КР 2012-жылдын 22-февралындагы № 7 Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүн жоготот Бишкек шаары2009-жылдын 11-майы № 154 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө Ушул Мыйзам экономика чөйрөсүндө коомдук мааниси бар милдеттердичечүүдө мамлекет менен бизнестин ортосундагы өз ара мамилелердин укук-тук негиздерин аныктайт. 1-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк - инвестициялык мамилелер жагында мам-лекет менен жеке өнөктөштүн ортосундагы орто- жана узак мөөнөттүү өзара пайдалуу кызматташтык. 2-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптери Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк төмөнкү принциптерге негизделет: - мыйзамдуулук; - өз ара пайдалуу кызматташтык; - инвестициялык долбоорлорду башкаруунун натыйжалуулугу жана ачык-тыгы; - ыктыярдуу катышуу; - ак ниеттүүлүк; - милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуунун реалдуулугу; - укукту жана милдеттенмелерди белгилөөдө өз ара мамиле; - мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө катышууга бирдей жеткиликтүүлүк. 3-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзам Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзам ушул Мыйзамдан жанаКыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат. 4-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө демилгечилер 1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө демилге Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнө, аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарына, жеке жанаюридикалык жактарга таандык. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, аткаруу бийлигинин жергиликтүүоргандары инвестициялык долбоорлордун тизмесин аныктайт жана берилетурган мамлекеттик кепилдиктерди көрсөтүү менен конкурстук негизде алдолбоорлорду жүзөгө ашырууга катышууга жеке жана юридикалык жактардычакыруу менен алар жөнүндө маалыматты жарыялайт. 3. Жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ат-каруу бийлигинин жергиликтүү органдары менен тикелей сүйлөшүү жолу ме-нен мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө демилгечи катары чыгууга укуктуу. 5-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү жүзөгө ашыруунун түрлөрү Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү жүзөгө ашыруунун түрлөрү мамлекет-тик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун тартибинде жана шарттарындааныкталат. 6-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу 1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү жана/же аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдары мененжеке, юридикалык жактын ортосунда конкурстук тандоонун натыйжасы боюнчаже тикелей сүйлөшүүлөр аркылуу түзүлүшү мүмкүн. Конкурстук тандоонунжана тикелей сүйлөшүүлөрдүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тара-бынан аныкталат. 2. Кыргыз Республикасынын аймагында жана/же андан тышкары жерлердеинвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашырууга карата колдонулган анын та-раптарынын өз ара укуктары жана милдеттенмелери мамлекеттик-жекеөнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун предмети болуп саналат. 3. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу түзгөн жеке жеюридикалык жактар жеке өнөктөш деп таанылат. 4. Макулдашуу, эгерде анын текстинде ал ушул Мыйзамга ылайыктүзүлгөн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу болуп саналатургандыгы тикелей көрсөтүлгөн учурда гана, мамлекеттик-жеке өнөктөштүкжөнүндө макулдашууга кирет. Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтарабынан каралган тартипте түзүлөт. 5. Жеке өнөктөш тарабынан утурлама мүлктүк милдеттенмелерди кабылалбастан өзү үчүн экономикалык мүнөздөгү бир тараптуу пайданы камсызкылган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну түзүүгө жол бе-рилбейт. 6. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу ошол макулдашуу-да каралган милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүкжөнүндө макулдашууда тараптын же тараптардын катышуусу менен бир же бирнече юридикалык жактарды түзүүнү карашы мүмкүн. 7-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктөгү мамлекеттик кепилдиктердин түрлөрү 1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүдөй ке-пилдиктер берилиши мүмкүн: - Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинде каралган бажы алымдарынжана жыйымдарын төлөөнүн өзгөчө тартибин колдонуу; - Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган өзгөчө салыкрежимин колдонуу. 2. Өкмөт, аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдары тарабынан ушулМыйзамдын 8-беренесинин 2-бөлүгүнүн жобосун эске алуу менен башка ке-пилдиктер да берилиши мүмкүн. 8-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун тараптарынын укуктук мамилелеринин өзгөчөлүктөрү 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, улуттук коопсуздук,саламаттыкты сактоо жана курчап турган чөйрөнү коргоо маселелери мененбайланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан тышкары Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр же толуктоолор киргизилген учурдажеке өнөктөштөр мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу күчүндөтурган бүткүл мөөнөт ичинде алар үчүн кыйла жагымдуу шартты тандап алу-уга укуктуу. 2. Өкмөт жана/же аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдары мамле-кеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун шарттары боюнча укуктукмамилелерди жөнгө салуу боюнча төмөнкү мыйзамдардын чегинде каралганданбашкача милдеттенмелерди өзүнө албайт: - укук тартибин жана коомдук коопсуздукту коргоо жөнүндө; - мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө; - жер, жаратылыш ресурстары жана жаратылышты коргоо жөнүндө; - жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө; - калктын санитардык-эпидемиологиялык тазалыгы жөнүндө; - коргонуу, мобилизациялык даярдык жана мобилизациялык ресурстаржөнүндө. Өкмөттүн жана/же аткаруу бийлигинин жергиликтүү органынын милдет-тенмелери эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасы өзүнөалган милдеттенмелерге карама-каршы келбеши керек. 3. Өкмөттүн, аткаруу бийлигинин жергиликтүү органынын мамлекет-тик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун чегинде өндүрүлгөн товарларды(иш, кызмат көрсөтүүнү) сатып өткөрүүгө катышуусунун шарттары, ошондойэле тийиштүү товарларды (иш, кызмат көрсөтүүнү) керектөөчүлөрдүн алдын-дагы, ошондой эле жеке өнөктөштүн контрагенттеринин алдындагы жоопкер-чилиги мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу менен аныкталат. 4. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну жүзөгө ашыруу-нун чегинде байкоочулар кењешин түзүү каралган, анын иш тартиби тарап-тардын макулдашуусу боюнча аныкталат. 5. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн чегинде долбоорду жүзөгө ашырууменен байланышкан иш ар жылы тышкы аудиттен өткөрүлөт. 6. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун шарттары бо-юнча акча каражаттарын төгүү (төлөө) боюнча Өкмөттүн, аткаруу бийлиги-нин жергиликтүү органынын милдеттенмелерин камсыз кылган каражаттар ти-йиштүү жылга мамлекеттик бюджетте жана кийинки эки жылга божомолдоодокаралууга тийиш. 9-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды түзүү тууралу маалыматтарды жайгаштыруу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу түзүлгөн күндөнтартып жыйырма күндүн ичинде Өкмөт, аткаруу бийлигинин жергиликтүү ор-ганы өзүнүн расмий интернет-сайтына түзүлгөн макулдашуу жөнүндө маалы-матты жана анын толук текстин, анын ичинде макулдашуунун бөлүгү болупсаналган бардык тиркемелерди жайгаштырат жана жалпыга маалымдоо кара-жаттарына берет. 10-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун колдонулушунун шарты Макулдашуунун мөөнөтү, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кир-гизүүнүн тартиби, ошондой эле аны токтотуунун шарттары мамлекеттик-жекеөнөктөштүк жөнүндө макулдашуу менен аныкталат. 11-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу боюнча талаштарды чечүү Эгерде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууда башкачакаралбаса, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында тараптардын орто-сунда келип чыккан талаштар Кыргыз Республикасынын сот органдарында жебейтарап соттордо же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эларалык коммерциялык (бейтарап) сотторго кайрылуу жолу менен чечилүүгөтийиш. 12-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев 2009-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган