Бишкек шаары2009-жылдын 6-февралы N 38 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2008-жылдын 15-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Литва Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу 1-берене. Бишкек шаарында 2008-жылдын 15-майында кол коюлган Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү менен Литва Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Ин-вестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуукүчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду КыргызРеспубликасынын аткаргандыгы жөнүндө литвалык тарапка билдирсин. 3-берене. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев 2008-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган