Бишкек шаары2009-жылдын 20-февралы N 55 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Америка Кошмо Штаттарынын Элчилигинин 2001-жылдын 4-декабрындагы N 542 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жооп нотасын денонсациялоо жөнүндө 1-берене. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинин 1-пунктунун22-пунктчасына, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине жана "Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын 130-беренесине ылайык, чогуу алганда Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулда-шууну түзүүчү Америка Кошмо Штаттарынын Элчилигинин 2001-жылдын 4-де-кабрындагы N 542 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрли-гинин жооп нотасы денонсациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Мыйзамдын1-беренесинде аталган Макулдашуу денонсациялангандыгы жөнүндө АмерикаКошмо Штаттарынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте билдирилсин. 3-берене. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев 2009-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган