МыйзамКүчүн жоготту

КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 143 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары

2009-жылдын 30-апрели № 143

 

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

                Кыргыз Республикасынын Салык кодексине

               өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

 

                        (Кыргыз Республикасынын

               2009-жылдын 29-майындагы № 175 Мыйзамынын

                         редакциясына ылайык)

 

     2009-жылдын 30-апрелинде            Кыргыз Республикасынын Жогорку

                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган

 

     1-берене.

 

     Кыргыз Республикасынын   Салык  кодексине   ("Эркин  Тоо" гезити,

2008-жыл, 22-октябрь, №78-81) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү кирги-

зилсин:

     1. 3-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

     "3-берене. Эл аралык келишимдердин жана башка макулдашуулардын

                колдонулушу

 

     1. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белги-

ленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде Кыргыз Республика-

сынын салык  мыйзамдарында  каралгандан башка нормалар белгиленсе, ошол

эл аралык келишимдин нормалары колдонулат.

     2. Эгерде  Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү түзгөн макулдашуу Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењеши ратификациялаган болсо же Кыргыз Респуб-

ликасынын Жогорку  Кењеши  ратификациялаган  макулдашууну  аткаруу үчүн

Кыргыз Республикасынын  Жогорку  Кењешинин  тапшыруусу  боюнча түзүлсө,

Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралгандан башка нормаларды

белгилесе, анда  мындай макулдашуу менен жөнгө салынган салык мамилеле-

рине ошол макулдашуунун нормалары колдонулат.".

     2. 10-берененин  2-бөлүгү  "жеке  мүнөздөгү" деген сөздөрдөн мурда

"Эгерде бул  кодекстин  3-беренесинде  башкача каралбаса," деген сөздөр

менен толукталсын.

     (КР 2009-жылдын 29-майындагы № 175 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     2-берене.

 

     Ушул Мыйзам 2009-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев

 

     2009-жылдын 30-апрелинде            Кыргыз Республикасынын Жогорку

                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган