Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 26-майы № 166
Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө
(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99, 2019-жылдын 16-январындагы № 7, 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 49, 2023-жылдын 25-январындагы №11 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун өнүктүрүүдө жакшы натыйжаларга жетишүү үчүн жарандардын, юридикалык жактардын, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы укуктук мамилелерди белгилейт.
1-берене. Экономиканын агроазыктүлүк секторун өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамилелерди укуктук жөнгө салуу
Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын укуктук жөнгө салуу ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
Ушул Мыйзам калкты азык-түлүк менен, өнөр жайды сырье менен камсыз кылуу жана тийиштүү түрдө республиканын региондорун туруктуу өнүктүрүү максатында айылдык товар өндүрүүчүлөр менен мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы мамилелерин жөнгө салат, айыл чарбаны өнүктүрүү жана айыл чарба продукциясын өндүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик социалдык-экономикалык саясатты жүзөгө ашыруунун укуктук негиздерин белгилейт.
2-берене. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк сектору - жеке көмөкчү чарба жүргүзгөн, ошондой эле айыл чарбасынын (дыйканчылыктын, мал чарбасынын, айбанаттар чарбасынын, канаттуулар чарбасынын, балчылыктын) жана балык чарбасынын, агротокой чарбасынын продукцияларын өндүрүүчү (өстүрүүчү) жана кайра иштетүүчү юридикалык жана жеке жактардын, ошондой эле жарандардын, анын ичинде айыл чарба (агроазыктүлүк), илимий-техникалык кызматтарды көрсөтүүлөрдү жана коргонуунун биологиялык каражаттарын колдонуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын экономикалык иштеринин түрлөрүнүн жыйындысы;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик айыл чарба (агроазыктүлүк) программасы - Кыргыз Республикасынын агроазыктүлүк рыногун жөнгө салуучу айыл, суу чарбаларын, агротокойчулукту жана балыкчылыкты өнүктүрүүнүн жана финансылык жана материалдык-техникалык ресурстарды жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик агроазыктүлүк саясатын үч жылдык мөөнөткө жүзөгө ашыруунун механизмдерин аныктоонун негизги багыттары;
айыл чарба (агроазыктүлүк) товарларын өндүрүүчү - жеке көмөкчү чарба жүргүзүшкөн, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык чарбакер субъект деп таанылган, айыл чарбасынын, балыкчылыктын, агротокойчулуктун продукцияларын жана аны иштетүүдөн алынуучу продуктуларды жана азык-түлүк товарларды өндүрүүчү жеке же юридикалык жактар;
айыл чарбалык, сервистик жана башка кызматтарды көрсөтүүчү уюмдар - илимий-техникалык, маалыматтык, маркетингдик, консультациялык, агротехникалык, агрохимиялык, зооветеринардык, соодалык кызматтарды көрсөтүүчү, ошондой эле сугат суусун берүү, коргонуунун биологиялык каражаттарын колдонуу, айыл чарбасынын, балыкчылыктын, агротокойчулуктун продукцияларын, сырьену жана азык-түлүктү сактоо жана ташуу, агроазыктүлүк товарларды өндүрүү үчүн керектүү материалдык-техникалык ресурстарды берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүчү уюмдар;
Кыргыз Республикасынын агроазыктүлүк рыногу - айыл чарбасынын, балыкчылыктын, агротокойчулуктун продукцияларын, сырьену жана азык-түлүктү, ошондой эле агроазыктүлүк товарларды жана продукцияларды өндүрүү үчүн керектүү материалдык-техникалык ресурстарды жүгүртүү;
Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторунун өнүгүүсү жөнүндө отчет - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик айыл чарба (агроазыктүлүк) программасынын өткөн жылда жүзөгө ашырылышы, алдыдагы жылга милдеттер жана жүзөгө ашыруу механизми жөнүндө ар жылдык маалыматтык-аналитикалык материал;
сатып алуу жана товардык интервенция - ички агроазыктүлүк рыногунда анын ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарына турукташышы жана калктын агроазыктүлүк продукциясына болгон керектөөсүн канааттандыруу үчүн товардык операцияларды жүзөгө ашыруу;
айыл чарбасынын прогрессивдүү инновациялык технологиялары - илимий изилдөөлөрдүн жана алдыңкы өндүрүштүк тажырыйбанын натыйжаларын пайдалануунун негизинде айыл чарба өндүрүшүнүн жаңы, жакшыртылган уюмун түзүү боюнча ырааттуу жүзөгө ашырылуучу аракеттердин жыйындысы;
жеке тажрыйба - агроөнөржай комплекси системаларынын мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринен тышкары жарандардын, ишканалардын жана уюмдардын жеке каражаттарынын эсебинен түзүлгөн келишимдерге ылайык айыл чарба кызматтарын көрсөтүү боюнча иштин түрү.
(КР 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 49, 2023-жылдын 25-январындагы №11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары жана милдеттери
1. Ушул Мыйзамдын максаттары төмөнкүдөй:
1) мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторунун туруктуу экономикалык жана социалдык өнүгүүсүн камсыз кылуу;
3) атаандаштыкка жарактуу айыл чарба продукциясын жана аны иштетүүдөн алынуучу продуктуларды өндүрүүнү экономикалык жана илимий жактан колдоо үчүн шарттарды түзүү;
4) айыл жеринде социалдык жана башка инфраструктураны өнүктүрүү жана айылдык калктын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.
2. Ушул Мыйзамда белгиленген максаттарга төмөнкүдөй маселелерди жүзөгө ашыруунун эсебинен жетишилет:
1) агроөнөржай комплексинде кредит берүүнү өнүктүрүү;
2) сатып алуу операцияларын жана товардык интервенцияларды жүргүзүү;
3) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторунун товарларынын экспортун жана импортун жөнгө салуу;
4) агроөнөржай комплексин техникалык жабдуу жана прогрессивдүү инновациялык технологияларды киргизүү;
5) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторуна инвестицияларды тартуу;
6) ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу;
7) салыктык, бюджеттик, бажылык-тарифтик, техникалык жөнгө салуу чараларын колдонуу;
8) агроөнөржай комплексин маалыматтык-маркетингдик камсыз кылууну уюштуруу;
9) агроөнөржай комплекси үчүн илимий, нормативдик-методикалык жактан камсыз кылуу жана кадрларды даярдоо.

4-берене. Ушул Мыйзамды жүзөгө ашыруунун принциптери
Ушул Мыйзамды жүзөгө ашыруу төмөнкүдөй принциптерге ылайык камсыз кылынат:
1) айыл чарба, санитардык жана фитосанитардык нормалар боюнча эл аралык талаптарга ылайыктуулук;
2) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторунда мамлекет жүргүзүүчү иш-чаралардын ачык-айкындыгы;
3) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү чараларынын жеткиликтүүлүгү жана даректүүлүгү;
4) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоонун ар жылдык керектүү көлөмүн камсыз кылуу;
5) айыл чарба продукциясын өндүрүүчү, аны иштетүүчү жана тийиштүү кызматтарды көрсөтүүчү айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн кредиттик ресурстардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
6) айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн рыногунун бирдиктүүлүгү жана бул рынокто атаандаштык үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу;
7) Кыргыз Республикасынын экономикасынын ата мекендик агроазыктүлүк секторунун атаандаштыктагы артыкчылыктарын жана ички рыноктун карасанатай атаандаштыктан корголушун өнүктүрүү;
8) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторунун ишиндеги экологиялык коопсуздук;
9) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторунун чөйрөсүндө илимий-изилдөө уюмдары жана коомдук бирикмелер, ишкерлердин ассоциациялары (кошуундары) менен өз ара байланышта иштөө.
5-берене. Агроазыктүлук рынокторун мамлекеттик жөнгө салуу
1. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ата мекендик айыл чарбалык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында агроазыктүлүк рынокторун мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
1) мамлекеттик сатып алууну жана товардык интервенцияларды жүргүзүү;
2) Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык иш жөнүндө мыйзамдарына ылайык бажылык-тарифтик, тарифтик эмес жөнгө салуу ыкмалары менен ички рынокту коргоо;
3) агроөнөржай комплекси системасында жеке тажрыйбаны жүзөгө ашыруу.
2. Мамлекеттик сатып алууну жана товардык интервенцияларды жүзөгө ашыруунун тартибин жана көлөмүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
3. Агроөнөржай комплекси системасында жеке тажрыйбаны жүзөгө ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

6-берене. Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторуна кредит берүү
1. Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторуна кредит берүү төмөнкүдөй багыттар боюнча жүзөгө ашырылат:
1) айыл чарба продукциясын өндүрүүгө;
2) айыл чарба өндүрүшүнүн инфраструктурасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө;
3) айыл чарбалык техниканын жана технологиялык жабдуунун лизингине;
4) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторуна кредит берүүнү жүзөгө ашыруучу кредиттик шериктештиктерди (кошуундарды) уюштурууга жана аларга кредит берүүгө;
5) айыл чарба продукциясын сатып алууга, өндүрүүгө, кайра иштетүүгө жана сатууга.
2. Айыл чарбасынын (дыйканчылыктын, мал чарбасынын, канаттуулар чарбасынын, балчылыктын), балык чарбасынын продукциясын өндүрүүчүлөргө жана аны кайра иштетүүгө жеңилдетилген кредит берүү жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүзөгө ашырылат.
Жеңилдетилген кредит берүүнүн механизмдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат.
(КР 2019-жылдын 16-январындагы № 7, 2023-жылдын 25-январындагы №11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу
1. Ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын ветеринария, химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Агроазыктүлүк продукциясынын сапатынын жана коопсуздугунун эл аралык талаптарга ылайыктыгын камсыз кылуу максатында төмөнкүдөй иш-чаралар жүзөгө ашырылат:
1) Кыргыз Республикасынын текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө мыйзамдарына ылайык ветеринардык жана фитосанитардык контроль жүргүзүү;
2) жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын алдын алуу, аныктоо жана жоюу;
3) Кыргыз Республикасынын аймагын коргоого жана жаныбарлар жана адам үчүн жалпы оорулардын таралышына жол бербөөгө арналган ветеринардык иш-чаралар;
4) зыяндуу жана өзгөчө коркунучтуу зыяндуу организмдердин таралышын болтурбоого, Кыргыз Республикасынын аймагын карантиндик объекттерден коргоого, ошондой эле алардын таралуу очокторун аныктоого, бөгөт коюуга жана жоюуга багытталган фитосанитардык иш-чаралар.
(КР 2023-жылдын 25-январындагы № 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун техникалык камсыз кылуу жана прогрессивдүү инновациялык технологияларды киргизүү
Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун техникалык камсыз кылуу жана прогрессивдүү инновациялык технологияларды киргизүү төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:
1) машина-трактор паркын жана технологиялык жабдууну жаңыртууну уюштуруу;
2) айыл чарбалык техниканы жана шаймандарды тейлөө боюнча сервистик борборлордун тармагын өнүктүрүү;
3) ата мекендик жана чет өлкөлөрдө чыгарылган айыл чарба техникасына жана жабдууларга сыноо жүргүзүү жана милдеттүү сертификациялоо;
4) мамлекеттик техникалык инспекцияны жүзөгө ашыруу;
5) айыл чарба жана сервистик кооперативдерди, соода-логистикалык борборлорду, мал союу цехтерин өнүктүрүүнүн уюштуруу-башкаруу усулдары;
6) кластердик өндүрүштү, тамчылатып сугаруу системаларын жана күнөскана чарбасын өнүктүрүүнүн технологиялык-өндүрүштүк усулдары;
7) "жашыл экономика" принциптерин жүзөгө ашыруунун экономикалык усулдары;
8) органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүнүн, өсүмдүктөрдү коргоонун биологиялык каражаттарын жана биоорганикалык жер семирткичтерди өндүрүүнү колдоонун, айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын түшүмдүүлүгүн сактоонун жана жогорулатуунун экологиялык усулдары;
9) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун, гибриддерин, айыл чарба жаныбарларынын жаңы породаларын, типтерин жана кроссторун чыгаруунун, мал чарбасында маркердик жана геномдук селекцияны жүзөгө ашыруунун селекциялык-генетикалык усулдары.
(КР 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-берене. Мамлекеттик колдоонун негизги багыттары
1. Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик колдоонун негизги багыттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) айыл чарбалык товар өндүрүүчүлөрдүн, уюмдардын финансылык жана материалдык-техникалык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу, айыл чарбалык, сервистик жана башка кызмат көрсөтүүчү финансылык-кредиттик инфраструктураны түзүү;
2) айыл чарба (агроазыктүлүк) продукциясын өндүрүүдө, иштетүүдө, сактоодо, ташууда жана өткөрүүдө тобокелдикти камсыздандыруу системасын өнүктүрүү;
3) негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөн чарбасын өнүктүрүү;
4) айыл чарба жаныбарларынын жана канаттуулардын, ошондой эле аарычылыкта жана балык чарбасында асыл тукум ишин өнүктүрүү;
5) зооветеринардык кызмат көрсөтүү системасын өнүктүрүү жана айыл чарбалык жаныбарлардын жана канаттуулардын, ошондой эле аарылардын жана балыктардын ден соолугун сактоону камсыз кылуу;
6) өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды коргоонун биологиялык каражаттарын өндүрүү;
7) сугат суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн системасын өнүктүрүү;
8) суу чарба курулмаларын куруу;
9) жаңы жерлерди өздөштүрүү жана пайдаланылып жаткан жерлерди мелиорациялык жактан жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
10) айыл чарба багытындагы жерлердин түшүмдүүлүгүн сактоо, калыбына келтирүү жана көбөйтүү боюнча иш-чараларды, ошондой эле кыртыштын деградациясынын күчөшүнө бөгөт коюучу иш-чараларды жүргүзүү;
11) жайыттарды жана жайыт инфраструктурасынын объекттерин өнүктүрүү;
12) мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында айыл чарба (агроазыктүлүк) продукциясын өндүрүү;
13) айыл чарба продукциясын жана аны иштетүүдөн алынуучу продуктуларды өндүрүүнү, кайра иштетүүнү, сактоону, ташууну, сатууну камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү инфраструктураны өнүктүрүү;
14) айыл чарба (агроазыктүлүк) товарын өндүрүүчүлөрдүн, уюмдардын, ошондой эле айыл чарбалык, сервистик жана башка кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын негизги каражаттарын жаңылоо;
15) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк сектору үчүн илимий-изилдөөчү, тажрыйбалык-конструктордук жана инновациялык жумуштарды аткаруу;
16) үрөнчүлүктү жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана жаныбарларынын селекциясын, асыл тукум иштерин өнүктүрүү боюнча, азык-түлүк продуктуларды өндүрүүнүн, кайра иштетүүнүн жана сарамжалдуу пайдалануунун технологияларын өркүндөтүү боюнча илимий-изилдөөчү программаларды каржылоо;
17) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик айыл чарба (агроазыктүлүк) программасынын жүзөгө ашырылышын маалыматтык-консультациялык камсыз кылуу;
18) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун кадрлар менен камсыз кылуу;
19) айыл чарбасынын (дыйканчылыктын, мал чарбасынын, канаттуулар чарбасынын, балчылыктын), балык чарбасынын продукциясын өндүрүүчүлөрдү жана аны кайра иштетүүнү жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыз кылуу;
20) өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин системасын өнүктүрүү.
21) айыл чарбалык консультациялык кызматтарды көрсөтүү тармагын түзүү.
2. Айыл чарба (агроазыктүлүк) товарын өндүрүүчүлөргө жана айыл чарбалык, сервистик жана башка кызмат көрсөтүүчү уюмдарга региондордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыккан мамлекеттик колдоо программасынын иш-чаралары аткаруу бийлигинин бардык деңгээлдердеги мамлекеттик органдары, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Айыл чарба (агроазыктүлүк) товарын өндүрүүчүлөргө жана айыл чарбалык, сервистик жана башка кызматтарды көрсөтүүчү уюмдарга жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын берүүнүн тартибин жана көлөмүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныкташат.
4. Айыл чарба (агроазыктүлүк) товарын өндүрүүчүлөргө жана айыл чарбалык, сервистик жана башка кызматтарды көрсөтүүчү уюмдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн кезектеги финансылык жылга карата республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган республикалык бюджеттин каражаттары ушул берененин 1-бөлүгүндө аныкталган мамлекеттик колдоо чараларын каржылоо үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каражат болгон шартта, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте берилет.
(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99, 2019-жылдын 16-январындагы № 7, 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 49, 2023-жылдын 25-январындагы № 11 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
10-берене. Мамлекеттик айыл чарба (агроазыктүлүк) программасы
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (агроазыктүлүк) программасын (мындан ары - мамлекеттик программа) Кыргыз Республикасынын бюджетинин орто мөөнөттүк божомолун иштеп чыгуу жана бекитүү үчүн белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекитет.
Мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыгуунун тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Мамлекеттик программада республиканын экономикасынын агроазыктүлүк секторун өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрү жана божомолу, максаттары, милдеттери, натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү жана алдыдагы мезгилде финансылык каражаттардын жылдар боюнча бөлүштүрүлүшүн кошуп алганда чыгаша милдеттенмелери менен кошо болууга тийиш, анын ичинде:
1) айыл чарба продукциясынын конкреттүү түрлөрүн өндүрүү үчүн айыл чарба жерлерин оптималдуу пайдалануу боюнча региондордун адистешүүсүн аныктоо;
2) сугат жерлердин мелиорациялык абалын жакшыртуу, жаңы суу чарба объекттерди куруу, машина менен сугаруу системасын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар;
3) айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жана айыл чарбалык, сервистик жана башка кызматтарды көрсөтүүчү уюмдарга мамлекеттик колдоону камсыз кылуу;
4) ветеринария, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин боюнча мамлекеттик иш-чараларды уюштуруу;
5) агроөнөржай комплекси жаатында мамлекеттер аралык экономикалык байланыштардын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, экономиканын агроазыктүлүк секторун өнүктүрүү жаатындагы эл аралык долбоорлорду жүзөгө ашыруу;
6) агроөнөржай комплексинин тармактарында техникалык регламенттерди киргизүү жана улуттук стандарттарды айкалыштыруу боюнча иш-чаралар;
7) агроөнөр жай комплекси системасын техникалык жабдуу жана прогрессивдүү инновациялык технологияларды киргизүү боюнча иш-чаралар;
8) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторунун субъекттеринин кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн экономиканын агроазыктүлүк секторуна кредит берүүчү кредиттик шериктештиктердин системасын түзүү;
9) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун маалыматтык-маркетингдик жактан камсыз кылууну уюштуруу;
10) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун илимий жактан камсыз кылуу чараларын жүзөгө ашыруу;
11) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк сектору үчүн кадрларды окутуу, даярдоо жана кайра даярдоо системасын өркүндөтүү.
3. Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун, ошондой эле мамлекеттик программаны аткарууга багытталган иш-чараларды мамлекеттик маалыматтык камсыз кылуучу системаны түзүү жана коштоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.
4. Мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруунун жыйынтыктары жөнүндө отчет Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекитет. Анын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат жыл сайын Жогорку Кеңеште угулат.
(КР 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 49, 2023-жылдын 25-январындагы № 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу же аны талаптагыдай эмес аткаруу Кыргыз Республикасынын жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
(КР 2023-жылдын 25-январындагы №11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2009-жылдын 5-июнунда № 43 жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизсин;
- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу уюштуруу чараларын чечүүгө багытталган сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизсин;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
(КР 2023-жылдын 25-январындагы № 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 26-майы № 166
Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө
(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99, 2019-жылдын 16-январындагы № 7, 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 49, 2023-жылдын 25-январындагы №11, 2026-жылдын 19-майындагы № 70
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

9) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун, гибриддерин чыгаруунун, дары өсүмдүктөрүн (валериана, теңге гүл, шалфей, шафран, ферула, аконит, арнебия, кызгылт родиола, мыя, чычырканак, ит мурун, бөрү карагат, кийик от, ромашка, сары чай чөп, лаванда) өндүрүштүн айыл чарба ыкмасы менен культивациялоонун жана өстүрүүнүн, айыл чарба жаныбарларынын жаңы породаларын, типтерин жана кроссторун чыгаруунун, мал чарбасында маркердик жана геномдук селекцияны жүзөгө ашыруунун селекциялык-генетикалык усулдары.
(КР 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 49 , 2026-жылдын 19-майындагы № 70 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
9-берене. Мамлекеттик колдоонун негизги багыттары
1. Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик колдоонун негизги багыттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) айыл чарбалык товар өндүрүүчүлөрдүн, уюмдардын финансылык жана материалдык-техникалык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу, айыл чарбалык, сервистик жана башка кызмат көрсөтүүчү финансылык-кредиттик инфраструктураны түзүү;
2) айыл чарба (агроазыктүлүк) продукциясын өндүрүүдө, иштетүүдө, сактоодо, ташууда жана өткөрүүдө тобокелдикти камсыздандыруу системасын өнүктүрүү;
3) үрөн чарбасын өнүктүрүү, айыл чарба өсүмдүктөрүн жана дары өсүмдүктөрүн өстүрүү;
4) айыл чарба жаныбарларынын жана канаттуулардын, ошондой эле аарычылыкта жана балык чарбасында асыл тукум ишин өнүктүрүү;
5) зооветеринардык кызмат көрсөтүү системасын өнүктүрүү жана айыл чарбалык жаныбарлардын жана канаттуулардын, ошондой эле аарылардын жана балыктардын ден соолугун сактоону камсыз кылуу;
6) өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды коргоонун биологиялык каражаттарын өндүрүү;
7) сугат суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн системасын өнүктүрүү;
8) суу чарба курулмаларын куруу;
9) жаңы жерлерди өздөштүрүү жана пайдаланылып жаткан жерлерди мелиорациялык жактан жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
10) айыл чарба багытындагы жерлердин түшүмдүүлүгүн сактоо, калыбына келтирүү жана көбөйтүү боюнча иш-чараларды, ошондой эле кыртыштын деградациясынын күчөшүнө бөгөт коюучу иш-чараларды жүргүзүү;
11) жайыттарды жана жайыт инфраструктурасынын объекттерин өнүктүрүү;
12) мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында айыл чарба (агроазыктүлүк) продукциясын өндүрүү;
13) айыл чарба продукциясын жана аны иштетүүдөн алынуучу продуктуларды өндүрүүнү, кайра иштетүүнү, сактоону, ташууну, сатууну камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү инфраструктураны өнүктүрүү;
14) айыл чарба (агроазыктүлүк) товарын өндүрүүчүлөрдүн, уюмдардын, ошондой эле айыл чарбалык, сервистик жана башка кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын негизги каражаттарын жаңылоо;
15) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк сектору үчүн илимий-изилдөөчү, тажрыйбалык-конструктордук жана инновациялык жумуштарды аткаруу;
16) үрөнчүлүктү жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана жаныбарларынын селекциясын, асыл тукум иштерин өнүктүрүү боюнча, азык-түлүк продуктуларды өндүрүүнүн, кайра иштетүүнүн жана сарамжалдуу пайдалануунун технологияларын өркүндөтүү боюнча илимий-изилдөөчү программаларды каржылоо;
17) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик айыл чарба (агроазыктүлүк) программасынын жүзөгө ашырылышын маалыматтык-консультациялык камсыз кылуу;
18) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун кадрлар менен камсыз кылуу;
19) айыл чарбасынын (дыйканчылыктын, мал чарбасынын, канаттуулар чарбасынын, балчылыктын), балык чарбасынын продукциясын өндүрүүчүлөрдү жана аны кайра иштетүүнү жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыз кылуу;
20) өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин системасын өнүктүрүү.
21) айыл чарбалык консультациялык кызматтарды көрсөтүү тармагын түзүү.
2. Айыл чарба (агроазыктүлүк) товарын өндүрүүчүлөргө жана айыл чарбалык, сервистик жана башка кызмат көрсөтүүчү уюмдарга региондордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыккан мамлекеттик колдоо программасынын иш-чаралары аткаруу бийлигинин бардык деңгээлдердеги мамлекеттик органдары, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Айыл чарба (агроазыктүлүк) товарын өндүрүүчүлөргө жана айыл чарбалык, сервистик жана башка кызматтарды көрсөтүүчү уюмдарга жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын берүүнүн тартибин жана көлөмүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныкташат.
4. Айыл чарба (агроазыктүлүк) товарын өндүрүүчүлөргө жана айыл чарбалык, сервистик жана башка кызматтарды көрсөтүүчү уюмдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн кезектеги финансылык жылга карата республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган республикалык бюджеттин каражаттары ушул берененин 1-бөлүгүндө аныкталган мамлекеттик колдоо чараларын каржылоо үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каражат болгон шартта, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте берилет.
(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99, 2019-жылдын 16-январындагы № 7, 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 49, 2023-жылдын 25-январындагы № 11, 2026-жылдын 19-майындагы № 70 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)