Загрузка документа…
КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык
2017-жылдын 1-январынан тартып
КҮЧҮН ЖОГОТОТ
Бишкек шаары
2009-жылдын 17-февралы № 54
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги
принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
2009-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењешинин Ведомосттору, 1998-жыл, № 10, 374-ст.) төмөнкүдөй то-
луктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 20-статья төмөнкүдөй мазмундагы 12-бөлүк менен толукталсын:
"Бюджеттин чыгашалар бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Медициналык
камсыздандыруу фондуна Мамлекеттик гарантиялар программасын аткаруу
үчүн бөлүнүүчү каражаттар көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын Медицина-
лык камсыздандыруу фонду саламаттык сактоо уюмдарын менчигинин формасы-
на карабастан мамлекеттик бюджеттин каражаттары менен келишимдик негиз-
де каржылайт. Кыргыз Республикасынын Медициналык камсыздандыруу фонду
бюджеттен алынган бюджеттик ассигнованиелерди пайдаланганы үчүн Сала-
маттык сактоону реформалоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу
боюнча Байкоочулар кењешине отчет берет.".
2. 30-статьядагы "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо минист-
рлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду" деген
сөздөр "Кыргыз Республикасынын Медициналык камсыздандыруу фондунун" де-
ген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев