Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары2009-жылдын 16-майы № 156 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө 2009-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы майыптар коомдорунун (мынданары - майыптар коомдору) товарларын контракттык (келишимдик) негиздесатып алууга жана жөнөтүүгө мамлекеттик заказдардын жана Кыргыз Респуб-ликасынын мамлекеттик каражаттарынын эсебинен каржылануучу мамлекеттикведомстволор менен мекемелерди майыптар коомунун ишканалары чыгарганпродукциялар жана товарлар менен камсыз кылууну калыптандыруунун, жай-гаштыруунун жана аткаруунун жалпы укуктук жана экономикалык принципте-ринин тартибин белгилейт. 1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй маанини билдирген түшүнүктөр колдонулат: майыптар коому - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жанаөздөрүнүн уставдарынын негизинде аракет кылуучу, мүмкүнчүлүктөрү чек-телген адамдардын коомго (ошонун ичинде ишканаларга, уюмдарга жана ме-кемелерге) бириккен бирикмеси; мамлекеттик заказдарды жайгаштыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамле-кеттик орган (мындан ары - мамлекеттик орган) - майыптар коомдорунунчыгарган товарларын жөнгө салуу жана мамлекеттик мекемелердин жана ве-домстволордун мамлекеттик заказдарын жайгаштыруу жагындагы мамлекеттиксаясатты жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучуаткаруу органы; мамлекеттик заказ - мамлекеттик мекемелердин жана ведомстволордунзаявкалары боюнча жайгаштырылган майыптар коомдорунун чыгарган товарла-рына болгон алардын керектөөлөрү; мамлекеттик мекемелер жана ведомстволор - тиешелүү мамлекеттик ка-ражаттардын эсебинен майыптар коомдору чыгаруучу товарларга мамлекеттикзаказды милдеттүү түрдө жайгаштырууну жүзөгө ашыруучу юридикалык жак-тар. мамлекеттик каражаттар - камсыздандырылган каржылоонун төмөнкүдөйбулактары: - өз ишин жүзөгө ашырууга багытталган мамлекеттик бюджеттин кара-жаттары же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик кара-жаттары; - бюджет жөнүндө мыйзам тарабынан "бюджеттик эмес каражат" катарыаныкталган каражаттары, мамлекеттин үлүшү 51 пайыздан кем эмесин түзгөнакционердик коомдордун каражаттары, мамлекеттик каражаттардын жана мам-лекеттик мекемелердин каражаттарынын эсебинен түзүлгөн фонддордун кара-жаттары; - эгерде макулдашууда каражаттарды пайдалануунун башкачамүмкүнчүлүктөрү каралбаган болсо, эл аралык макулдашуулардын негизинде-ги чет өлкөлүк жардам катарында берилген каражаттар. сатып алуулар жөнүндө келишим - майыптар коомдору чыгарган товар-лардын айрым түрлөрүн жөнөтүүгө сатып алуучу уюм менен жөнөтүүчүнүн ор-тосунда түзүлгөн келишим; мамлекеттик заказчы - юридикалык жактын статусуна ээ болгон тие-шелүү бюджеттик каражаттын эсебинен каржылануучу бюджеттик уюмдар, мам-лекеттик органдар, кызматтар же ишканалар, тийиштүү бюджеттин каражат-тарынын эсебинен каржыланган муниципалдык уюмдар, мамлекеттик каражат-тардын эсебинен түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары,уюмдар жана фонддор, мамлекет 51 пайыздан кем эмес акцияга ээ болгонакционердик коомдор; жөнөтүүчү (подрядчы) - сатып алуучу уюм менен продукцияны жөнөтүү-лөр жана сатып алуулар тууралу келишимге катышкан, иштөөчүлөрүнүн жалпысанынын 51 пайызынан ашыгын иштөөчү майыптар түзгөн юридикалык жак ста-тусуна ээ болгон майыптар коомдору; жөнөтүү - сатып алуучу уюмга жөнөтүлчү чийки заттарды, даяр про-дукцияларды, жабдууларды жана башка товарларды сатып алуунун бардыкстадияларындагы процесси; товарлар - эмгектин бардык түрүнүн жана жазылышынын продуктылары,анын ичинде чийки заттардын, буюмдун, жабдуунун жана заттардын түрлөрү,ошондой эле товарларды жөнөтүү менен айкалышкан кызматтар; мамлекеттик муктаждыктар - мамлекеттик каражаттардын эсебинен ка-нааттандырылуучу мамлекеттик заказчылардын майыптар коомунун товарлары-на, иштерине, кызмат көрсөтүүлөрүнө болгон керектөөлөрү. 2-берене. Ушул Мыйзамдын негизги максаты Майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуу төмөнкүдөймаксаттарда жүзөгө ашырылат: - майыптар коому тарабынан чыгарылган товарларды сатып өткөрүүнүтендердик сатуунун жол-жоболорун колдонбостон, алар тарабынан чыгарыл-ган продукцияларга жана товарларга милдеттүү, өтө ыњгайлуу мамлекеттикзаказды жайгаштыруу жолу менен аларды өндүрүүнүн натыйжалуулугунажетүүнү камсыз кылуу; - майыптарды жана алардын үй-бүлөлөрүн социалдык жактан коргоонукамсыз кылуу; - майыптарды кесиптик ишке орноштурууну камсыз кылуу; - жакырчылыктан чыгуунун улуттук программаларынын стратегиясын ат-каруу; - мамлекеттик мекемелер менен ведомстволор тарабынан сатып алуукелишиминин аткарылышынын жана сатып алуучу уюм тарабынан аткаруучуга(подрядчыга) берилүүчү милдеттенмелердин аткарылышынын кепилдигин кам-сыз кылуу; - майыптар коомдору тарабынан чыгарылуучу товарлар менен мамлекет-тик муктаждыктарды канааттандыруу, анын ичинде саламаттык сактоо, билимберүү, социалдык жактан коргоо, коомдук жана мамлекеттик коопсуздук,коргоо, пенитенциардык системаны жана жарандык коргонууну жана экономи-канын башка тармактарынын зарыл керектөөлөрүн калыптандыруу жана камсызкылуу. 3-берене. Майыптар коомдорунун товарларына заказдарды топтоштуруу жана жөнөтүүлөрдү жайгаштыруу 1. Майыптар коомдорунун товарларына болгон Кыргыз Республикасынынсубъекттеринин керектөөлөрү (мамлекеттин муктаждыктары үчүн) ушул Мый-замдын жалпы принциптерине жана жоболоруна ылайык мамлекеттик бийликоргандары тарабынан аныкталат. 2. Мамлекеттин муктаждыктарына товарларды жөнөтүүнү аткаруу жанакамсыз кылуу иштерин уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү майып-тар коомдорунун товарларына мамлекеттик муктаждыктарды жүзөгө ашыруугажоопкерчиликтүү мамлекеттик заказчыларды аныктайт жана бекитет. 3. Мамлекеттик заказчиктердин финансы булактары болуп алардын за-явкалары боюнча тиешелүү жылга керектүү товарларды жана продукциялардысатып алуу үчүн бөлүнгөн мамлекеттик бюджеттик каражаттар эсептелет. 4. Мамлекеттик муктаждыктарды камсыз кылуучу продукцияларды сатыпалуу жана жөнөтүү мамлекеттик заказчылар тарабынан сатып алуу келишим-дерин түзүү менен майыптар коомдорунун ишканаларына, уюмдарына жана ме-кемелерине жайгаштырылат. 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечими аркылуу мамлекеттикзаказдарды жайгаштыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды беки-тет. 6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же анын тапшырмасы боюнча мамле-кеттик орган ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап майыптар коомдору-нун республикалык борбордук органдарынын макулдугу менен товарлардынассортиментин, көлөмүн, баасы менен мөөнөтүн, ошондой эле мамлекеттикзаказчылар үчүн товар өндүрүүчүлөрдөн товар жана кызмат көрсөтүүнү са-тып алууга квотаны (мамлекеттик брондоо) аныктайт, заказдарды өз уба-гында жайгаштырууну жана заявкалардын чегинде аларды тандап алууну кам-сыз кылат. 4-берене. Тараптардын укугу жана милдеттери 1. Сатып алуу үчүн келишим мамлекеттин муктаждыктарын камсыз кылуубоюнча мамлекеттик заказчынын жана аткаруучунун укугун жана милдетинаныктайт жана сатып алуу жөнүндө келишимди аткаруудагы аткаруучу мененмамлекеттик заказчынын мамилелерин жөнгө салат. Сатып алуулар жөнүндө келишимде мамлекеттик заказдарды аткаруу,консультативдик жана башка жардамдарды көрсөтүү боюнча, аткаруучунунишкер чарбалык ишине кийлигишүүсүз башка жардамдарды көрсөтүү боюнчаиштердин жүрүшүнө мамлекеттик заказчы тарабынан контролдук кылуу кара-лышы мүмкүн. 2. Сатып алуулар жөнүндө келишим боюнча жөнөтүлүүчү товар бул ке-лишимде белгиленген өзгөчө шарттардын жана мамлекеттик стандарттардынмилдеттүү түрдөгү талабына дал келиши керек. Милдеттүүлүккө калктын жашоосун жана саламаттыгын, анын айла-на-чөйрөгө болгон коопсуздугун, товарлардын бири-бирине айкалышуусунжана өз ара алмашуусун камсыз кылган товардын сапатына болгон талаптаркирет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, милдеттүү түрдө серти-фикацияланууга тийиш болгон жөнөтүү келишимдери боюнча жөнөтүлүүчү то-варда, ага ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген же таанылган серти-фикаты жана ылайыктуу белгиси болуш керек. 3. Жөнөтүү жөнүндөгү келишимдин негизи болгон товарларды өндүрүүнүколдоо максатында тараптардын макулдашуусу боюнча, сатып алуучу уюм ке-лечекте жөнөтүүнүн эсебинен чийки заттарды жана материалдарды сатыпалуу үчүн, мамлекеттик заказдын көлөмүнүн 50 пайызынан кем эмес өлчөмүнжөнөтүүчүгө алдын ала төлөп берет. 5-берене. Майыптар коомдорунун товарларын жөнөтүү келишимдерин аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик 1. Сатып алуулар жөнүндөгү келишимде каралган милдеттенмелерди та-раптардын бири аткарбаганда же тийиштүү дењгээлде аткарбаган учурда бултарап: - мындан тарткан чыгымдарды экинчи тарапка төлөп берет; - аткаруу жөнүндө келишимге ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарында каралган башка жоопкерчиликти тартат. 2. Сатып алуу келишимдерин түзүүдө, өзгөртүүдө, токтотууда жанааткарууда, ошондой эле келтирилген чыгашаларды калыбына келтирүүдө мам-лекеттик заказчы менен аткаруучунун ортосундагы келип чыккан талаштармыйзамдарда белгиленген тартипте сот тарабынан каралат. 6-берене. Жөнгө салуунун предмети 1. Ушул Мыйзам майыптар коомдору тарабынан чыгарылган товарлардымамлекеттик заказ катары мамлекеттик каражаттардын эсебинен мамлекеттикзаказчылардын сатып алуусунда колдонулат. Майыптар коомдорунун товарла-рын сатып алуу жол-жобосуна карама-каршы келген "Мамлекеттик сатып алу-улар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору ушул мыйзамбоюнча колдонулушу мүмкүн эмес. 2. Мамлекеттик заказчылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же мамле-кеттик органы тарабынан мамлекеттик заказдардын тизмесине киргизилгентоварлардын ассортиментин, биринчи кезекте, майыптар коомдорунан сатыпалууга милдеттүү. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик заказды аткаруу иши-нин жүрүшүн катуу контролго алат. Республикага ташып келинген товарлар-дын түрлөрүнө, аларга керектөөчүлүк товар өндүрүүчүлөр-майыптар коомуаркылуу канааттандырылса, республикалык же жергиликтүү бюджеттин кара-жаттарынын эсебинен мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлбөйт. 4. Майыптар коому тарабынан майыптарды социалдык тиричилик жактанреабилитациялоо үчүн сатып алынуучу жана аларды иш менен камсыздандыруумаселелерин чечүүгө багытталган товарлар тендердик иш чараларсыз сатыпалынат. 7-берене. Ушул мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби Ушул Мыйзам расмий жарыялангандан кийин 10 күн өткөндө күчүнө ки-рет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев