Бишкек шаары2009-жылдын 24-февралы N 64 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында аскер-экономикалык кызматташуунун жүрүшүндө алынган жана пайдаланылган интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарына укуктарды өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө 1-берене. Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган Жамааттыккоопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун алкагында аскер-экономикалык кызмат-ташуунун жүрүшүндө алынган жана пайдаланылган интеллектуалдык иш-мердүүлүктүн жыйынтыктарына укуктарды өз ара коргоо жөнүндө Макулдашууратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуз-дук жөнүндө Келишим Уюмунун Секретариатына Кыргыз Республикасы Макулда-шуу күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткар-ганы жөнүндө билдирсин. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев 2009-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган