Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары2009-жылдын 27-апрели № 138 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу 2009-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2005-жылдын 18-янва-ры, № 4-5) төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: 1. 6-статьянын 1-бөлүгүнүн 18-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баян-далсын: "18) Жогорку Кењештин ишинин жалпы программасынын долбоорлорун иш-теп чыгуу, Жогорку Кењештин жыйналыштарында кезектеги айда каралуугажаткан маселелердин календарын түзүү үчүн координациялык кењешме өткө-рөт;". 2. Мыйзам төмөндөгүдөй мазмундагы 40-1-статья менен толукталсын: "40-1-статья. Координациялык кењешме Төрага тарабынан Төраганын орун басарлары-нын, комитеттердин төрагаларынын жана фракциянын лидерлеринин же коми-теттердин төрагалары жана фракциянын лидерлери болбогон учурда алардынорун басарларынын катышуусу менен өткөрүлөт. Координациялык кењешмеде төмөндөгүдөй маселелер каралат: 1) Жогорку Кењештин ишинин жалпы программасынын долбоорун иштепчыгуу; 2) Жогорку Кењештин жыйналыштарында кезектеги айда каралууга жат-кан маселелердин календарын түзүү; 3) Төраганын, Төраганын орун басарларынын, комитеттердин төрагала-рынын жана фракциялардын лидерлеринин сунушу боюнча башка маселелер. Координациялык кењешменин чечими сунуш берүүчү мүнөзгө ээ.". 2-берене. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев