Бишкек шаары2009-жылдын 30-апрели N 142 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому, "Центерра Голд Инк." канадалык компаниясы, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коому, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому жана "Камеко" канадалык корпорациясынын ортосундагы "Кумтөр" долбоору боюнча жањы шарттар жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-майындагы № 175 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 1-берене. Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому, "ЦентерраГолд Инк." канадалык компаниясы, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык ак-ционердик коому, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому жана"Камеко" канадалык корпорациясынын ортосундагы "Кумтөр" долбоору боюнчажањы шарттар жөнүндө Макулдашуу (мындан ары - "Кумтөр" долбоору боюнчажањы шарттар жөнүндө Макулдашуу) ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө "Кумтөр" долбоору боюнча жањы шар-ттар жөнүндө Макулдашууда аныкталгандай "Кумтөр" долбоору боюнча кайракаралган макулдашууларды түзүү, ошондой эле "Кумтөр" долбоору боюнчажањы шарттар жөнүндө Макулдашуунун жана "Кумтөр" долбоору боюнча кайракаралган макулдашуулардын аткарылышын камсыз кылуу тапшырылсын. 3-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул Мыйзамдын 1 жана 2-беренеле-ринде аталган макулдашууларды аткаруу үчүн, анын ичинде аларды ишкеашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу боюнчабаардык зарыл укуктар жана ыйгарым укуктар берилсин. 4-берене. Эгерде "Кумтөр" долбоору боюнча жањы шарттар жөнүндө Макулдашуунунжоболорун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининтапшырмасы боюнча түзүлгөн "Кумтөр" долбоору боюнча жањы шарттар жөнүн-дө Макулдашуу же "Кумтөр" долбоору боюнча кайра каралган макулдашууларменен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгенден башка эреже-лер аныкталган болсо, анда ушундай жөнгө салынган мамилелерге макулда-шууларда көрсөтүлгөн эрежелер колдонулат. (КР 2009-жылдын 29-майындагы № 175 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 5-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев 2009-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган