Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 203 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары 2009-жылдын 25-февралы № 69
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
(КР 2015-жылдын 2-мартындагы № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2015-жылдын 2-мартындагы № 44 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене. "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 437-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 8-статьянын 3-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "3) Адамдын жана жарандын укуктарына жана эркиндиктерине тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келиши жөнүндөгү сунуштама менен Конституциялык сотко кайрылууга;".
3-берене. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
|