Бишкек шаары2009-жылдын 9-февралы N 42 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасына мамлекеттик кредит берүүсү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1994-жылдын 23-апрелиндеги макулдашуунун биринчи стадиясында каралган 50 (элүү) миллион кытай юаны суммасындагы өкмөттүк кредитти грантка айландыруу тууралу Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-августундагы катын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-августундагы N 10-2-1\7161 жооп катын алмашуу жолу менен түзүлгөн макулдашууну ратификациялоо жөнүндө 1-берене. Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасына мамлекеттик кредитберүүсү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республи-касынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1994-жылдын 23-апрелиндеги макулдашуунунбиринчи стадиясында каралган 50 (элүү) миллион кытай юаны суммасындагыөкмөттүк кредитти грантка айландыруу тууралу Кытай Эл РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2007-жылдын 15-августундагы катын жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2007-жылдын 15-августундагы N 10-2-1\7161 жооп катын алмашуужолу менен түзүлгөн макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кытайлык тарапкаКыргыз Республикасы жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүнкеректүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев 2008-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган