Бишкек шаары2009-жылдын 25-февралы N 66 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Ашхабад шаарында 2007-жылдын 22-ноябрында кол коюлган 1995-жылдын 10-февралындагы текшерүү жана метрологиялык аттестациялоо максатында алып өтүлүүчү ченемдик документтерди, эталондорду, өлчөө каражаттарын жана стандарттык үлгүлөрдү алып өткөндүк үчүн бажылык алымдарды, салыктарды төлөөдөн бошотуу жана атайын уруксаттарды берүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу Протоколду ратификациялоо жөнүндө 1-берене. Ашхабад шаарында 2007-жылдын 22-ноябрында кол коюлган 1995-жылдын10-февралындагы текшерүү жана метрологиялык аттестациялоо максатындаалып өтүлүүчү ченемдик документтерди, эталондорду өлчөө каражаттарынжана стандарттык үлгүлөрдү алып өткөндүк үчүн бажылык алымдарды, салык-тарды төлөөдөн бошотуу жана атайын уруксаттарды берүү жөнүндө макулда-шууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу Протокол ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдункүчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду КыргызРеспубликасы аткаргандыгы жөнүндө Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шерик-тештигинин Аткаруу комитетине билдирсин. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев 2009-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган