Загрузка документа…
КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ
Бишкек шаары
2009-жылдын 15-июну № 184
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун
негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
2009-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 10, 374-ст.) төмөнкүдөй толук-
тоо жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 21-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Кошумча финансылык ресурстарды топтоо жана аларды өлкөнүн эконо-
микасы жана бюджеттик системасы үчүн жагымсыз мезгилдерде сарамжалдуу
пайдалануу, ошондой эле социалдык маанилүү иш-чараларды финансылык жак-
тан камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Резервдик фонду тү-
зүлөт. Кыргыз Республикасынын Резервдик фондун түзүүнүн жана пайдалану-
унун тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.".
2. 34-статьянын 2-бөлүгүндөгү "жана үч жыл бою өзгөртүлбөйт" деген
сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев