапазону сапаттуу сөз байланышын камсыз кылууга тийиш.Ызы-чуу таасир эткен шарттарда үндү угузуунун энергиялык дењгээлиызы-чуунун дењгээлинен кеминде 10 дБден ашык болушу зарыл. 11-берене. Кызматчыларды коргоо каражаттарын колдонуу боюнча талаптар 1. Ушул талаптар кызматчыларга коркунучтуу жана/же зыяндуу фактор-лордун таасиринин алдын алуу же таасирин азайтуу үчүн коргоо каражатта-рын колдонууга таандык. 2. Персоналды коргоо каражаттарын аларды колдонуу мүнөзүнө жараша"Эмгек коопсуздугунун стандарттарынын системасы. Кызматчыларды коргоокаражаттары. Жалпы талаптар жана классификациясы": 12.4.011 ГОСТко ыла-йык эки категорияга бөлүнөт: 1) жамааттык коргонуу каражаты; 2) жеке коргонуу каражаты. 3. Кызматчыларды коргоо каражаттарын колдонуу төмөнкүлөрдү камсызкылууга тийиш: жумушчу зонадан коркунучтуу жана/же зыяндуу заттарды жана матери-алдарды алып кетүү (жамааттык коргонуу каражаты үчүн); коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордун таасирин (санын) жалпыжана атайын техникалык регламенттерде белгиленген маанилерге чейинтөмөндөтүү; кызматчыларды кабыл алынган технологияны жана жумуштун шарттарынкоштоп жүрүүчү коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордун таасир тий-гизүүсүнөн коргоо; кызматчыларды технологиялык процессти бузуудан же кырсыктан келипчыккан коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордун таасир тийгизүүсүнөнкоргоо; 4. Кызматчылар коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордун мүмкүн бо-луучу таасир этүүсү эске алынып, жеке коргонуу каражаттары менен КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык камсыз болууга тийиш. 5. Кызматчылар жеке коргонуу каражаттарын алганда бул каражаттардыпайдалануунун тартиби тууралуу нускамдан өтүүгө жана ал каражаттардыкароо талаптары менен таанышууга тийиш. 6. Кызматчыны коргой турган төмөнкүдөй каражаттарды колдонууга жолберилет: 1) коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун аракетинин алдын алат жетөмөндөтөт; 2) коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун булагы болуп эсептелбейт; 3) эргономиканын талаптарына жооп берет; 4) техникалык регламенттердин жана эксплуатациялык документтердинталаптарына ылайык арналышы жана иштөө мөөнөтү, аны эксплуатациялоонунжана сактоонун эрежелери көрсөтүлүп маркаланган. 7. Кызматчыларды коргоо каражатынын конкреттүү тибин тандоо ти-йиштүү процесс жана жумуштун түрү үчүн коопсуздуктун талаптарын эскеалуу менен жүзөгө ашырылууга тийиш. 8. Жеке коргонуу каражаттарын колдонууда жана аларды техникалыктейлөөдө эксплуатант жасоочунун документтеринде белгиленген талаптардысактоого милдеттүү. 9. Жеке коргонуу каражаттарынын коргоочу, физиологиялык-гигиеналыкжана эксплуатациялык көрсөткүчтөрү боюнча дал келүүсү атайын техникалыкрегламент менен белгиленген тартипте жана мөөнөттө бааланууга тийиш. 10. Кызматчыларды жамааттык коргоо каражаттары машиналар, жабдуу-лар жана башкаруу элементтери менен конструкциялык жактан коркунучтуу(чукул) жагдай келип чыкканда коргонуу каражатынын автоматтык түрдө иш-теши камсыз кылынгыдай болуп бириктирилген болушу керек. Жамааттык коргонуу каражаттарын машиналарды жана жабдууларды иш-тетүү жана токтотуу үчүн башкаруу элементи катары колдонууга жол бери-лет. 11. Кызматчыларды жамааттык коргоо каражаттары машиналарда жанажабдууларда же жумуш ордунда алардын иштешине үзгүлтүксүз контрольжүргүзүү, ошондой эле аларды коопсуз техникалык тейлөө жана оњдоомүмкүндүгү камсыз болгондой жайгаштырылат. 12. Жумушчу орундардагы жамааттык коргонуу каражаттарынын натыйжа-луулугун контролдоо жамааттык коргонуу каражатын жасоочунун эксплуата-циялык документтерине ылайык жүргүзүлүүгө тийиш. 13. Жумушчу орундардагы жеке коргонуу каражаттарынын натыйжалуулу-гун контролдоо жамааттык жеке коргонуу каражатын жасоочунун эксплуата-циялык документтерине ылайык жүргүзүлүүгө тийиш. 12-берене. Машиналарды жана жабдууларды башкаруу тутумун эксплуатациялоо процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуучу талаптар 1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоону башкаруучу экс-плуатациялоо тутумунун процессиндеги (машиналык, адамдык-машиналык)бардык каралган иштөө режимдерде жана эксплуатациялык документтерде ка-ралган бардык тышкы таасирлерде бул башкаруунун коопсуздугу камсыз бо-лушу керек. Жумуш орундарында башкаруу аракеттеринин керектүү кезеги тууралуужазуулар, схемалар жана маалыматтын башка каражаттары болушу керек. 2. Башкаруу органдары төмөнкүдөй болгон машиналарды жана жабдуу-ларды эксплуатациялоого уруксат берилет: 1) аларды контролдогон персонал үчүн мүмкүндүк алууга жењил жанаэркин айырмалануучу, зарыл учурда жазуулар, символдор жана башка ыкмаменен белгиленген; 2) алар эркин жүрбөй тургандай жана аларды ишенимдүү жана бирдеймааниде, анын ичинде персонал жеке коргонуу каражаттарын колдонгонучурда дагы манипуляциялоо камсыз болгондой конструкцияланган жана жай-гашкан; 3) жылдыруу, ырааттуулугу жана пайдалануу жыштыгы үчүн талап кы-лынган күч аракеттерди, ошондой эле функциялардын маанилүүлүгүн эскеалуу менен жайгашкан; 4) алардын формасы, өлчөмү жана контакттын үстү оператор тарабынанкармоо (манжалар менен, кол менен) же басуу (манжа, алакан, таман ме-нен) ыкмасына ыњгайлуу болгондой кылып жасалган; 5) функционалдык багыты персоналдын кооптуу зонада болушун талапкылган, башкаруу органдарын кошпогондо, кооптуу зонадан тышкары жайгаш-кан. 3. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоону баштоо, ошондойэле алар токтогондон кийин, токтоо себебине карабай эксплуатацияланышынкайтадан баштоо аракетке келтирүүнү башкаруу органын манипуляциялоо жо-лу менен гана жүргүзүлөт. Эгерде токтогондон кийин кайрадан аракетке келтирүү ошол режимдекаралган болсо, бул талап автоматтык режимде эксплуатацияланып жатканмашиналарды жана жабдууларды кайрадан аракетке келтирүүгө тийиштүүэмес. 4. Энергия менен камсыздоонун толук же жарым-жартылай токтотулушужана анын андан ары калыбына келтирилиши, ошондой эле энергия мененкамсыздоону башкаруу түйүнүнүн бузулушу кооптуу (чукул) абалдардынтүзүлүшүнө алып келбеши керек, анын ичинде: 1) энергия менен камсыздоону калыбына келтирүүдө машиналардын жанажабдуулардын өз алдынча аракетке келишине; 2) токтоого берилген команданын аткарылбашына; 3) машиналардын жана жабдуулардын кыймылдуу бөлүктөрүнүн жана агабекитилген буюмдардын (мисалы, буюм сомолордун, шаймандардын ж.б.)түшүп калышына жана ыргып кетишине; 4) жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарынын натыйжалуулугунунтөмөндөшүнө. 13-берене. Эксплуатацияланып жаткан машиналарды жана жабдууларды техникалык диагностоо 1. Машиналарды жана жабдууларды техникалык диагностоо процессиндеэксплуатант төмөнкүлөрдү белгилеши керек: 1) техникалык диагностоо учурунда машиналардын жана жабдуулардынандан ары коопсуз эксплуатациялоого жарактуулугун; 2) эксплуатацияланып жаткан машиналардын жана жабдуулардын болжол-дуу начар абалга жетишин аныктоону (машиналардын жана жабдуулардын кал-ган ресурсу), анын ичинде машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуа-тациялоо мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн аныктоону. 2. Машиналарды жана жабдууларды техникалык диагностоо (техникалыктекшерүү) эксплуатант тарабынан өзүнө техникалык изилдөөнү, сыноону,күбөлөндүрүүнү жана ушул берененин 1-бөлүгүндө саналган максаттаргажетүүгө мүмкүндүк берген башка ыкмаларды камтыган иш чараларды өткөрүүжолу менен жүргүзүлөт. 3. Эгер техникалык диагаостоонун жыйынтыгы боюнча (техникалык тек-шерүү) машиналар жана жабдуулар андан ары эксплуатациялоого кооптууабалда деп табылса, эксплуатант аларды эксплуатациядан алып салышы жеандан аркы коопсуз эксплуатацияны камсыз кылган тийиштүү оњдоо иштеринжүргүзүшү керек. 14-берене. Техникалык тейлөөнү уюштуруу жана машиналар менен жабдууларды оњдоо боюнча талаптар 1. Эксплуатант тарабынан машиналарды жана жабдууларды техникалыктейлөө жана оњдоо уюштурулушу же алар алмаштырылышы керек. 2. Техникалык тейлөөнүн көлөмү машиналарды жана жабдууларды экс-плуатациялоонун коопсуздугун кармоо жана ушул техникалык регламентте,атайын техникалык регламенттерде, эксплуатациялык документтерде карал-ган алмашып туруучу жумуш шарттарынын чегине ылайыктоо муктаждыгы мененаныкталышы керек. 3. Машиналардын жана жабдуулардын айрым түрлөрү үчүн оњдоонун мез-гилдүүлүгү жана анын бардык түрлөрү, эгер башкасы атайын техникалыкрегламентте каралбаса, долбоорлоочунун жана/же даярдоочунун эксплуата-циялык документтерине ылайык белгиленет. 4. Долбоорлоочу жана/же даярдоочу тарабынан аныкталган тийиштүүталаптарды эске алуу менен техникалык диагностоонун жыйынтыгы боюнчамашиналардын жана жабдуулардын абалына карата оњдоонун мезгилдүүлүгүнөзгөртүүгө мүмкүндүк берилет. 5. Технологиялык комплекске тикелей байланыштуу машиналарды жанажабдууларды оњдоо акыркыларды оњдоо менен бир убакта жүргүзүлөт. 6. Машиналарды жана жабдууларды конструкциялык өзгөртүү техникалыкрегламенттерге, даярдоочунун жана/же долбоорлоочунун эксплуатациялыкдокументтерине ылайык белгиленген чекте жүргүзүлөт. 7. Оњдоодон кийин машиналарды, жабдууларды эксплуатацияга берүүдөкаралган жумуштардын бардыгынын аткарылышы, атайын техникалык регла-ментте жана/же даярдоочунун жана/же долбоорлоочунун эксплуатациялык до-кументтеринде каралган оњдоонун отчеттук техникалык документтеринин бо-луусу текшерилиши керек. 8. Оњдоодон кийин машиналарды жана жабдууларды эксплуатациягаберүү атайын техникалык регламенттин, даярдоочунун жана/же долбоорлоо-чунун эксплуатациялык документтеринин талаптарына ылайык жүргүзүлөт. 9. Машиналарды жана жабдууларды техникалык тейлөө жана оњдоо боюн-ча жумуштарды аткарууда коопсуздукту камсыз кылуучу уюштуруучулук жанатехникалык иш чаралар аткарылышы керек. 15-берене. Сигналдык жарык берүүлөрдү, коопсуздук белгилерин жана сигналдык белгилемдерди колдонуу боюнча жалпы талаптар 1. Ушул берененин талаптары машиналарды жана жабдууларды эксплуа-тациялоо процессиндеги сигналдык жарык берүү, коопсуздук белгилерин жа-на сигналдык белгилемдерди колдонууга тийиштүү. Эксплуатациялоочу жерлердеги кооптуу зоналар, машиналардын жанажабдуулардын кооптуу бөлүктөрү ушул берененин талаптарына ылайык сиг-налдык түстөргө боелушу керек жана тийиштүү коопсуздук белгиси мененбелгилениши керек. 2. Ушул Техникалык регламент төмөнкүлөргө коюлган кошумча талап-тарды камтыбайт: транспорт каражаттарынын жана жол кыймылынын бардык түрлөрүнүн жа-рык сигнализациялары үчүн колдонулуучу түстөргө; газдарды жана суюктуктарды сактоо жана ташуу үчүн баллондордун,түтүк өткөргүчтөрдүн, сыйымдуулуктардын түстөрүнө, белгилерине жанамаркировкалоочу щитчелерине; жол белгилерине жана белгилемдерине, темир жолдордун жолдук жанасигналдык белгилерине, транспорттун бардык түрлөрүнүн коопсуз кыймылынкамсыз кылуу белгилерине; кооптуу жүктөрдүн белгилерине жана маркаларына, ташуунун жана сак-тоонун атайын шарттарын талап кылган жүк бирдиктерине; өрт белгилерине. 3. Сигналдык жарык берүүлөр, коопсуздук белгилери жана сигналдыкбелгилер персоналдын жана эксплуатациялоо жүргүзүлүп жаткан жерде тур-ган адамдардын көњүлүн кооптуу абалды болтурбоо максатында алдын алуу,кооптуу абалды кенебегенден улам болуучу нерсе тууралуу билдирүү, бел-гилүү аракеттерди эскертүү же талап кылуу үчүн коркунучка, ошондой элекеректүү маалыматтарды билдирүү үчүн бурууга колдонулушу керек. 4. Сигналдык жарык берүүлөрдү, коопсуздук белгилерин жана сигнал-дык белгилерди колдонуу коопсуздук шарттарын камсыздоо боюнча уюштуруу-чулук жана техникалык иш чараларды өткөрүү, Кыргыз Республикасынын кол-донуудагы мыйзамдарына ылайык жеке жана жамааттык коргоону каражаттарынколдонуу муктаждыгын алмаштырбайт. 5. Эксплуатант ушул Техникалык регламенттин талаптарын эсепке алууменен төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) сигналдык белгилемдердин болушун камсыз кылууга, сигналдыктүстөргө бое жана кооптуу зоналарды белгилеген жана коркунучтунтүрлөрү, мүмкүн болуучу кооптуу абалдар тууралуу маалымдаган коопсуздукбелгилеринин болушун камсыз кылууга; 2) коркунучтун мүнөзүнө жана түрүнө коопсуздук белгилеринин ылайыккелишин камсыз кылууга (керек учурда коопсуздук белгилерине түшүндүрмөжазуулардын текстин тандоо); 3) өлчөмдөрдүн, түрлөрдүн жана коопсуздук белгилеринин жана сиг-налдык белгилемдердин жасалышынын ушул Техникалык регламенттин талапта-рына ылайык келүүсүн камсыз кылууга; 4) коопсуздук белгилеринин жасалышы менен жеке коргонуу каражатта-ры жайгашкан жерлерди белгилөөгө. 6. Түстү өзгөртүүдө же ал техникалык регламенттердин талаптарынаылайык келбесе эксплуатант боего, сигналдык белгилемдерди коюуга жебелгини алмаштырууга милдеттүү. Белгилер деформация болгон же бузулганучурда дагы алмаштырылат. 7. Атайын техникалык регламенттер менен ушул Техникалык регламент-те каралбаган кошумча башка коопсуздук белгилери, графикалык символдоржана коопсуздук белгилериндеги түшүндүрмө жазуулар кошумча орнотулушумүмкүн. 8. Сигналдык жарыктарды, сигналдык белгилемдерди, коопсуздук бел-гилерин белгилөөгө жана колдонуу тартибине карата талаптар Р12.4.026-2001 ГОСТто белгиленген. 3-глава Жарылуу коопсуздугу боюнча талаптар 16-берене. Жарылуу коопсуздугу боюнча жалпы жоболор Заттарды (материалдарды), анын ичинде газдарды, бууларды, суюктук-тарды, катуу заттарды жана материалдарды, чањдарды жарылуу коопсуздугубоюнча классификациялоо, анын ичинде категориялар жана топтор боюнчаклассификациялоо, ошондой эле жарылуу коркунучунун көрсөткүчтөрүнүн но-менклатурасы, заттарды (материалдарды) колдонууда жарылуу коопсуздугу-нун бул көрсөткүчтөрү, шарттары боюнча талаптар өрт коопсуздугу тарма-гындагы техникалык регламенттер менен белгиленет. Машиналардын жана жабдуулардын жарылуу коопсуздугун жана эксплуа-тациялоону камсыз кылуу боюнча жалпы талаптар "Эмгек коопсуздугунунстандарттарынын системасы. Жарылуу коопсуздугу. Жалпы талаптар" ГОСТ12.10.10го ылайык келүүгө тийиш. 17-берене. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо жарылуунун алдын алуунун жалпы талаптары 1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессинде жары-луунун алдын алуу максатында эксплуатант төмөнкү талаптарды аткаруугамилдеттүү: 1) жарылуу коркунучунун санын, классын жана жарылуу коркунучу бараймактардын өлчөмдөрүн азайтууну камсыздоо; 2) конструкцияларды, машиналарды жана жабдууларды экслуатациялоожана жайгаштыруу шарттарын тандоо эсебинен аварияларда аймактын жарылуукоркунучунун дењгээлин азайтуу үчүн күйүүчү заттын жана чањдын атмосфе-рага чыгышын азайтуу; 3) машиналарды жана жабдууларды аларды эксплуатациялоо аймагынынжарылуу коркунучу классына ылайык келген жарылуудан коргоо классындажасалгандарды колдонуу. 18-берене. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо жарылуунун алдын алуу ыкмалары Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо жарылуунун алдыналуу төмөнкүлөрдүн ыктымалдыгын жоюу же азайтуу ыкмалары мененжүргүзүлөт: 1) жарылуу коркунучу бар чөйрөнүн түзүлүшү; 2) жарылууну болтуруучу булактын пайда болушу (ачык жалын, ысыкжана чок болгон нерселер, электр разряддар, химиялык реакциялардын жанамеханикалык таасирлердин жылуулук чыгарышы, уруудан жана сүрүлүүдөнчыккан учкун, уруучу толкундар, электрмагниттик жана башка нурлануу-лар). 19-берене. Жарылуу коркунучу бар аймактарды классификациялоо 1. Жарылуу коркунучу бар аймактарды классификациялоо машиналардыжана жабдууларды эксплуатациялоодо жарылуу коопсуздугу боюнча милдеттүүталаптарды белгилөө, ошондой эле милдеттүү талаптарды аткаруунукөзөмөлдөө максатында киргизилет. Жарылуу коркунучу бар аймак деп кор-гоонун атайын чараларын талап кылган көлөмдө жарылуу коркунучу же жар-дыруучу аралашма бар же пайда болушу мүмкүн болгон аймак аталат. Жарылуу коркунучу бар газ аралашмасы деп жалындаганда күйбөгөнаралашманын бардык көлөмүнө тараган нормалдуу атмосфералык шарттардагыкүйүүчү газдардын же абасы бар буулардын аралашмасы аталат. Жардыруучу чањ аба аралашмасы (жардыруучу чањдын булуту) деп жа-лындаганда күйүү жалындабаган аралашманын баарына тараган нормалдуу ат-мосфералык шарттардагы чањ же була түрүндөгү жалындоочу заттардын абаменен аралашмасы аталат. 2. Жарылуу коркунучу бар аймактарды жарылуу коркунучу бар газ ара-лашмасынын жыштыгына жана болуу узактыгына "Жарылуудан корголгон электржабдуу. 10-бөлүк. Жарылуу коркунучу бар аймактарды классификациялоо": Р51330.9 (МЭК 60079-10-95) ГОСТко ылайык үч класска бөлүшөт: 1) 0-классындагы аймак: жарылуу коркунучу бар газ аралашмасы дайы-ма же узак убакыт бою болгон аймак; 2) 1-класстагы аймак: эксплуатациялоонун нормалдуу шарттарында жа-рылуу коркунучу бар газ аралашмасы болушу мүмкүн болгон аймак; 3) 2-класстагы аймак: эксплуатациялоонун нормалдуу шарттарында жа-рылуу коркунучу бар газ аралашмасынын болуу ыктымалдыгы аз, ал эми алпайда болсо да чанда болгон жана көпкө созулбаган аймак; 3. Жарылуу коркунучу бар аймактар жардыруучу чањ аба аралашмалары-нын жыштыгына, болуу узактыгына жана чањ катмарларынын болушуна жарашатөмөнкү класстарга бөлүнөт: 1) 20-класстагы аймак: булут түрүндөгү күйүүчү чањ күйүүчү же жа-лындоочу чањдын аба менен аралашмаларында жарылуу үчүн жетиштүү кон-центрацияны түзүүгө жарай турган санда жабдуунун иштешинин нормалдуурежиминде дайыма же көбүнчө болгон жана/же чањ катмарлары жарылуу үчүнжетиштүү санда топтолушу мүмкүн болгон аймак. Бул анда чањ көбүнчө жеузак убакыт бою жардыруучу аралашмаларды пайда кыла турган чањ болгонаймактын ичиндеги кабыкча болушу мүмкүн. Эреже катары бул жабдуунуничинде болот; 2) 21-класстагы аймак: 20-класстагы аймак катары классификациялан-баган аймак, анда булут түрүндөгү күйүүчү чањ күйүүчү чањдын аба мененаралашмаларында жарылуу үчүн жетиштүү концентрацияны түзүүгө жарай тур-ган санда жабдуунун иштешинин нормалдуу режиминде болушу мүмкүн болгонаймак. Бул аймак чањ топтолууга жакын жерлерди жана аймак чањдын абаменен аралашмаларында жарылуу үчүн жетиштүү концентрация түзүлүшүмүмкүн болгон иштин нормалдуу режиминде чањ булуттары бар жерлерди кам-тышы мүмкүн. 3) 22-класстагы аймак: 21-класстагы аймак катары классификациялан-баган аймак, анда күйүүчү чањдын булуттары чанда пайда болуп аз убакыт-ка гана сакталат же анда күйүүчү чањ катмарларынын топтолушу штаттыктанайырмаланган иштин нормалдуу эмес режиминде болушу мүмкүн, бул абадажалындоого жарай турган чай аралашмаларынын пайда болушуна алып келишимүмкүн. Эксплуатациялоо шарттарына жараша чањдын топтолушун же катмар-ларын жок кылууга кепилдик берилбесе анда аймакты 21-класстагы аймаккатары классификациялашат. Бул аймак андан чањ тешик жерлер аркылууучушу жана топтолушу мүмкүн болгон чањдан турган жабдуунун жанындагыжерлерди камтышы мүмкүн. Чањ боюнча классификациялануучу аймак катары булут же катмартүрүндөгү күйүүчү чањ жардыруучу чањ-аба аралашмасынын же күйүүчүчањдын катмарынын жалындашынын алдын алуу үчүн жабдуунун конструкциясыже пайдалануу тартиби боюнча коопсуздуктун өзгөчө чараларын көрүүнү та-лап кылган санда болгон же күтүлгөн аймак аталат. Машиналардын жана жабдуулардын иштешинин нормалдуу режими деп бар-дык параметрлердин иштөөчү маанилери менен мүнөздөлгөн машиналардын жа-на жабдуулардын иштешинин режими аталат. Жарылуу коркунучу бар чөйрөнүтүзүүгө алып келбеген, аба менен кошо жарылуу коркунучу бар аралашманытүзүүгө жарай турган күйүүчү заттын анча-мынча чыгышы нормалдуу режимкатары каралат. Машиналарды жана жабдууларды шашылыш токтотууну жеоњдоону талап кылган авариялар нормалдуу режим катары каралбайт. 20-берене. Жарылуу коркунучу бар чөйрөдө машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоого коюлуучу талаптар 1. Жарылуу коркунучу бар чөйрө болсо эксплуатант ушул Техникалыкрегламенттин 19-беренесине ылайык машиналарды жана жабдууларды эксплуа-тациялоо аймагынын жарылуу коркунучунун классын аныктоого тийиш. Аймак-тарды жарылуу коркунучунун белгилүү класстарына киргизүү заттардын ка-тегорияларын жана топторун эсепке алуу менен жүргүзүлүшү керек. Жарылуукоркунучу бар чөйрө, анын ичинде аны түзүүчү компоненттердин жетиштүүкөлөмү жок болгон учурда эксплуатант жарылуу коркунучу бар аймактардынклассын аныктоону жүргүзбөйт, машиналарды жана жабдууларды эксплуатаци-ялоо аймактары жарылуу коркунучу жок аймактарга киргизилет. Жарылуукоркунучу жок аймак деп коргоонун атайын чараларын талап кылган көлөмдөжарылуу коркунучу бар аралашма пайда болушу мүмкүн болбогон аймак ата-лат. 2. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо аймактарын жарылуукоркунучу бар белгилүү аймактарга киргизүү документтештирилген болуугатийиш. Документтер төмөнкүдөй маалыматты камтууга тийиш: 1) жарылуу коркунучу бар чөйрөнүн жана анын компоненттеринин болу-шу; 2) жарылуу коопсуздугунун талаптарын камсыз кылуу; 3) көрсөткүчтөрдүн жыйындысы, анын ичинде чыгуунун (чыгуу дењгээ-линин) мүмкүн болчу жыштыгы жана узактыгы, күйүүчү заттын чыгуу жанатоптолуу ылдамдыгы, шамалдоонун ишенимдүүлүгүн жана аймактын жарылуукоркунучунун дењгээлине таасир этүүчү башка факторлор; 4) аба менен кошо жарылуу коркунучу бар аралашманы түзүүгө же жа-лындоочу чањды бөлүп чыгаруу булагы болууга жарамдуу күйүүчү заттардынчыгуу булагы боло турган машиналардын жана жабдуулардын ар бир элемен-тин талдоо. Чыгуу ылдамдыгы (тездиги) деп чыгуу булагынан убакыт бирдигиндечыгарылуучу аба менен кошо жарылуу коркунучу бар аралашманы түзүүгө жа-рамдуу күйүүчү заттын (газдын, буунун же суюктуктун) саны аталат. Чыгуу дењгээли деп жарылуу коркунучу бар газ аралашмасынын пайдаболуу ыктымалдыгына байланыштуу чыгуу мүнөздөмөсү түшүнүлөт. Чыгуулартөмөнкүлөргө бөлүнөт: туруктуу (үзгүлтүксүз) чыгуу - үзгүлтүксүз же узак убакыт бою чы-гуу; биринчи даражадагы чыгуу - машиналардын жана жабдуулардын нормал-дуу иш режиминде пайда болушу мезгилдүү же кокустуу мүнөздө болгон чы-гуу; экинчи даражадагы чыгуу - машиналардын жана жабдуулардын нормалдууиш режиминде жок болгон, ал эми пайда болсо да кыска убакытта болгончыгуу. Чыгуу булагы деп андан жарылуу коркунучу бар газ аралашмасынынпайда болушу үчүн жетиштүү көлөмдө атмосферага чыгышы мүмкүн болгон ма-шинанын, жабдуулардын элементи аталат. Жалындоочу чањды бөлүп чыгаруу булагы деп андан күйүүчү чањ жарды-руучу чањ-аба аралашмасы пайда болушу мүмкүн болгондой бөлүп чыгарылаже көтөрүлө турган чекит же орун аталат. 3. Эксплуатант машиналарды жана жабдууларды аймактын жарылуу кор-кунучунун классына ылайык колдонууну камсыз кылууга. 4-глава Механикалык жана электр коопсуздугу боюнча талаптар 21-берене. Коргоочу тосмолорду орнотуу боюнча талаптар 1. Ушул берененин талаптары персоналды машинанын жана жабдуулардынкыймылдуу бөлүктөрү, буюмдар, даярдоолор жана материалдар, иштетилүүчүматериалдын учуучу бөлүктөрү жана майлоочу-муздатуучу суюктуктар түзгөнкоркунучтан коргоого арналган машиналардын жана жабдуулардын коргоочутосмолоруна (мындан ары - тосмолорун) колдонууга таралат. Ушул берене өзүнө аба, суу жана жер транспортунун каражаттарынатосмолорду колдонууга коюлуучу кошумча талаптарды камтыбайт. 2. Тосмолор машиналарды, жабдууларды эксплуатациялоодо жана техни-калык тейлөөдө алардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн чектөөгө тийиш эмес. 3. Тосмолор коркунуч булактары болбоого тийиш. 4. Артка түшүрүлүүчү, бүктөлүп жыйналуучу жана алып салынуучу тос-молор коргоо абалында өз алдынча жылдыруудан кармалууга тийиш. Өйдөкөздөй ачылуучу тосмолор ачык абалда кармалып турушу керек. 5. Буга технологиялык мүмкүнчүлүктөр жол берген бардык учурлардатекши тосмолор колдонулушу керек. Тордон жасалган тосмолор форманын туруктуулугун жана белгиленгенкатуулукту камсыз кылган конструкцияда болууга тийиш. Перфорацияланган материалдан же тордон даярдалган тосмо жана кор-кунучтуу элементтин ортосундагы аралык 1-таблицада келтирилген. 1-таблица. Перфорацияланган материалдан же тордон даярдалган тосмо жана коркунучтуу элементтин ортосундагы аралык -----------------------------------------------------------------------|Решетканын (тордун) тешигине келтирилген| Тосмодон коркунучтуу || айлананын диаметри, мм |элементке чейинки аралык, мм||----------------------------------------|----------------------------||8ге чейин |15тен кем эмес ||----------------------------------------|----------------------------||8ден 10го чейин |15тен 35ке чейин ||----------------------------------------|----------------------------||10дон 25ке чейин |35тен 120га чейин ||----------------------------------------|----------------------------||25тен 40ка чейин |120дан 200гө чейин |----------------------------------------------------------------------- Ийүүнү болтурбоо мүмкүн эмес болгон перфорацияланган материалданжасалган тосмолор үчүн тосмо жана коркунучтуу элементтин ортосундагыаралык ийүү чоњдугуна көбөйтүлөт. 6. Тосмонун конструкциясы жана жабышкан жери персоналдын тосулуучуэлементтер менен кокусунан тийип кетишин болтурбоого тийиш. 7. Тосмонун бекемдиги персоналдын тосмого таасиринин аракеттерибоюнча аныкталуучу басымды, машиналардын жана жабдуулардын бузулганбөлүктөрүн же материалдардын чыгышын эсепке алуу менен орнотулууга ти-йиш. 8. Тосмонун коргоочу касиети коркунучтуу же зыяндуу факторлордунтаасири астында азайбашы керек. 9. Тосмо машиналарды жана жабдууну эксплуатациялоодо аны коргоочуабалдан жылдырууга мүмкүн болбогондой кылып орнотулушу керек. Тосмонужылдыруу мүмкүн болсо, анда мындай жылдыруу тосулуучу элементтерди ток-тотууга алып келүүгө тийиш. 10. Өзгөчө көњүл бурууну талап кылган машиналардын жана жабдуулар-дын элементтерин же атайын макулдашылган элементтерди алууга тоскоолболгон тосмолордун машиналарды жана жабдууларды тосмо коргоочу абалдатурганда гана иштөөсүн камсыз кылган автоматтык блокировкасы болуугатийиш. 11. Блокировка түзүлүштөрү машиналардын жана жабдуулардын элемент-терин же жумушчу циклин автоматтык түрдө күйгүзүү үчүн колдонулбашы ке-рек. 12. Кароочу терезелер тосмонун коргоочу функциясын азайтпоого ти-йиш. 13. Тосмо анын коргоочу функциясын камсыз кылган абалга каратакыйшаюуну же жылышууну болтурбоочу тактыкта даярдалышы же орнотулушукерек. Тосмону (тосмолорду) колдонууну эсепке алуу менен персонал үчүнкоопсуздук аймактары жумуштарды отурган жана турган абалда аткаруудажумушчу орундарын жабдууга коюлуучу милдеттүү талаптарга ылайык адамдынмотордук талаасынын аймактарына ылайык келүүгө тийиш. 14. Тосмонун формасы, өлчөмдөрү жана катуулугу машиналардын жанажабдуулардын тосулуучу бөлүктөрүнө карата анын орун алышы тосулуучубөлүктөрдүн жана мүмкүн болчу чыгаруулардын (мисалы, аспаптын, иште-тилүүчү тетиктердин) персоналга таасир этишин болтурбоого тийиш. 15. Мындай конструкциялардын тосмолорун эксплуатациялоого жол бе-рилет: 1) тосмонун персоналды коргоону камсыз кылган абалдан өз алдынчажылуусун мүмкүн кылбаган; 2) персоналды аспаптын жардамы менен гана коргоону камсыз кылганабалдан тосмонун жылуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышат же тосмолор өзүнүнкоргоочу функцияларын аткара албаган абалда болсо машиналарды жана жаб-дууларды эксплуатациялоону токтотушат; 3) персоналдын каралган аракеттерди аткаруу мүмкүнчүлүгүн камсызкылышат, зарыл учурларда машиналардын жана жабдуулардын тосулуучубөлүктөрүнүн ишине байкоо жүргүзүү; 4) кошумча коркунучтуу (штаттык эмес) жагдайларды түзүшпөйт. 16. Бир жумуш мөөнөтүнүн ичинде кол менен бир нече жолу ачуу,алуу, ордун алмаштыруу же орнотуу керек болгон тосмолордун тийиштүүтүзүлүштөрү (кармагычтары, скобалары ж.б.) болууга тийиш. 17. Мезгил-мезгили менен кол менен ачылуучу тосмолор ушул Техника-лык регламенттин 15-беренесинин талаптарына ылайык ич жагынан белгиберүүчү түскө боелууга тийиш. Тосмонун сырткы бетине эскертүүчү белгикоюлат же бекитилет. 18. Тосмонун бийиктиги кооптуу элементтин жайгашуу бийиктигине,коргоочу тосмо жана коркунучтуу элемент ортосундагы аралыкка жарашаадамдын денесинин бөлүктөрүнүн коркунучтуу элемент менен кокусунан ти-йишин болтурбагандай кылып тандалат. 22-берене. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо электр коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жалпы жоболор 1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо электр коопсуз-дугунун төмөнкү негизги эрежелери сакталууга тийиш: 1) токту жеткирүүчү коркунучтуу бөлүктөр кокусунан тийип кетпөөүчүн ачык болбоого тийиш; 2) ачык жеткирүүчү бөлүктөр нормалдуу шарттарда, ошондой эле бузу-луу болгондо коркунучтуу болбошу керек. Жеткирүүчү бөлүк деп электр тогун жеткире алчу машинанын жана жаб-дуунун бөлүгү аталат. 2. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо электр коопсуз-дугу ушул Техникалык регламенттин, атайын техникалык регламенттердинталаптарына, эксплуатациялык документтерге, ошондой эле электртүзүлүштөрүн орнотуу эрежелерине (ЭТЭ) ылайык камсыз кылынат. 23-берене. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо электр коопсуздугун камсыз кылуучу ыкмалар жана коргоо каражаттары Кокусунан түз тийүүдөн, башкача айтканда адамдардын же жаныбарлар-дын чыњалуудагы машиналардын жана жабдуулардын ток жеткирүүчү бөлүктөрүменен электр контактынан коргоо үчүн аларды эксплуатациялоодо долбоорчужана/же чыгаруучу караган каражаттарга кошумча төмөнкү техникалык кара-жаттар колдонулат: 1) коргоочу тосмолор (убактылуу же стационардык); 2) эскертүүчү сигнализация, коопсуздук белгилери. Электр коопсуздугун камсыз кылуунун техникалык каражаттарытөмөнкүлөрдү эсепке алуу менен колдонулууга тийиш: 1) электр жабдуусунун номиналдык чыњалуусун, токтун түрүн жанажыштыгын; 2) тышкы чөйрөнүн шарттарын; 3) машиналардын жана жабдуулардын аткарылуу түрүн (жылып жүрүүчү,көчүп жүрүүчү); 4) аларда же алардын жанында жумуш жүрө турган ток жеткирүүчүбөлүктөрдөн чыњалууну алып салуу мүмкүнчүлүгүн жана/же зарылдыгын; 5) чыњалуудагы ток жеткирүүчү бөлүктөргө уруксат берилгенден азаралыкта жакындоо мүмкүнчүлүгүн. 24-берене. Электр коопсуздугун камсыз кылуу максатында машиналарды жана жабдууларды техникалык тейлөөнү жана оњдоону уюштуруу боюнча талаптар 1. Оњдоо иштерин жүргүзүүдө электр схемалары Техникалык регламент-терге, чыгаруучулардын жана/же долбоорлоочулардын эксплуатациялык доку-менттерине ылайык өзгөртүлөт. 2. Оњдоо иштеринин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн оњдоо иштерижүргүзүлө турган жерлерде машиналар жана жабдуулар же алардын бөлүктөрүатайын техникалык регламенттерде башка белгиленбесе тосулууга жана ата-йын тыюу салуучу сигналдык белгилер менен белгиленүүгө тийиш. 5-глава Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуучу талаптар 25-берене. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуу принциптери Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү процесстеринин коопсуз-дугун камсыз кылуу төмөнкү принциптерге ылайык ишке ашырылат: 1) коркунучтуу факторлордун пайда болушунун алдын алуучу жана ма-шиналарды жана жабдууларды утилдештирүү учурунда алардын болушу зыянкелтирүү коркунучуна алып келген зыяндуу факторлордун таасирин азайтуу-чу же жок кылуучу даярдоочу процесстерди сөзсүз түрдө колдонуу; 2) машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү процессинин ушул Тех-никалык регламентте жана атайын техникалык регламенттерде белгиленгенталаптарга шайкештиги. 26-берене. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү ыкмалары 1. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү төмөнкү ыкмалар мененжүргүзүлөт: 1) башка арналышы боюнча пайдалануу; 2) жок кылуу, анын ичинде кайра иштетүү жолу менен; 3) көмүү. 2. Башка арналышы боюнча пайдалануу утилдештирүү ыкмасы болуп са-налат, анда машиналар жана жабдуулар долбоорлоодогу жана даярдоодогумаксаттарда каралбаган башка максаттарда колдонуу дењгээлинде машина-лардын жана жабдуулардын максаттарынын сапаттык өзгөрүшү жүрөт. 3. Машиналарды жана жабдууларды жок кылуу утилдештирүү ыкмасы бо-луп саналат, анын жыйынтыгында жок кылынуучу машиналардын жана жабдуу-лардын даярдоочу жана/же долбоорлоочу белгилеген бүтүндөй, ошондой элеанын айрым түзүүчү бөлүктөрүнүн касиеттери жана белгилери сакталбастанмашиналар жана жабдуулар жок кылынат. 4. Машиналарды жана жабдууларды кайра иштетүү энергия же/жана чий-кизат, же/жана материалдарды алуу менен машиналарды жана жабдуулардыжок кылуунун ыкмасы болуп саналат. 5. Машиналардын жана жабдуулардын айрым бөлүктөрүн, түйүндөрүнкөмүү, аларды башка максаттарда пайдалануу же жок кылуу, анын ичиндекайра иштетүү жолу менен жок кылуу мүмкүн болбогондо жана/же максаткаылайык келбеген учурда гана колдонулушу мүмкүн. 6. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү ыкмасы ушул Техника-лык регламентте жана атайын техникалык регламенттерде белгиленген та-лаптарды эсепке алуу менен тандалып алынат. 7. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү процессинде пайдаболгон таштандылар жок кылынууга, анын ичинде кайра иштетилүүгө, ошон-дой эле көмүлүүгө тийиш. Таштандылар айлана чөйрөнү коргоо, өндүрүштүнжана керектөөнүн таштандыларын чыгаруу тармагындагы Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык чыгарылат. 27-берене. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүүнүн даярдоочу процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар 1. Ушул Техникалык регламентте машиналарды жана жабдууларды утил-дештирүүнүн даярдоочу процесстери деп машиналарга жана жабдууларга ка-рата жасалган алардын жыйынтыгында аларды мындан ары эксплуатациялоомүмкүн эмес болгон аракеттер (операциялар) аталат. 2. Техникалык регламенттерде белгиленген нурлануулардын коопсузду-гун камсыз кылуучу талаптарды сактоо үчүн утилдештирүү процесси баштал-ганга чейин машиналарды жана жабдууларды энергиянын (азыктандыруунун)бардык булактарынан өчүрүп коюу керек. 3. Атайын техникалык регламенттерде жарылуу коопсуздугу боюнча ко-юлуучу талаптарды аткаруу үчүн утилдештирүү процесси башталганга чейинмашиналардын жана жабдуулардын курамындагы зыян келтирүү коркунучунтүзгөн жарылуу коркунучу бар бардык заттарды (материалдарды) алып таш-тоо керек, же мындай мүмкүнчүлүк болбогон учурда көрсөтүлгөн заттар(материалдар) бар машиналардын жана жабдуулардын элементтерин(бөлүктөрүн) алып таштоо керек. 4. Атайын техникалык регламенттерде механикалык коопсуздук боюнчакоюлуучу талаптарды аткаруу үчүн утилдештирүү процесси башталганга че-йин машиналардын жана жабдуулардын курамындагы өз алдынча кыймылдоочуэлементтерди (бөлүктөрдү) алып таштоо керек, адамдын өмүрүнө жанаден-соолугуна зыян келтирүү коркунучун түзгөн (дем алуу органдары аркы-луу адамдын организмине кирүүчү) күкүм түрүндөгү заттарды (материалдар-ды) алып таштоо керек, ошондой эле машиналардын жана жабдуулардын бар-дык элементтериндеги (бөлүктөрүндөгү) басымды атмосфералык басымга тењкелтирүү зарыл. 5. Атайын техникалык регламенттерде термикалык коопсуздук боюнчакоюлуучу талаптарды аткаруу үчүн утилдештирүү процесси башталганга че-йин машиналардын жана жабдуулардын, ошондой эле алардын курамындагыэлементтердин (бөлүктөрдүн) температурасын жол берилген дењгээлдергечейин жеткирүү керек. 6. Атайын техникалык регламенттерде химиялык коопсуздук боюнча ко-юлуучу талаптарды аткаруу үчүн утилдештирүү процесси башталганга чейинмашиналардын жана жабдуулардын курамындагы зыян келтирүү коркунучунтүзгөн жарылуу коркунучу бар бардык химиялык агрессивдүү (активдүү)заттарды (материалдарды) алып таштоо керек, же мындай мүмкүнчүлүк бол-богон учурда көрсөтүлгөн заттар (материалдар) бар машиналардын жанажабдуулардын элементтерин (бөлүктөрүн) алып таштоо керек. 7. Ушул Техникалык регламентте жана атайын техникалык регламент-терде электр коопсуздугу боюнча коюлуучу талаптарды аткаруу үчүн утил-дештирүү процесси башталганга чейин машиналарды жана жабдууларды энер-гиянын (азыктандыруунун) бардык булактарынан өчүрүп коюу керек, ошондойэле алар иштөө жана технология принцибинен улам (алар технологиялыкмүмкүн болгон) топтолгон машиналардын жана жабдуулардын элементтеринен(бөлүктөрүнөн) калган чыњалууну (зарядды, статикалык электрди) алыпташтоо керек. 6-глава Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстеринин ушул техникалык регламентте белгиленген талаптарга шайкештигине баа берүү 28-берене. Шайкештикке баа берүү жана шайкештикке баа берүү формалары 1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүүпроцесстеринин шайкештигине баа берүү ушул Техникалык регламентте тех-никалык жөнгө салуу объектилерине коюлган талаптардын сакталышын анык-тоо максатында жүргүзүлөт. 2. Ушул Техникалык регламентте техникалык жөнгө салуу объектилери-не коюлган талаптарды сактоо үчүн машиналарды жана жабдууларды эксплуа-тациялоо жана утилдештирүү процесстеринин шайкештигине баа берүүнүнтүрлөрү: мамлекеттик контроль жана көзөмөл белгиленген. 29-берене. Мамлекеттик контроль жана көзөмөл жүргүзүү эрежелери жана тартиби 1. Ушул Техникалык регламенттин талаптарын сактоого мамлекеттикконтроль жана көзөмөл ушул Техникалык регламенттин машиналарды жанажабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстерине коюлган та-лаптарынын аткарылышын (сакталышын) текшерүү боюнча аткаруу бийлигининыйгарым укуктуу органдарынын кызмат адамдары жүргүзгөн иш-чаралартүрүндө ишке ашырылат. 2. Ушул Техникалык регламенттин талаптарын сактоого мамлекеттикконтроль жана көзөмөл Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилен-ген ыйгарым укукка ылайык аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органдарытарабынан жүргүзүлөт. Ушул Техникалык регламенттин техникалык жөнгө са-луу бир объектисине бир эле талаптарды мамлекеттик контроль жанакөзөмөл боюнча бир эле ыйгарым укуктарды аткаруу бийлигинин бирден ашыкыйгарым укуктуу органына белгилөөгө тыюу салынат. 3. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүүпроцесстеринин коопсуздугун камсыз кылган ушул Техникалык регламент ме-нен белгиленген талаптардын сакталышына мамлекеттик контроль жанакөзөмөл жүргүзүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ушул Техникалык регламентти колдонууүчүн керектүү изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана ченөөлөрдүн эрежелерижана ыкмалары, ошондой эле изилдөөлөрдү (сыноолорду) жана ченөөлөрдүөткөрүү үчүн үлгүлөрдү тандоо эрежелери колдонулат. 4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн иш-чараларды аткаруубийлигинин ыйгарым укуктуу органдары мамлекеттик контроль жана көзөмөлжүргүзүүдө юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин укуктарын коргоожагындагы административдик мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын мый-замдарында белгиленген тартипте ишке ашырышат. 5. Ушул Техникалык регламенттин талаптарын сактоого мамлекеттикконтроль жана көзөмөл, эгерде атайын техникалык регламенттерде башкачакаралбаса, жеке тиричилик муктаждыктары үчүн машиналарды жана жабдуу-ларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстерин ишке ашыруудажүргүзүлбөйт. 30-берене. Ушул Техникалык регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик 1. Эксплуатант ушул Техникалык регламентте белгиленген талаптардыбузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учур-ларда жана тартипте жоопкерчилик тартат. 2. Ушул Техникалык регламентте белгиленген талаптарды сактоогомамлекеттик контроль жана көзөмөл жүргүзүү боюнча иш-чаралардыөткөрүүгө ыйгарым укуктуу аткаруу бийлик органдарынын кызмат адамдарыушул Техникалык регламенттин талаптарын, Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген изилдөөлөрдү(сыноолорду) жана ченөөлөрдү өткөрүү үчүн үлгүлөрдү тандоо эрежелеринбузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негиз-дерде жана тартипте жоопкерчилик тартышат. 7-глава Корутунду жана өтмө жоболор 31-берене. Өтмө жоболор Ушул Техникалык регламент күчүнө кирген күндөн баштап зыян кел-тирүү коркунучунун дењгээли ушул Техникалык регламентте эске алынганзыян келтирүү коркунучунун дењгээлинен жогору болгон машиналарды жанажабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү маселелери боюнчаатайын техникалык регламент күчүнө киргенге чейин көрсөтүлгөн машина-ларды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү ушул Техника-лык регламенттин талаптарына ылайык, ошондой эле жарандардын өмүрүн,ден-соолугун, жеке, юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттик же муници-палдык мүлктү коргоо, машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жанаутилдештирүү процессинде келип чыккан коркунучтуу жана/же зыяндуу фак-торлордон айлана-чөйрөнү, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн өмүрүн жанаден соолугун коргоо максаттарына ылайык келүүчү бөлүгүндө Кыргыз Рес-публикасынын нормативдик укуктук актыларында жана аткаруу бийлик орган-дарынын нормативдик документтеринде белгиленген талаптарды эсепке алууменен жүргүзүлүүгө тийиш. 32-берене. Ушул Техникалык регламенттин күчүнө кириши 1. Ушул Техникалык регламент расмий жарыяланган күндөн баштап алтыай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук акты-ларын ушул Техникалык регламентке ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев "Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү жөнүндө" жалпы Техникалык регламентке тиркеме "Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү жөнүндө" жалпы Техникалык регламент тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонулушу жайылтыла турган машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстеринин ТИЗМЕСИ 1. Пайдалуу кен байлыктарын казуу, кайра иштетүү жана байытуу боюн-ча. 2. Мунай жана газ өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча. 3. Өнөр жай багытындагы жарылуучу материалдарды чыгаруу боюнча. 4. Тамак-аш азыктары, анын ичинде суусундуктарды, тамекини чыгаруужана данды кайра иштетүү боюнча. 5. Текстиль жана тигүү өндүрүшү боюнча. 6. Булгаары, булгаарыдан жасалган буюмдарды жана бут кийимдердичыгаруу боюнча. 7. Жыгачты иштетүү жана жыгачтан жасалган буюмдарды чыгаруу боюнча. 8. Целлюлоза-кагаз өндүрүшү, басмакана иши боюнча. 9. Мунайзаттарды өндүрүү боюнча. 10. Химия өндүрүшү боюнча. 11. Желим жана пластмасса буюмдарды чыгаруу боюнча. 12. Курулуш материалдарын, буюмдарды жана конструкцияларды, тактаайнек чыгаруу боюнча. 13. Металлургия өндүрүшү жана металлконструкцияларын чыгаруу боюн-ча. 14. Машиналарды жана жабдууларды чыгаруу боюнча. 15. Электржабдууну, электрондук жана оптикалык жабдууну чыгаруубоюнча. 16. Транспорт каражаттарын жана жабдууларды чыгаруу боюнча. 17. Электр, жылуулук энергиясын жана сууну өндүрүү боюнча. 18. Дыйкан (фермердик) чарбаларда айыл чарба продукциясын чыгаруубоюнча. 19. Капиталдык курулушта. 20 Электр энергиясын, жылуулук энергиясын, газ түрүндөгү отундужана сууну бөлүштүрүү боюнча кызматтарды көрсөтүүдө. 21. Соода кызматтарын көрсөтүүдө, анын ичинде мотор майын дүњүнөнжана чекене сатууда. 22. Автомобилдерди жана тиричилик техникасын техникалык тейлөө жа-на оњдоо боюнча кызматтарды көрсөтүүдө. 23. Мейманканалардын, пансионаттардын, курорттук-ден соолуктучыњдоочу башка мекемелердин, ресторандардын, кафелердин кызматкөрсөтүүлөрүндө. 24. Жүргүнчүлөр жана жүк транспортунун, ошондой эле электр байла-нышынын бардык түрлөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүндө.