Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары2009-жылдын 26-майы № 169 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө 1-берене. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" газетасы, 2005-жыл, 18-ян-варь, № 4-5) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: 26-главада: Главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "26-глава Жогорку Кењештин өкүлдөрүн коррупция менен күрөшүү боюнча улуттук кењешке сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кењешке, эсептөө палатасынын кењешине жана статистика боюнча кењешке дайындоо жана чакыртып алуу"; глава төмөнкүдөй мазмундагы 173 жана 174-беренелер менен толуктал-сын: "173-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши Коррупция менен күрөшүү бо-юнча улуттук кењештин мүчөсүн дайындайт. Коррупция менен күрөшүү боюнча улуттук кењештин курамына талапкердепутаттык фракциялар сунуштаган депутаттардын ичинен тиешелүү комитеттарабынан көрсөтүлөт жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жа-шыруун добушу менен Жогорку Кењеш тарабынан эки жылдык мөөнөткө дайын-далат. Коррупция менен күрөшүү боюнча улуттук кењештин курамына дайындал-ган депутат депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен ка-был алынган Жогорку Кењештин чечими аркылуу чакырылып алынышы мүмкүн. Коррупция менен күрөшүү боюнча улуттук кењештин мүчөсүн дайындооже бошотуу маселеси боюнча Жогорку Кењеш токтом кабыл алат. 174-берене. Статистика боюнча кењештин курамына Жогорку Кењештин өкүлү ЖогоркуКењеш менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабы-нан аныкталат.". 2-берене. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев 2009-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку тарабынан кабыл алынган