Бишкек шаары2009-жылдын 17-февралы N 50 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2008-жылы 10-октябрда Бишкек шаарында кол коюлган мамлекеттик коргоого алына турган адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Көз карандысыз мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өз ара аракеттениши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу 1-берене. 2008-жылы 10-октябрда Бишкек шаарында кол коюлган мамлекеттик кор-гоого алына турган адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Көз ка-рандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өз арааракеттениши жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуу-нун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыр-гыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө КМШнын Аткаруу комитетине бил-дирсин. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев 2009-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган